Казат АКМАТОВ
Архат
– Ушул элеби?
Адилет башын ийкеди. Таштан күлдү:
– Улутчул суроо турбайбы. Сен билесиңби «улутчул» деген эмне экенин?
Адилет башын чайкады.
– Болуптур. Азыр билбей эле кой. Бирок мындай суроолоруң болсо бере бер. Коркпо.
– Коркпойм! – деди Адилет чыйрала түшүп.
– Мектептен чыгарып салбадыбы. Ошентсе да коркпойсуңбу?
– Окубайм. Чыгарса чыгара берсин.
– Окуйм, окубайм деп айтышка акың жок да. Аны ата-энең чечет. Кичинекейсиң азыр.
– Шамбалага алып кетем дебедиң беле. Сен берген китептердин баарысын окуп бүткөм да, — деди Адилет түз жооптон буйтап.
– Э, ал деген илимий китептер, балдар үчүн энциклопедиялар. Андай эмес, сен кадимки эле бешинчи классты бүтүшүң керек. Анан барасың Шамбалага.
– Өзүң кетип калбайсыңбы?
– Сенсиз кетпейм. Чакырык да келе элек.
– Ким чакырат?
– Тибетте теологиялык илимий борбор бар. Өтүнүчүмдү жибергем. Диссертация жазышым керек деп. Буюрса чакырык келет.
– Келбей калсачы?
– Келет. Диссертациямдын темасы макулдашылган да.
– Кандай тема эле, айтсаң?
Таштан олуттуу түр жасап кесе айтты:
– Сен ага азыр башыңды оорутпачы. Ансыз да мен сага көп нерселерди окутуп салып, өкүнүп атам. Ошонун айынан мектебиңден качып жатат окшойсуң.
«Горе от ума» – «Акылдан – азап».
– Жылдыз эжейден окусам болобу?
– Ха-ха! «улутчул» эжейиң жагып калган экен сага. Бирок аны кайдан табабыз? Ишинен бошотуп ийген тура. А балким мугалим болуп иштебей калгандыр. Базарда соода кылып отургандыр.
– Антпейт ал! – Адилет кызалаңдай түштү.
– Сен мага жооп берчи, – деди Таштан жумшарып, – «Үч кудук» кварталынын короосундагы селкинчекке качып барып жүрүптүрсүң… Балким ошол элитный мектепке…
– Ким айтты? – Адилет кыпкызыл болуп ызаланып кетти.
– Апаң айтты. Өткөн түнү эле сени ошол жактан кармап келген турбайбы. Жашырба. Баары бир, каяктан бешинчи классты бүтсөң да, мени менен Тибетке барасың. Эгер өзүң кааласаң.
Адилет тескери карап, Таштанга далысын салды. Көпкө дейре кроссовкасы менен бардюрду тепкилеп турду да, кылчайбастан:
– Селкинчектин үнү Сириустан келген сигналга окшош. Ошон үчүн…
Таштан унчукпай досунун жумшарышын күтүп турду. Ал Адилеттин ички дүйнөсүндө кандайдыр бир өзгөчө сыр бар экенин билчү. Баланы дайыма кандайдыр бир али өзүнө да белгисиз ойлор жетелеп, дейди кылып, бул реалдуу дүйнөдөн алыс алып кетип калчу. Ошондой күндөрү ал карап туруп эле кишини тааныбай, салам бербей, түнөрүп кетээр эле. «Уулуң адамдын мээр нурун көрөт турбайбы. Кийин чоң көзү ачык болот. Сакта бул баланы», – деп бир төлгөчү тажик аял айткан имиш.
Бирок баланын атасы да, апасы да атеистик доордо жашаган соң, мындай сыйкыр жыттуу сөздөргө кулак кагышчу эмес, ишенишчү да эмес. Болгону, агасы Таштан гана университеттин философия факультетин бүтүрүп, теология илимине кызыккан. Тибеттеги улуу Мистериялар жөнүндө көп окуп, ошол жалпы будда дининдеги ламаизм багытынын алгачкы баскычындагы «бон» ишеними менен байыркы кыргыз теңирчилигинин таңкаларлык окшош элементтери жөнүндө изилдөөсүн баштаган. Диссертациялык иши да ошол эле. Анын изилдөөлөрү эч кандай мистикалык ой жорууларды эмес, барып турган реалдуу жөнөкөй, адамдык материалдар, каада-салттардын, диний ишенимдердин табиятын ачып салыштыруу болчу. Ырас, салыштыруусу жөнөкөй эле илимий көнүгүү эмес, кыргыз рух тарыхындагы Тибет дооруна байланышкан кыйла ачылыш болмок. Кыскасы бул иш бармак кесип, тобокел кылчу илимий жаңылыктардын бири эле!
А мындай алганда Адилеттин ички дүйнөсүнүн, ал кызыккан кыялдардын Таштандын илимине тийешеси жоктой. Ошентсе да баланы ушул Бишкек чөйрөсүнөн алыс алып кетүү агасынын оюнда дайыма уялап жүрчү. Муну ишке ашыруунун эң эле оңтойлуусу – Тибет. Анткени өзү ал жака барганы турат. Каражаты жок. Эгерде Адилетти өзүнө кошуп алса апасы Айзада каржылашы мүмкүн деп ойлоп, Таштан көп күндөр мурун жеңесин көндүргөн. «Кыргыз балдары Американы, Европаны кой Түркияга, Мекке, Мединага дейре кетип, окуп атышат. Алардын келечеги чектелүү – молдо же имамдан ашык адам боло алышпайт. Ал эми Тибет окуусу таптакыр башка билим, башка дүйнө. Ал жерде бүткүл ааламдын, планеталардын сыры катылган. Улуу ойлор топтолгон. Адамзаттын келечек тагдырын айткан илим-билим бар ал жерде. Кыргыздан али бир да бала барып окуй элек. Адилет биринчи болот. Бизден деле бирөө жетсин да Шамбалага1. Рух дүйнөнүн эң бийик чокусуна. Кийин баладан кандай адам чыгаарын бир Алла билет.