Казат АКМАТОВ

Архат

Казат АКМАТОВ

– Ай, Саламат! Сыртты карачы!

– Эмне?!

– Дүбүрттөп атат.

Кулагы катураак болгондуктан Саламат дүбүрттү уккан жок. А «катын укса каңшаар угат» дегенсип, шашпай кийине баштады.

– Таштан дагы келген жокпу? – деди ал аялына.

– Түнкүсүн иштеген неме кайдан келмек эле. Чыкчы батыраак! Эмне балакет болуп атат деги!

Саламат тездеди. Бирок короосу жактагы жарыкты күйгүзсө күйбөйт. Шаңгыраган катуу сигналын басса анысы иштебейт. Короодогу итинин кенедей дабышы жок. Телефону да үзүлгөн.

– Мылтык! – деди ошондо Саламат бир шойкомду сезе аялына кыйкырып.

Айзада колуна карматкан мылтык менен бир мүнөттө сыртка жулунуп чыкты. Ай караңгы, жылдыздардын эле ыраакы шооласы үрүл-бүрүл. Короодогу уйлары арканын үзүп дүпүрөп, чочколору күркүлдөп чаң тополоң. Тооктору бир жактан чуру-чуу.

– Айт-аайт! – деп катуу кыйкырды да, Саламат асманга мылтык атып жиберди. Өзү канчалык жан кечти болсо да, малкороого кирип бара албай тартынат. Аңгыча дабыр-дүбүр караандар качып кете баштады. Уурулар экени даана болду. Саламат короосунун тээ алыс бурчу жакты көздөп туруп дагы бир заң эткирди. Мылтык туз менен октолгон болчу.

Түнкү каракчылардын кылганы таңата гана көзгө көрүндү. Ошол кезде ойгонуп турган Адилет да жылаңаяк-жылаңбаш атасынын жанына келип калган. Эки уй мууздалган экен. Биринин эки саны, эки колу жок. Айкүнүнө жете элек музоосу ичинен чубалып сыртта, чылада жатат. Экинчиси али түрүү бойдон тыбырчылап, бирок бир саны жок. Каракчылар тирүүлөй кесе качышкан экен. Саламат бычагын алып уйду мууздай салды.

– Балаңдын боорун жеп калгыр! – деп Айзада чылада жаткан музоонун өлүгүн өйдө алып, самандын үстүнө койгучакты Саламат кыйкырды:

– Жолобогула! – деди ал катын-баласына. Издерди тепселебегиле! Азыр милийса келет.

– Ата, Рем кайда?

– Өлүп жатат тигинде.

– Адилет атасы баш экчеген жакка жүгүрдү эле, Саламат колдон алды.

– Милийса келсин, анан кийин көрөсүң. Инеңдурайын Сансызбайдын кылганы! Анын мен эми башын кесип, көтүнө тыгам! Жеңи жулунуп Ремдин оозунда калыптыр.

Жарык киргендиктен атасынын купкуу болуп калчылдаган түрү, чанагы сыр тына чыгып чакчайган кыпкызыл көздөрү балага даана көрүндү. Аңгычакты уй короодогу, огороддогу кан-жиндин баары көзгө даана ачылды.

– Ата! – деди Адилет боюн токтото албай солкулдап. Сансызбай байке ушинттиби? Ал биздин тууганыбыз да.

– Тууган болгонун энесин с…

– Жеңин кантип тааныдың, ата?

– Бир эле чириген сары курткасы бар. Бүт эл тааныйт!

– Үйдөн келип сүт алып кетчү эмес беле. Ошондочу, баарын пландаштырган турбайбы, ал акмак! – деди Айзада көзүнүн жашын эки алаканы менен улам жанып. Так кана сонун уйларымды мууздаган тура. Мууздалып калгыр десе!

Күн шашкеде милийсалар келип шашпай ишин башташты. Алардын эң эле негизги жумушу ууруну кармаш эмес, протокол толтурмай окшоду. Экөө короону, огородду тинтип, маалымат айтып, бирөө көчүгүнө отургуч коюп алып, шашылбай жазып атты.

Ошол кезде, чоңдордун бири да байкабайт, атасынын октолуу мылтыгын көтөрүп алып Адилет Сансызбайдын үйүн көздөй кетип баратты. Баланын нервдери таштай түйүлүп, көз көрүнөө болуп өткөн ырайымсыз жорукка, дегеле бул түбүң түшкөн адилетсиз дүйнөгө эт жүрөгү келише албай туттугуп, көзүнөн жаш куюлуп жүрүп отурду.

Сансызбайдын үйү жүгөрү өскөн жашыл тилкенин аркы өйүзүндө эле. Адилет өз боюнан бийик жүгөрүнү аралап өтүп, тууганынын үйүнүн тушунан чыкты. Мылтыгын көтөрүп алдыны карайын десе көз жашы жолто. Бала он алтынчы оор мылтыкты ташка жөлөп коюп эки мушу менен эки көзүн сүртүп аткан кезде кандайдыр арт жагынан үн чыккандай болду. Караса боз ат минген, ак сакалы жайкалып төшүнө түшкөн бир карыя турат.

– Балам, сен бирөөнүн канына забын болгону баратасың. Зулумдукту зулумдук менен кайырбайт. Тарт кайра.

Адилет карыяны бир карап, мылтыгын бир карап тургуча ары жактан ит үрөт. Бала мылтыгын шашылыш жерден алып кайра кылчайгыча атчан карыя жок. Өзү жок болгон менен табышмактуу карыянын жоодар үнү Адилеттин көкүрөгүнө кадалып калыптыр. Ал нес болгонсуп көпкө дейре Сансызбайдын үйүн карап турду да, алга жыла албай артына кылчайды…

25.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.