Казат АКМАТОВ

Архат

Казат АКМАТОВ

* * *

Бир жума дегенде бала араңдан зорго сасыктумоодон башын көтөрдү. Төшөгүнө тикелей отургузуп, тайэнеси жаздыктарды аркасына бийик жөлөп койду эле, Адилетке терезеден сырт көрүнүп калды.

– Менин боюм өсүп калыптыр, таене, – деди бала күтүлбөгөн жерден. Таенеси баланы тиктеп, дароо эмне деп жооп айтарын билбейт. Анткени ал небереси менен бүгүн таптакыр катуу сүйлөшсөмбү деп камданып отурган. Эгер небереси чечилип сүйлөшсө. Кыязы Адилет жанында күнү-түнү такай отурган байбичени сагынган окшойт. Бирдеме айткысы келип тургансыйт. Ошон үчүн Нуржамал байбиче аны маңдайынан сылап, каракушунан таттуу жыттагылады. Атүгүл көзүнө ысык жаш тегеретип да алды.

– Өстүң да. Сенин боюң узун. Дагы өсөсүң, каралдым.

– Киши ооруганда чоңоёт окшойт, таене. Мен чоңоюп калыпмын.

– Боюңдун узарганын айтасыңбы?

– Жок. Бүт эле чоңоюп калыптырмын.

– О, берекем десе. Ошент. Чоңойгун. Сен ансыз деле чоң жигитсиң да. Мына, буюрса быйыл бешти бүтөсүңбү? Илгери үч эле кыласты бүтүп алып элдер актип болуп кетчү. Атка минип, элди башкарып… Сен да ошондой бол. Таятаң кыйын кызматкер болчу өз кезинде. Мен саанчы болуп, ал уйперме болуп иштечү. Кудай салбасын, эзелтен берки саанчынын тукуму, сүттү көп алат деп мени депутат кылып, төшүмө орден тагышкан. Менин чоң апчем да кыйын саанчы болгон экен. Өз апам мени чүкөдөй кезимде эле сербейтип уйдун чандырына отургузуп койчу. Нечен жолу уй тээп, чака-мака, сүт-пүтүм менен томолонгом, хи-хи-хи.

Тайенеси тиши жок оозун колу менен жашырып күлүп койду.

– Уй менен сүйлөшкөндү билчү эмес белең, таене?

– Эмненин балам. Уй менен да киши сүйлөшчү беле кокуй. Сен эле бир шумдукту баштап жүрөсүң го. Бир туруп уй менен, бир туруп иттер менен сүйлөшүп.

– Кумурскалар менен, аарылар менен да сүйлөшө берем, таене. Көрүп атасың го аарылар мени чакпай артыман ээрчип алат.

– Баланын ойнун кой, каралдым. Андан көрө окууңду окусаңчы. Жалаң сенин окууңдун айынан атаң менен энең урушуп, бирин бири бычактай турган болду. Күндө ызы-чуу!

– Таене, мени оку деп кыйнабачы. Уй саашып апама жардам берейин.

– Сен да өмүр бою бок чыгарып калайын дедиңби, какмар! Жетишет! Атаң менен апаңдын чочко бакканы жетишет. Окууңду оку!

Нуржамал байбиче калчылдап кетти. Бала аны чочулай карады. Бирок таенесин дагы бир сынамак болдубу, айтору:

– Таене, окубайм, – деди атайы мелтейип.

– Окубайсыңбы?! Анда сендей какмардын барынан жогу! Тур! Бас!

Көптөн бери ар нерсеге чогулган ызасын ичине катып, көөдөнүндө бороон улуп жүргөн Нуржамал байбиче токтоно албай буркан-шаркан түшүп жиберди. Бала чочуп кетти. Үрпөйүп, боюн жыйрып, таенесине эмне деп айтаарын билбей, төшөктөн тура баштады.

– Сени биз эмнеге багып жүрөбүз, ыя?! Көзүңдүн агы менен тең айланып.., мындай экениңди билгенде… О өлүгүңдү көрөйүндүн тукуму десе! Кара жолтой какмар! Багы жок шоркелдей кызымды ого бетер шоркелдей кылдың, сен кудайбезер!

– Тайене!

– Сен туулганда эле каражолтой туулгансың! Керексиз болуп туулгансың. Сени тиги шаардагы чоңдор туулганда эле жектеген. Атыңды өчүрүп коюшкан. Туура кылыптыр! Сени элеби! Окубайсың ээ!

Өзүн жоготуп, көзү канталап, чачтары кадим жезкемпирдикиндей сапсайган Нуржамал байбиче жылаңаяк, жылаңбаш небересин бурчка камап алды.

– Таене дейм!
Нуржамал байбиче небересин тытып жок кылчудай калчылдап, арбайган манжалары менен баланы башы-көздөн, ийинден аткып-аткып алды.

– Таене дейм! Тайене!!!

Бала катуу чаңырганда гана кемпирдин сезимине бир нерсе жеткенсип, денеси селейе түштү. Сандырактап барып бурчка бүгүлдү. «Окуйсуңбу же жокпу?» Байбиченин бу сапаркы күбүрөгөнү өзүнө да угулган жок окшойт, бирок бул муунуп айтылган сөздүн каары Адилетке кандайдыр даана жетти.

– Окуюн, таяне! – деди бала тамга жабышкан тейде, сырткы эшикти көздөй жылып баратып. Таенесинин бурчтагы төрт бүгүлгөн арык денесине мындан ары эч убакта жан кирбечүдөй сезилди балага.

Дал ошол тушта Адилеттин апасы, мектепке кеткен Айзада, жүзүндө кенедей кан-сөлү жок, короосуна кирип келаткан. Ал адегенде шыйпаңдап алдынан чыккан итин таяк менен бир салды, андан соң нары короо жагына өтүп барып уйларын оңду-солду чаап-чаап жиберди. Эч качан жонуна таяк тийип көрбөгөн макулуктар онтолоп качып, бирин-бири жөөлөп, уй короонун ичи чаң-тополоңго толуп кетти.

25.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.