повесть
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ
– Пендесиңер да, Толгонай! Согушка жөнөгөндөр качан түгөл бойдон кайтып келчү эле? Адам деген кээде ошону эсинен чыгарып коёт окшойт.
– Аның туура, улуу талаам. Бирок биз пендебиз да: жакшылыктан дайым үмүтүбүз чоң. Ал эми ошондо жалгыз солдаттын келе жатканы, элдин үрөйүн учуруп, эсин оодарды. Солдат бери дөңсөөгө келип жетип, айылдын четинде козголбой калдайган элди көрүп, жүрөгү түштү окшойт, ал да чочуп туруп калды. Бул эмнеси, бул эмне деген немелер, булар эмне үчүн унчукпай карап турушат дегендей кыял менен, солдат кылчайып артын каранды. Өзүнөн башка жолдо эч ким жок экенин көрүп, ал бизди көздөй басты да, кайра токтоп, кайра кылчактап артын карады... Ал улам ушинтип келе бергенде, алдыда турган бир кичинекей кыз: «Ашыралы байкем! Ашыралы байкем келе жатат!» – деп кыйкырып жиберди. Кайдан тааныганын ким билсин, башында жоолугун жулуп алып, алиги жылаңайлак саксайган кыз: «Байке! Байке!» – деп кыйкырган бойдон, солдатты көздөй жүгүрдү. Анын соңунан балдар чуркап, анан аялдар, анан турган элдин баары: «Ашыралы! Кокуй, чын эле Ашыралы турбайбы!» – деп чуулдашып жөнөштү. Ошол учурда бизди кандай күч бийлеп, жүрөгүбүздө кандай асыл сезимдер ачылганын айталбайм – укмуштуу бир сүйүнүч, жан эриткен мээрим, эреркеген ый баарыбызды тең эргитип алып учту. Кучак жайып солдатка жүгүрүп бара жатканыбызда, биз өзүбүз менен кошо бүт турмушубузду, баштан өткөн-кеткен күндөрүбүздү, азап-тозогубузду, уктабаган түндөрүбүздү, агарган чачтарыбызды, карыган кыздарыбызды, жетим-жесир калганыбызды, дайрадай аккан көз жашыбызды, кайратыбызды, муңубузду туу кармагандай, жеңиштүү келген жоокерибизге алып бара жаттык. Астынан тосуп жүгүрүп келе жаткан элди көргөндө, солдат утурлай басып, бери жүгүрдү.
Элдин күүсү менен чуркап бара жатканымда, бир убакытта баягы күр-шар келип, станцияга токтобой өтүп кеткен эшелон жанымда жарышып бара жаткансып, кулагым тунуп, чымын-куюн дөңгөлөктөр астында зыңылдаган темир жол жүрөгүмдө зыңылдап, «Апа-а! Алиман!» деген, шамал жула качкан Майсалбектин үнүн кууп бара жаткансыдым.
Аттуулар адегенде жете барып, ат үстүнөн жапырылып, солдаттын көтөрүп келе жаткан баштыгын, шинелин ала коюшуп, өзүн байгеден чыгарып келе жаткан күлүктөй сүрөп келишти. Жер, Жер-Эне, сен ошол солдатты унутпайсың го? Баатырдын түрү эсиңдеби?
– Эсимде, Толгонай. Мен ал солдаттын түрүн эч убакытта унутпаймын, ал бүгүн дагы жол арыштап, кучак жайып «Айланайын, эл-журт!Айланайын, эл-журт! Жаным курман! Башым курман!» – деп кыйкырып, жүгүрүп келе жаткансыйт. Анын көкүрөгүндөгү медалдары дале күмүш дилдедей шыңгырап, бетинен төгүлгөн жаш дале, андан-мындан тийген мөндүрдөй, тамчылап келе жаткансыйт. Ошонун баары эсимде, Толгонай. Кең далылуу, каркайган бойлуу чоң солдат нечен ирет ажал менен беттешкен, нечен ирет ок тоготпой сурданган жоокер жаш балача буркурап, бүгүн да тетиги жолдо жүгүрүп келе жаткансыйт.
– Ооба, ооба, так ошондой. Биз да жабыла ыйлап, эл менен солдат кошулганда, сагынышкан эки толкун кошулгандай, эзилишип, кучакташып көрүштүк. Ошол додолонгон ызы-чууда ар кимибиз туш-туштан Ашыралынын мойнуна, ийиндерине асылып өпкүлөдүк.
О, Жеңиш ай, тилеген-самаган, күрөшүп тапкан Жеңишибиз ай! Ассалоумалейким, Жеңиш! Кечиргин боздоп ыйлаганыбызды, кечиргин Алиман өңдүү келинимди. Аман кайткан Ашыралынын көкүрөгүнө башын койгулап: «Кайда менин Касымым? Кайда?» – деп чыңырганын кечиргин. Баарыбызды кечиргин. Жеңиш! Сен деп канча чолпондорубуздан ажырадык!
«Башкалар кайда? Баланча кайда? Түкүнчө кайда? Качан келет калгандар?» – деп жабыла сураганыбызды кечиргин. Суроолордун камагында калып, көз жашын токтото албай: «Кеткендердин баары келет! Эртең келишет. Жакында келишет. Калбай келишет!» – деп, Ашыралынын айткандарын кечиргин. Кечиргин бизди, Жеңиш, кечиргин. Сени менен жүз көрүшүп жатып, биз көңүлүбүздө ар кимибиз майдандан кайрылып келбегендер менен акыркы жолу дагы бир сыйра коштоштук, аларды дагы бир сыйра жоктоп, дагы бир сыйра күйүт тартып, көксөө сууттук. Кечиргин мени, Жеңиш, кечиргин! Ашыралыны бек кучактап, бек жыттап, Жайнагымды, Майсалбегимди, Касымымды, Субанкулумду эстеп, ичте туткан арманымды кечиргин!