повесть
Арслан Койчиев: Тагдыр жөнүндөгү ыр
“Эр өлтүрөм, болгондо да сары орустан өлтүрөм, жарактуу орустун маңдайынан жалтанбастан карпа-курп чыга калып, как төбөгө мээлеп уруп, жанын үзө чабам” деп ким ойлоптур ал заманда. “Ак падышаң кыргыздан аскер тандап алат, күргүштөтүп айдап барып, германдын маңдайына каршы кыркаар тургузуп, чуркатып урушка салат” деген кабар тараганда, караламан журт чыдабай, жапырт козголуп, ата-уулунун баарысы жарак кармап, “жык топтошуп, быкбырдай кайнаган жери – ушул” деп, элибиз Токмоктун орусуна катылды. “Мужук” деп койчу эмес белек аларды. Эси-көөнүнөн кеткис кылалы, кыштагын хан талагандай талап, короолуу үйүн өрттөп, күлүн көккө сапыралы, ошентип, жүн баш орустун баласын жергебизге экинчи басып келгис кылалы деп жүрөбүз жаман оюбузда. Кудайдын куттуу күнү ойду-тоону жаңырта “Атакелеп!” ураан чакырып, күндө төрт-беш маал удургутуп ат коёбуз. Аттын күчү менен жиреп барып, тигиндеги сары дубалдан башын анда-санда сороктотуп, андан-мындан шыкаалап жаткан орусту найзанын кыйгактуу учуна эптеп эле илип алсак, соо койбойт элек дейбиз. Мылтыктуулары көп экен, өтө жакын жуутпай, окту төбөбүздөн мөндүрдөй гана жаадырып, тосуп алышат. Жааган октон ары жиреп өтө албай айлабыз куруйт. Бир далайыбыз боо-боо түшүп кырылып, орусту жыга сая албай артка чегинебиз. Ызы-чуу түшүп, өлүктөрдү жыйнап, өлүү-тирүүбүздү такташканча эсибизди жыйып, күчүбүздү топтойбуз да, кайрадан “Атакелеп!” айкырып, күүлөнүп ат коёбуз. “Ыгын таап, катарын бузсак эле, барданкесин октогонго үлгүртпөй, куру дүрмөт калтырсак эле, шаштысын кетирип, шайын бир оодарып алсак эле, атаңгөрү, кумурсканын уюгун чачкандай чакчелекейин чыгарып, топурагын тоз кылат элек, көзү алаңдаган сакалчан мужуктун колунан кош оозун жулуп алып, короосун айланта корголото кууп, сазайын шондо берет элек” дейбиз. Же ошол муратыбызга жетпейбиз. Дубалдын артынан шыкаалап урушкан куурагыр орусуңдун мылтыгынын машасын баскылап, ок чыгарганы да эсепчоту менен болот окшобойбу, тээ алыстан кыйгуулап чапкан атчандарды чукулдатып, элүү-алтымыш кез жолотуп туруп анан так маңдайдан тарсылдатып ок жаадырат. Чалгы менен чапкандай жыгат. Тарсылдап ок атылган сайын найзасы колунан ыргыган жигиттердин ат жалын жандалбастай кучактай калып, “шалк” этип кулаганы эле көзгө көрүнөт. Канчалык куушуруп, канчалык теминип, толгой кармаган найзабызды канчалык жанталаша сунсак деле, жетпей койдук. Жалтанбай канча чапсак да жааган окту жиреп ары өтө албай, окко такалгандан ары-бери чайпалып, жар-кемерге урунган толкундай соктугабыз. Жиреп өтөбүз деп өжөрлөнгөн сайын арабыз суюлду. Адам тукумунун айкырык- кыйкырыгы, жылкы тукумунун азынапкишенегени, мылтыктын кулак тундура тарсылдаганы аралаш алай-дүлөй ала тополоңдо орустун кош оозунун кароолуна азырынча жаза тайып илине элек, ичер суусу түгөнө элек атчандар гана акырындап-акырындап кетенчиктеп, кайрале кош-кошубузга тыгылабыз. Анан кайрадан ат коёбуз, кайрале кошубузга тыгылабыз…
М… бир курдуу боз балдар, алтымыш-жетимишке жашы таяган улуу кишилер менен чогуу кошто жаткан. Кошту жайгаштырышкан жери – Шамшы суусунун жээгиндеги секиче. Урушуп чыга берген эр-азаматтар кабактары салаңдай кумсарып, сөгүнүп-сагынып, ызырына чаап келишкенде аягы-аягына тийбей тызылдап жетип барып, алдындагы зоруккан атын, колундагы жарагын ала коюп, чаалыккан немелерге күл азыгын суна калып, сураганын аткара калып, ат кошчулук кылуунун, чуркап кызмат өтөөнүн милдети коштогуларга жүктөлүү.
Токмоктун орусуна тыным бербей камалап, туш тарабынан орой чаап атканыбызда, “кызыл жоолук буунган нурманбеттин балдары эрледи, суу жагынан тийип, калааны четинен тебелетип, камыш жамынган четки үйлөргө өрт коюшту” деген кабар угулду. Каңшаары Чет-Бээжинди чапкандай эле туюлду. (Айтууда, түп аталарыбыздын ушундай жоругу болгон экен). Дем байлап, ого бетер оолугуп калдык. Тим турбай кайрадан ат койдук.
Бу жалгандагы орус аттууну ата-жотосунан бери калтырбай бир башкача богооздоно сөгүп, элчилеп жөн сөгүнбөй, журт укпаган капкайдагы кычык сөздү таап, тамтыгын калтырбай сөгүп, сакалчан мужуктун мойнун ушу сапар барчусунда сөзсүз жулуп, башын кокосунан көзөй сайып, найзасынын башына иле келчүдөй өңдөнүп, айкырып сүйлөгөн кең ийиндүү карасур кишини эмеледе М… колтугунан өзү таяп, урушка атказган. Кулагерин теминип, имерилип жоого киреринде үзөңгүсүн үзүп ийчүдөй чирене тээп, алаканын кенен жайып, көпчүлүктөн бата тилеп, “көргүлүктү гана көрсөтпөсөм элеби!” деп кекенип, урушка чындап шыгы эми ойгонгон немедей чымын-куюн кетти эле. Орустун өлүгү түгүл тирүүсүн эзели көрө элек М… аңырайып, өңгөдөн да ошол кишини аңдып калган. Айткан өнөрүн айтканындай көрсөтүп, найзасын башынан ашыра көтөрүп, сүрмө топтун ичинен суурулуп чыгар маалын аңдыйт. Кара аламан уруштан көзүн айрыбай, кулагер бууданды издейт, кулагер бууданды алкынта минген ошол баатырды сыдыра издеп, жолун карайт. Аңгычакты атчандардын калың тобу кара түтүн асманга уюлгуган тушка көбүрөөк ыктап калышканын байкады. Керээли-кечке туш келди чайкалып жүрүшүп, чабыштын ыгын эми келтиришкенсип, ошол тушка ыктай беришти, ыктай беришти. Алар чулгаган сайын үйлөрдүн жалбырттап өрттөнгөнү, коюу кара түтүндүн асмандап уюлгуганы күчөдү.