Казат АКМАТОВ
Архат
Көкүрөгүндө бир нерсе бар немени алып баралы ошол жакка. Жок эле дегенде тибет медицинасынын устаты болуп келет» деп Айзаданы абдан ишендирген. Сөздүн чыны, тибет окуусунун чоо-жайын Таштан өзү да даана билчү эмес, Айзадага да түшүндүрө алган жок. Бирок баласы демейдеги «бизнес», «юрист», «маркетинг», «менеджмент» кесиптерин айтса эле баш чайкап тургандыктан, Айзаданын айласы куруп жүргөн. Ошондуктан Таштандын айтканын өзүнүн ой жоруусу менен толуктады да, баласын Тибетке жиберүүгө макул болду. Бишкектин өзүндө эле «Тибет медицинасы» деген канча борбор ачылды. Ошолордун бириндей эле борборду Адилет уулу келечекте ачып алса болбойбу? Албетте болот! Бирок бул чоң маселени эми атасы Саламат менен макулдашуу керек эле…
– Адик, – деди биртопко унчугушпай баскандан кийин Таштан, – мектеп жөнүндө сөздү бүтөлүчү.
– Мен Жылдыз эжеден окуюнчу, байке!
– Жо, мен сени бир жака зордоп жиберейин деп аткан жокмун. Дегинкисин айтам. Башка мектеп жөнүндө сүйлөшкүң келбесе, анда мен да сөздү токтоттум.
– Жылдыз эжени кайдан табабыз?
– Тапса болот. Бирок аны адегенде апаң, атаң менен кеңешели … Коётур, Адик! Дагы бир сөз бар. «Ляп» деген эмне экенин билесиңби?
– Ляп?
– Ооба.
– Апийим го дейм.
– Сен тартасыңбы?
– Ляп эмес. Бир жолу кара куурай тартып көргөм.
– Кандай болот экен?
– Эки бала тартканбыз. Күлүп атып боорубуз эзилген. Ал мени карап алып күлөт. Мен аны. Күлгөн сайын кебетебиз укмуш бузулуп, анан ого бетер күлүп.
– Анан?
– Класстагы балдарга айтып берсек алар бизди шылдыңдап коюшту.
– Эмне деп?
– Мактанышат. Биз небак «стеклого», промедолго өткөнбүз. А сен экөөң сопляк, сасыган кара куурайды биринчи жолу тартыпсыңар деп.
– Анан?
– Болду. Ошону менен дагы бир жолу тарттык, анан тартпай калдык.
– Эмнеге?
– Билбейм. Жөн эле тартпай калдык.
– А тиги балаңдын аты ким?
– Аны экинчи жолу тартканда атасы кармап алып сабап салган. Ошондон кийин жолобойт.
– Экинчи тартпайбы аның. Ишенесиңби?
– Унутуп да калды.
– А сенчи?
– Мен дагы.
Адилет байкесин карап ууртунан күлүп койду.
* * *
«Восток-5» кичирайонундагы «Иэзабель» менчик еврей лицейи мурдагы бала бакчанын биринчи кабатын ээлеген экен. Жылдыз эжейин ал жерден табуу кыйын болгон жок. Бирок, танаписке чейин фоеде күтө турууга туура келди.
– Мен еврей тилин билбейм да, – деди Адилет Таштанды жеңден тартып саруулап. Таштан мостоюп тамашалады:
– Кыргызча окугуң келбесе, еврейче окуйсуң да…
Аңгычакты балдар топурап танаписке чыгышты. Адилет балдардан сүрдөп, атүгүл тердеп кетти. Чурулдаган немелердин көбүнүн кулагында же мойнунда илинген радионаушниктери бар экен. Кийингендери башкача.
Жылдыз Карабаева фоедеги тааныш адамдарды көрүп, таңыркай калды:
– Адилет, сенсиңби?
– Саламатсызбы, эжей. – Адилет жер карады.
– Саламат. Кайдан, меймандар?
Эжейи баланы ийнинен кучактап, Таштанга суроолуу карады. Адамжандын ички табышмагынын дагы бирөө ушул – мурда жолугуп эле жүргөн адамың кокустан эле көзүңө башкача көрүнүп калат. Таштан толкундап кетти. Адилеттин Жылдыз эжейи мурда көргөндөн таптакыр башкача жан турбайбы! Карегинен нуру төгүлгөн, жылдызы жүзүнөн жанган керемет келин Таштанды бүгүн бир башкача карап турду. Мезгил экөөнү тең өзгөртүп салгандай. Өмүр бою бирин-бири издеп табыша албай жүргөн ашыктар азыр, ушул мүнөттө күтүүсүздөн табышып тургандай! Таштан нес болгон бойдон тура берди эле, акыры Жылдыз биринчи көзүн ала качып кетти. Келин эмне кылаарын билбей, бети дуулдап ысып, акыры Адилетти кайрадан кучактап тамашалады:
– Адик, бул киши сага ким болот?
– Дозум.
– Ха-ха-ха! – Таштан катуу күлүп жиберди.
– Досум десең. Атасы «з» менен сүйлөйт. Мен Адилеттин чоң досумун, бул менин кичине досум.Таштан капыстан Жылдызга колун сунуп калды.