Казат АКМАТОВ
Архат
– Дудук немего бул! Милицияга берип салыш керек нары! – деди үйүнөн жеңил кийинип чыга калган бир аял чыйрыгып.
– Эй бала, айтпайсыңбы, каяктан келип жүрөсүң бул жака таң атпай? Эмне үчүн эл уктап атканда селкинчек тээп ойготосуң! Азыр деген саат алты, билесиңби?
– Өзү деле түшүнбөйбү, чоңоюп эле калган бала экен.
– Жо анан тиги селкинчектин үнүн кантесиң. Таш тийген иттен бетер айкырып
тимеле.
– Атың ким, ай бала?!
– Дени соо эмес мунун. Жин урган неме го, – деди баланын намысына тиймек болгон бирөө. Ошентсе бала аны жаман көзү менен бир атып алды.
– Анда эмесе жооп бербейсиңби, тултуйбай!
– …
– Кечээ, мурдагы күнү кармай албай койдук эле, кантип кууп жеттиң бу шайтанга?
– А, индюка окшоп, майтаңдап чуркай албайт экен, – деди кроссовка кийген спортсмен жигит баланы атайын ызалантып. Ошентсе бала тигини акырая карап кызарып кетти. Жооп берейин деп оозун камдап барып, бирок кайрадан унчукпай калды.
– Өзү да чын эле индюка окшоп семиз экен.
– Ха-ха-ха!
Шылдың кылып күлгөндөргө бала ызалуу көз менен айланта карады да, жинин келтирген спортсменге акырын жооп берди.
– Кхм, жер шарынын айланышына карама-каршы жүгүрбөсөм сиз мага эч убакта жете албайт болчусуз.
– Өк, эмне-эмне дедиң?! Түшүнбөй калдым. Кайра айтчы!
Тургандардын баары тең спортсмен сыяктуу эле баланын эмне дегенине түшүнө албай, таңданып калышты. – Кайра айтчы дейм!
– …
Бир подъезде жашаган эки кошуна кемпир дагы качырып ийбейли деп баланы эки жак кашатынан бекем кармап турган. Баланы колго түшүрүштө бул эки байбиченин эмгеги чын эле зор болчу.
Жалаң чиновниктер турчу төрт кабат үйлөрдөгү нечендеген квартиралар таңкы селкинчектин кыйчылдаган үнүнө жабыла кыжырланып чырак күйгүзгөнү менен сыртка жүгүрүп чыккан бир жан болгон эмес. Бирөөлөр белгисиз бейбашты «наркоман» деп, бирөөлөр «маньяк», дагы бирөөлөр «шизик» дешип жинденишип, балкондорунан башбагышты, бирок караңгыда эчкимди көрүүгө болбойт эле.
Акырында, сомодой жигиттер чыкпаган соң, ушул эки байбиче кадимкидей казатка аттанган. Ансыз да түн уйку жок чакчайып жаткан эки байбиченин бири чала аксак, экинчиси чала сокур, томпогой көз айнегинен алдын араң эле боолгоп көрчү.
Бирок алар караңгыда көзгө илешпей эрбеңдеген баланы үч күн бою тута алышпай, төртүнчү күнү дегенде стадионго машыгууга бараткан бир жаш жигитке туш болушат.
– Ананайын, тетиги бейбашты кармап берчи, – дешет алар спортсменге.
Ошентип кылмышкерди карматып алышкандан кийин эки кемпирдин мактана турган удулу келип турду эле да.
– Карагыла! Мынабул чечек экен таңертең уйкуңарды бузган! – деди томпок көз айнекчени жумушка шашып бараткандарга кабарлап. Экинчи кемпир да биринчини туурай баштады. Экөө тең жумушка чубаган тааныштарына эрдемсип атышты. Өтүп аткандар баланы таңыркай карап, кээси миссирейе тиктеп, бирок дароо эмне деп айтаарын билишпей «ай-ай-ай» дегенсип баш чайкап кетип жатты. А кээ бирлери тимеле ээгин экчеп күлүп коёт. Эки байбиченин жасаган эрдигин шашып бараткандардын эчкимиси деле таңазар албагансыйт. Адам деген ушу да! Эми эле уйкусун бузган бейбашты ичип-жеп жиберчүдөй титиреп атышты эле, эми болсо баарысы тең аны унутуп калгандай. Ырас, бир гана аял балага сөөмөйүн кезеп: «Муну милийсага тапшырыш керек», – деп өттү. Орус аял экен, чындап кыжыры келген түрү бар, баланы аячудай эмес колуна тийсе.
Акыры, эл аягы сууган сайын, баланы бекем тутуп турган эки байбиче өзүлөрү кабатыр боло баштады:
– Бу чечекти эмне кылабыз эми?
– Милийсага өткөрүш керек.
– Албайт да аларың. Акча бербесең албайт мындайларды!
Бала чыйрыгып мурдунан аккан сууга ээ боло албай жатты. Эки жеңи менен алмак-салмак сүртүнүп коёт. Өңү болсо баягыдан бетер түктүйүп чыкты.
– Экинчи теппейсиңби селкинчекти?! – деди томпок көзайнекчен байбиче балага мунапыз берчүдөй эңкейип. Бала жер карады.
Ошол кезде анын муш жүрөгү туйлап, азыр кемпирдин колунан суурулуп чыгып, жер шарынын жүрүшү менен кошо тызылдагысы келип кетти. Анда эле балага эч ким, дегеле бул жалганда бир да адам, ал түгүл таң эртеңки кроссовкачан жинди да кууп жете алмак эмес! Керек болсо бала асманга учуп да кетмек!..