Казат АКМАТОВ
Архат
ПРОЛОГ
Аты-жыты жок бир кымындай кызматкер килейген борбор шаарга дүрбөлөң сала алабы? Албетте сала албайт! Балким, сала алаар, шашылбасаң. Албайт дейм. Кантип сала алмак эле?!
Анда эмесе угуп тур. Көрсө бу турмушта баары боло берет окшобойбу. Кызматкердин аты да, заты да, жүргөн-турганы да Жүдөмүш болчу. Шаардын статкомитетиндеги эң эле кичинекей кызмат орун ошонуку – референт. Калктын саны боюнча сектордун кичи референти.
Сектор башчысына кирем деп Жүдөмүш үч жолу каалганы ачып обдулуп көрдү эле болгон жок: эки жолкусунда начальниги телефон менен сүйлөшүп жатыптыр, үчүнчүсүндө катуу үргүлөп отурган экен, даай албады. Бирок колтугунун астындагы томуктай жүрөгү түрсүлдөп болбойт. Кирсем эле дейт, бир билгенин айтсам эле дейт. Акыры Жүдөмүштүн да жолу болбой коёбу? Кирди!
– Кхм, – деди ал адегенде стулга коомай отуруп атып.
– Бол ымтырабай! Эмне келдиң?!
– Кхм. Шаардын калкы миллионго аз калды. Үч же эки күндө жетет ко…
– Ыя! – деп начальник чочуп кетти эле, беркинин жүрөгү оозунан ыргып кете
таштады.
– Мурдараак айтпайсыңбы, үргүлөбөй! Бол, батыраак мэрияга кат даярда!!!
Вуй атаңды!
Ошондон бир саат өтпөй борбордун мэриясында дүрбөлөң, андан кийин өкмөттүн Ак үйүндө дүрбөлөң. Газеттерге, телерадиого кулактандыруу даярдап, шаардагы төрөт үйлөрүндө чакан комиссияларды түзүп, телефон байланыш жасап, «Горздрав» деген мекемени штаб кылышып, бардыгы толгоосу мына-мына келе турган келиндерди аңдып калышты.
Көрсө, чоңдордун баары эле бул окуяны күтүп, атүгүл даярданып жүрүшкөн экен. Бирок анын болжолу кайсыл күнү болоорун тийешелүү кызматкер эскертип айтыш керек турбайбы. Дал ошонун өзү Жүдөмүш экен да! Эмнеси болсо да статкомитетинин кичи-референти борбор шаарга дүрбөлөң салды, бирок кечигип айткандыгы үчүн катуу тил укту, жумушунан куулуп кете жаздап барып араң дегенде калды окшойт.
Эртеси кечте эң биринчи звонок №3чү төрөт үйүнөн келди. Шаардын эли жапырт телеэкрандарын карап отурган. Ошончо элдин көзүнчө төрөт үйүндө түзүлгөн комиссиянын кишиси али баркырап аткан кызыл эт баланын билегиндеги бирканы карап алып аты-жөнүн трубкага кыйкырып атты. Жаңы төрөгөн келинди куттуктап атышты.
Ошентип эгемен кыргыз мамлекетинин борбору Бишкектин миллионунчу кулуну болуп шаардын күнбатышындагы, бир кезде «баскынчылар», «зордукчулар» туругу деп аталган «Бакай ата» жаңы конушунун «Семетей» көчөсүндөгү времянкада жашаган бир карапайым кыргыз жигиттин бышалак сары баласы жарыкка келди.
Телеэкранды карагандардын баары балбырап күлүп, бу жарык дүйнөгө «чү» дегенде эле олжолуу келген наристеге мээримин төгүштү, бактылуу апасынын ысымын да эстерине тутуп калышты.
Бирок эртеси күтүлбөгөн жерден эле мэриянын комиссиясынын атынан миллионунчу жаран деп телеэкрандан таптакыр башка баланын аты аталды. Муну уккандардын баары элейип калышты, бирок адаттагыдай эле эч ким мэрияга телефон чалган жок. Бир гана Жүдөмүштүн томуктай кызыл эт жүрөгү дүкүлдөп, тынбай уруп туруп алганына чыдабай начальнигине кирди эле, экинчи жолу катуу тил угуп чыкты. «Мэриянын чечимин ревизиялай турган сенсиңби!! – деп бакырды сектор башчысы. – Вуй энеңди!..»
Ошентип эне-бала №3чү төрөт үйүнөн чыгаар менен нааразы болгон туугандары, достору, коңшулары баланын жентек тоюна чогулуп отуруп мындай бүтүмгө келишти: «Төрөлбөй жатып адилетсиздикке туш болгон баланын аты «Адилет» болсун!»
Эч ким башка ат сунуш кылган жок. Болгону бир гана кошунасы келинге мындай деп күңкүлдөп койду:
– Сен тыякта уулуңду төрөп чаңырып атканда корооңо асмандан бир жарык нур түшүп турду…
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
«Атаганат! Кудайлардын,
азезилдердин жана адамдардын
жүрүм-туруму бирдей болсо кана!»
«Калачакра»
Төртүнчү күнү таң супада «Үч кудук» деп аталчу көп кабат үйдө жашагандар баланы акыры кармашты. Көздөрү киртийип, мурдунан суу агып, кеч күздөгү чыкыроондо суук жеп калган бала экен. Кебетеси тогуз же он жашта. Оң кашынын үстүндө таруудай кара калы бар. Спорттук костюмчан, кроссовкачан, баш кийими жок. Шаардын башка жагынан келген түрү бар. Неси болсо да бул чөлкөмдө жашабаган чоочун бала. Чоңдордун берген суроолорунун бирине да жооп бербей, мелтейип турду. Болгону, ким унчукса ошону кандайдыр бир сырдуу тиктеп коёт да, кайра жер карайт.