Абдылдажан Акматалиев
Арслан Койчиевдин мистикасы жана реализми

Эгемендүү мезгилден кийин китеп рыногуна эмне деген гана чыгармалар жайнап чыга келди. Алардын эстетикалык салмагы барбы, адабий чыгармага жатабы же жокпу деп суроо салып талдап берүү жагы дагы бир топ кыйындады. Себеби, ал чыгармалардын көбү сын көтөрө алчу деңгээлден алыс эле. Окурмандар кайсы чыгармалардын көркөм-эстетикалык деңгээли бар, кайсы чыгармаларды окуш керек экендигин билбей калышты. “Тарыхый роман” деген жанрдык аныктама менен жарык көргөн китептердин саны эле жүздөн ашып кетти деп эсептеп жүрүшөт. Ал эми башка жанрдык, тематикалык багыттагы аңгеме, повест жыйнактары деле “тарыхый роман” дегендерден кем калбайт. Адабиятчы адистердин деле алардын баарын окушка чама-чаркы жетишпей келет.
Арслан Койчиев – адабият астанасын түз эле романдык чыгарма менен, б.а. “Мисмилдирик” (“Беделдеги каргыш”) аттуу романы менен аттады. Кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган бул роман окурмандар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды. 1916-жылга арналган кыргыз адабиятында поэмалардан тартып ыр менен жазылган романдар, повесттер, драмалар бар. Мына ошол жоон топ адабий чыгармалардын соңунда жазылган А.Койчиевдин романы сюжет куруу, окуяны жандуу, элестүү баяндоо, тилдик байлыктарды эркин, ыктуу пайдалануу жагы менен улуттук адабиятыбызга таланттуу, келечектүү калемгердин келгендигин кабарлады. Улуу үркүн-көтөрүлүш темасы дагы бир таланттуу чыгарма менен толукталды. Анын бул чыгармасын атактуу акын-жазуучуларыбыздын, драматургдарыбыздын чыгармалары менен салыштырып изилдөө алдыдагы милдеттердин бири деп ойлойм.
А.Койчиев “Мисмилдирик” романында “Токмокту алабыз” деген кыргыздардын ар-намысын, эр жүрөктүүлүгүн, эркиндикке умтулуусун, кан-жанын аябай күрөшкөн эрдиктерин, психологиялык-эмоционалдык ал-абалын жогорку көркөм деңгээлде сүрөттөй алган.
Романдагы башкы каармандар Камбар менен Нарбото, Нарбото менен Камбардын ортосундагы түшүнүктөрдүн карама-каршылыгы, конфликттер психологиялык жактан ынанымдуу сүрөттөлгөн. Орус төрөлөрү менен Камбар канчалык жакын ишенимдүү мамиледемин деп ойлосо да, окуянын аягында кас душмандарга айланышат. Ал эми тууганы, ага-иниси Нарбото менен турмуш-тиричиликте карама-каршы болушса да, чечүүчү кыйын учурларда бири-бирин кыя алышпайт.
Өз баласы үчүн, ата-эне бардык кыйынчылыкка, жада калса өмүрүн кыйганга да даяр эмеспи. Камбар болуштун жалгыз уулу Мукайдын өмүрүн сактап, мындан аркы тукумунун уланышына жасаган аракети табият мыйзамынын адилдигин көрсөтөт. Бул адамзатка өзгөчө тиешелүү мыйзам, өз урпактарынын келечегин ойлоо чоң жоопкерчилик, эң бир татаал драмалуу ой толгоолор менен коштолушу мүмкүн: “ал эми атасына уулунун өмүрүнүн узактыгы эмес, тукум улар эркектин эптеп өлүмдөн кутулганы эсеп болуп, Какшалдын какшал тоолорун аралап кетишин, из жашырып кетишин тилеп кала берген”. Ушул сыяктуу көрүнүштү башка адабиятка барбай эле Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повестин эске алсак эле жетиштүү болот. Орган, Мылгун, Эмрайин жаш өспүрүм Кирисктин өмүрүн сактап калуу үчүн керек болсо тамчы сууну да өздөрүнө ыраа көрүшпөйт эмеспи!
Мына ушул эпизодду жазып отурганда мага ошондой эле 1931-жылдагы мындай тарыхый бир окуя эске түштү. «1931 году огромное количество беженцев (Ат-Башинские кыргызы) перешли границу. Возмущенные тем, что у них обобществляют скот и отбирают пастбища, кыргызы, поддержанные своими китайскими собратъями, подняли восстание. Они громили пограничные посты, убивали пограничников, Эта местностъ в Ат-Башинском районе до сих пор в народной памяти сохранено как «Начальник ущелье». В результате этих действий в том году было убито 200 человек с пулеметом при переходе в Китай. И толъко девятилетний мальчик Курманакун чудом остался жив. Отец Курманакуна обнял крепко сына, и сказал ему, чтобы он не шевелънулся, после этого малъчик потерял сознание от пулеметных выстрелов. А когда пришел в себя, слышит, как будто журчит река, а это была не речная вода, а человеческая кровь. Отец и все остальные беженцы уже были мертвыми, В народной памяти это событие сохранено под названием «Акчубакское восстание» (Абдрахманов Т.А., Абдалиева Г.К. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана “Үркүндөр”. – Бишкек, 2016)