Казат АКМАТОВ
Архат
– Адилет. Адиле-ет. Адиле-етик, – деп энеси аркасынан бир нече жолу добуш салганда гана бала ойгоно баштап, буту чалыштай кетти. Дал ошол ирмемде, бала али жерге жыгылып түшө электе энеси жетип, кучактап калды.
– Адилет, ай Адилет, ойгончу. Мен апаңмын…
Уйку-соонун ортосундагы бала жөөлүп атты: «буттарым сынды… колдорум сынды… ооой, колдорум сынды… өлбөйм… өлбөйм… өлбөйм, эч качан өлбөйм…»
– Адилет, берекем десе, көзүңдү ашчы! Айзада баласын көтөрүп басалбады, оор болуп калыптыр. Акыры уулу ойгонуп, бирок акыл-эсине элдир-селдир келе түшкөндөгү биринчи айтканы селкинчек жөнүндө болду: «Селкинчек мени чакырып атпайбы?» деди ал «Үч кудук» жакты көрсөтүп, көзүн ушалап.
– Кайдагы селкинчек?
– Космоско чакырып атпайбы…
Айзада сөзүн токтотту да, үндөбөстөн баланы алга жетелеп көрдү эле, эмеле басып өткөн жолуна өспүрүм таптакыр бут коё албады. Кеч күздөгү музкыроо отурган төтө жол тикенектүү, таштак болчу.
Айзада баласын аркасына көтөрүп жөнөдү…
«Көтүмө келгенсипчи, муну эмне миллионунчу кылып туудум экен! Миллиондон айланат белек. Кереги да жок эле бизге ошонунчу. Саат басып так ошол мүнөттө тууп салганымчы! Болбосо балам эл катары эле жүрбөйт беле. Асыя азапты мен апкелдим буга. Роддомдогу сволучтарды кантип кана муунтуп өлтүрөм?! Баланын туулгандагы документтерин атайын жоготуп коюшканы үчүн тытып өлтүрсөм болбойт беле ошолорду. Жогортон чоңдор айтышкан дейт, «талаш болбосун, документтерин жок кылып койгула» деп. О өлүгүңдү көрөйүн ошол чоңдордунчу. Башка бирөөнү миллионунчу кыла коюшуп, ага үч көмүт квартира беришип, жаңы туулган баланы «шаардын ардактуу жараны» кылышып, далай акча жешипчи, о өлүгүңдү! А мен ошонун айынан балама митирке алалбайм, ушу күнгө дейречи. Бала бакчага албай кууратпадыбы. Кийин мектепке да албай!.. Баарынанчы атын кайсы арыбызга Адилет койдук дейм да! Кана, кайда адилеттик деген неме!»
– Апа, жерге түшүр мени. Эмне көтөрүп алдың?
– Баса албай атпайсыңбы! Жакшы ойгондуңбу?
Тоонун тал чокусунан күндүн муруту сербейип калганда эси кеткен эне-бала араңдан зорго жетелешип үйлөрүнө келишти.
* * *
Алдыңдагы өзүң чече албай жаткан татаал суроолордун жообун турмуш кээде аянбастан таап бере берет. Ошол эле учурда ал андан да татаал тагдырды алдыңа камдап койгонун билбейсиң.
Айзаданын өтүнүчү менен аталаш агасы Таштан Адилетти «маздасына» отургузуп алып, шаардын сыртына, кореялык «Фламинго» шаарчасынын чөлкөмүнө алып чыкты. Шаарчанын кире бериши ээн, суук түшүп, эсалчулар келбей калган кез эле. Мектептеги иштери кедеринен кетип, окуудан чыгып калганын балага апасы угузган. Бирок мындан ары эмне кылыш керек экенин ага эчким айта алган жок. «Ырас менин сөзүмдү укпадыңбы, окууңдан чыктыңбы, анда экинчи сүйлөшпө мени менен. Таштан агаң сага менден артык эмеспи, ошону менен сүйлөш», – деген апасы. Таенеси болсо өгүнтөн бери небересинин жүзүн карай алган жок. Өзүнөн өзү эле сынып, чүнчүп калды байбиче. Таштандын да ахвалы андан жеңил эмес болчу.
– Калп эле мени досум деп коёсуң, бирок мага сырыңды такыр айтпайт турбайсыңбы, – деди Таштан балага таарыныч кылып. Агасы бир орчундуу кеп айтарын Адилет сезип келаткан. Бирок мындай дооматты күткөн эмес. Ошондуктан эртеден бери биринчи жолу баш көтөрүп Таштанды суроолуу карады.
– ГорОНОго арыз жөнөткөнүңдү биринчи жолу кечээ апаңдан уктум. Таңкалганыман эмне дээримди билбей калдым. Аябай жаман болдум, эгер түшүнсөң. Дос да сендей болобу?
Адилет капыстан уурусу кармалгандай кызарып жер карады, бирок адатынча үндөгөн жок.
– Айтсаң эми, ал эмне деген арыз эле?
– Арыз эмес, жөн эле суроо болчу.
– Эмне деген суроо эле. Же мага айтууга болбойбу? Андай болсо айтпай эле кой. Адилет агасын кирпик астынан кыжалат бир карады:
«Эмне үчүн орус класстарына жылыткыч берилет, а кыргыз класстарына берилбейт?» — деген суроо болчу.