Казат АКМАТОВ

Архат

Казат АКМАТОВ

Ошол түнү баланын аруусу кармады. Мурда дегеле мынчалык кармачу эмес. Тиштери сынбасын деп кайыш тиштетип, колдорун атасы менен энеси экөөлөп кармап, зиркилдеген тулку денесин жууркан менен кошо басып, түнортосу оогончо кудайга жалынып чыгышты. Акыры бала эси ооп, кара терге түшүп, кыймылсыз сулк тынчыды.

– Кудай ай, кудай! Баламды мынча эмнеге кыйнадың?! – деп Айзада көз жашын көл кылып, бирок кан жуткансып үнүн чыгарбай күйүткө малынат. Мурда эч качан мындайды тоготуп көрбөгөн Саламат болсо бу сапар эмнегедир үн жок, сөз жок соксоюп, кадимкидей алда-немеден чочуп отурду.

Саламат «менин гана пикирим туура, меникинен башканын бардыгы жаңылыш» деген жигиттерден. Ошенткен көктүгү, доюрлугу көп убакта өзүнө муш, бирок дагы эле моюн бербей келет. Анткен менен мынабул Сансызбай тууганынын кылганы Саламатка катуу тийди. Мындай мыкаачылыкка тууганы эмес, кыл чайнашкан дашмандын да колу бармак эмес. Тирүү малдын буту-колун кесе качат деген адам тарыхында дегеле болуп көрдү бекен?! Кыргыз ушуга жеттиби? Же бүт эле жер шарында Адам ата балдары кедерине кеттиби? Баласы энесин муунтуп өлтүргөн заман акыр заман болот дечү эмес беле. Ошол келдиби ар бир үйгө сагаалап. Күнү-түнү чочкосу менен алпурушуп жүргөн Саламаттын оюна ушулар капыстан келгендиктен бир нече күн ал нес болуп, жер тиктеп калды. Такыр буркан-шаркан түшкөн жок. Сансызбайды өзү басып барып бир мерте көк челек кылып тепкилемек болду эле, милийса алып кетиптир дегенди угуп, барган жок. Андан кийин негедир үңкүйүп, унчукпай калды.

А баласы Адилет сезгенип ооруган күнү ал кадимкидей үрөйү учуп чочулады. Бүт аалам, ал түгүл кандайдыр бир белгисиз күчтөр ага каршы туруп калгандай сезилди. Өзү даана түшүнбөгөн бүдөмүк сырлар анын үшүн алып, катуу саруулатты.

* * *

Бул үйдөгүлөр бүгүн дагы таң атпай , төшөктөн тура элек жатып эле чырчатакка камдана башташты.

– Инеңди урайын! – деди Саламат ала мышыгын апчып ыргытып, – деле менин төшүмөн башка жерге жатпайт!

– Айыгасың, бронхитиңе жатып атпайбы! Анын эмнеси жаман?!

– Баарың бүтүп, ушул мышык калдыбы, мени дарылай турган?!

– Айкырба эми! Балаң окууга кетип атканда, жок дегенде бир күн айкырбай турчу!

Түндөтөн бери аялы менен айтышып атып жадаган маселе кайра козголгонго Саламаттын жаны кейип турду. Унчукпай чыгып кетейин десе болбойт. Антсе булар аны макул болгондой көрөт. Ошон үчүн ал түндөгүдөй катуу эмес, алсызыраак бурк этти:

– Оорулуу баламды мен эч кайда жибербейм! – Саламаттын ачуусу келгенде чүйлүсү дүгдүйүп, көздөрү кызарып, таноолору кыпчылып кишини тике качырчу адаты бар эле. Бирок өткөн кырсыктан кийин ал эмнегедир мурдагыдай айкырык салып бирөөгө бетме-бет чыкпай калыптыр. Көбүнчө иниси Таштанга чабуул койчу, бу сапар деле ичинен инисин күнөөлөп турду бардык кырсыктар үчүн, бирок бакырган жок.

Ошого шүгүр кылып иниси Таштан чечкиндүү айтты:

– Жер оошкондо аруусу өтүп кетет. Анын үстүнө дайыма мени менен бирге болот. Жаныман чыгарбайм.

– Ал жердин тилин билбесе кантип окумак эле!

– Англис тилин бала бакчадан бери эмне, бекер окуптурбу?

Саламат эми башка бир шойкомду эстегендей инисине капысынан буркандай түштү:

– Сен муну догдур болот дейсиң. А өзүнөн сурасам башка бирнемени айтып атпайбы. Эмне мени алдайсыңар!

– Өзү эмне деди эле? – Таштан баланы шекип карады.

– Айтсаң каралдым. Өзүң эмне дедиң эле, баякүнүчү атаңа, – деп Айзада баласын кучактап өзүнө тартты.

– Архаттын окуусу дегем. Адилет мурдун жанып, атасын карап койду.

– Аа, – деди Таштан шашылып, – туура, жалпы жонунан «архаттын» окуусу десе болот. Ал – медицина деген сөз.

Иниси чынын айтпаганын Саламат сезип турду, бирок тибет сөзүн түшүнбөгөн соң анын айыбын ача албастан, айласы жок башка дооматка өттү:

– Моминтип ууру кирип чоң кырсык болуп атса, сен мага тирек болуштун ордуна кетем дейсиң. Бир тууган да сендей болобу. Сансызбайдан айырмаң кайсы?! Агасы мыкаачыга теңегендиги үчүн Таштандын өңү сурданып кетти.

25.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.