Казат АКМАТОВ

Архат

Казат АКМАТОВ

– Өлгүлө! Кырылгыла! Силерди өлтүрүп, анан өзүм жоголоюн!

Эсин жоготкон аял колундагы таягын сындырып салган соң башын мыкчып отуруп калды. Ыйлайын десе көзүндө тамчы жаш жок. Эриндери гана титирейт.

– Э айланайын, кызым, бу эмне кылганың? – деди бир кезде күйүттүү чыккан энесинин үнү кулагына угулуп. Башын көтөрүп караса апасы Нуржамал жанында сербейип турат.

– Уулуң окуйм деп убадасын берди. Күйгүлтүк болбо! – деди кызынын авалын түшүнгөн байбиче жүүртө басып жанына отуруп. – Бул бала бир айтпайт эмеспи, айтса аткарат.

– Атасынын башын аткарсын! Мектептен чыгарып салды.

– Ок! Чыгарып салганы эмнеси? Кантип?

– Ошентип эле. Бүт мектепти позорит этти дейт, балаңар. Деректир менен урушуп кеттим. Наша тартат балаңар дейт.

– Карангүн, эми кантебиз! Ал, тигил, эми окуйм деп атпайбы! Жашабаган жубарымбек!..

Айзада кыйлага дейре демиккенин басып, үнсүз отурду да, анан башын көтөрдү.

– Деректирдин үстүнөн Гороного арыз жөнөтүптүр бул чечек. Болгондо да интернет аркалуу дейби… Эмне эле кылтыйып унчукпай жүрөт десечи.

– Дагы эмне дейт!

– Баягы биринчиден төртүнчүгө дейре окуткан Жылдыз эжейи экөө кошулуп жазышканбы, билбейм. Айтор Соломенцева деген деректиричи, тимеле овчаркадай арылдайт мага. Уулуңду Жылдыз Карабаева дейди кылып тарбиялаган дейт. Силер аны карабайсыңар, тартибин оңдобойсуңар дейт. Көрсө Карабаевасычы, өлөөрчө согушкан го аны менен.

– Ким менен?

– Деректири мененчи. Аны мага бери чыкканда бир кыргыз класстын мугалими шыбырап атпайбы. Адилет өткөндө классына иттерди ээрчитип келиптир. Үч-төрт ит дейт. Жылдыз эжеси кой деп койбой ал иттер менен Адилетти сүйлөштүрүп сабак өтүп жатып албайбы. Аны уккан деректир дароо жүгүрүп жетет. Чатак ошондон чыкты дейт. Түшүнүп атасыңбы, апа?

– Айта берчи!

– Сен көчөдөгү ооруу иттерди класска алып киресиң деп деректир адегенде Адилетке кыйкырат. Антсе Адилеттин иттери деректирди талап коё жаздашат. Анысы аз келгенсип деректирин: «Сиздин мээриңиз жаман. Оңолбойсуз.» — деп айтыптыр Адилет. Кишини карап туруп ошентип сынаган жаман адаты бар эмеспи мунун. Жылдыз эжеси болсо окуучусуна болушат. Ошентип экөө иттерден бетер тытышып калган го.

– Ким экөө?

– Жанагы Жылдыз деген мугалими деректири мененчи. Эртеси аны педсоветке салып, ишинен бошотуп ийиптир.

– Кимди?

– Жылдыздычы. Анысы жөн кетпей деректирдин үстүнөн Адилетти арыз жаздыртып кеткен го, өлүгүңдү көрөйүн. Өзү жазбайбы андай болсо!

– Бармактай бала кантип арыз жазып калсын, катыгүн?

– Ошону айтпайсыңбы, апа! Ансыз деле Горонодон келип окуучу жазган арыз турбайбы, муну карабайбыз деп кетип калыптыр.

– Анан?

– Анан ошол. Тигил чечекти окуудан чыгарып салыптыр. Дакүмөнтү жок. Мектепке закүнсүз өткөн дейт. Балаңар дейди, сабактан чыгып кетип, наша тартат дейт. Айтору алкылдайт, кишини сүйлөтпөйт тимеле.

– Э, айланайын, катыгүн. Окуусу жалаң эле беш эмес беле?

– Аны Жылдыз эжеси калп эле беш коё берчү экен дейт.

– Антип эмне жанына күч келиптир Жылдыз эжесинин?

– А дагы бир кудай урган неме го. Мектептеги ата-энелердин чогулушуна мен барбай, атасы барчу эле дайыма. О дегеле мактап келчү Жылдыз деген катынды.

– Катынбы же кызбы? Жаш эле неме болсо керек эле?

– Эмне болсо ошо болсун, өлүгүңдү көрөйүн. Мобул баланы такыр бузуп таштабадыбы. Же менин тилимди алсачы. Тимеле сабагым келип турат союл менен. Союлум да сынып калды, дүгөрөйүн.

– Экөөңдү тең айыптап жүрөт балаңар. Көрүнүп эле турбайбы.

– Ким экөөбүздү?

– Атасы экөөңөрдү! Экөөң эки жакка тартасыңар. А бала ортодо чайналып… Жинди болуп кетпесе десең. Жанагы кара куурайды тартса жинди болот да.

– Атасыначы, өткөрүп бердим. Окутсун ошол.

– Кой антпе! Доюр неме үйдөн кууп салат баланы.

– Маа десечи жоголсун ошондон арычы! Кечтим деги!

* * *

Ошол түнү бала чындап эле кайрадан жоголду. Түнкү саат төрттөр чамасы экен. Айзада сыртка чыга калса, көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Ал халатын чала бүчүлөгөн бойдон дарбазадан атып чыкты. Семетей көчөсүнүн кай тарабын көздөй чуркаарын билбейт. Өткөндө ал уулун шаарды көздөй бараткан жеринен кармап келген. Айзада эми да ошол жакка жүгүрдү. «Үч кудук» кварталына кире бериште балдар футбол тепчү жайдак талаа бар эле. Ошол талаага жүгүрүп жеткен кезде, келиндин өпкөсү көөп, дем ала албай калган. Дал ошол тушта алды жагынан баласынын кандайдыр шоолаланып, агарып кетип бараткан сөлөкөтүн көргөнсүдү. Айзада тез эле кубалап жетти, уулун дароо кучактай алган жок. Анткени билчү – уйкуда бараткан баланы чочутуп албаш керек эле.

25.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.