повесть

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

повесть

– Жок, Толгонай, андай эмес, дүйнө сенден кечирим сурансын, заман сенден кечирим сурасын! Сен кечирет белеӊ, Толгонай?

– Кечирбес элем. Душманымды эзелде кечирбейм. Бирок заманыма кек сактаган жерим жок. Арты кайрылуу болсун. Антсе да согушта доом көп. Атылган ок, төгүлгөн кан – тарыхтын эсебинде, ал эми адамдардын бүлүнгөн өмүрүчү? Аны кайсы эсепке ыйгарып, тарыхтын кайсы бетине жазабыз? Аны үчүн ким жооп берет? Жалп этип окко учпаса да, Алимандын тагдырын эстегенде, ичим күйүп чок болот. Анын убал-сообу кимде? Анын дартын кимге айтам? Кайран келиним, гүл сүйгөн келиним!

Ашыралыны туугандары үйүнө эрчитип кетип, элдин баары таркап кеткенде, Алиман экөөбүз үйгө кайттык. Ушуну менен согуштан аласа-бересебиз бүтүп, мындан нары тынчтык заман башталмак.

Биз унчукпай келе жаттык. Жана ыйлаганынан улам Алиман дале ичтен солкулдап, аптыгып, үшкүрүп келе жатты. Кабагын чытып, эч жакты карабай түнөргөн түрүн көрүп келинимдин алда кандай ойлорго кабылганын түшүндүм. Күн күркүрөрдө аба думуккан сыяктуу, киши да ичи-араны ачуучу чоң сөз сүйлөрдө кыйналат эмеспи. Ооба, Алиман кыйналып турган эле. Анысын мен жалооруп тиктеген көздөрүнөн, тиштенген эриндеринен сезип жаттым.

«Ай, эми айрылышабыз го. Касымдан түӊүлүп бүттү го, – деп ойлоп келе жаттым. – Айрылышпаганда кантет элек. Өлгөндүн болжолу бар беле, же артынан өлөт беле, кетет да эми, кетпегенде арга канча. Аттиң-ай, кантейин, кантейин. Кетсе кетет да. Качанка эле жесир отурмак. Көңүлү бузулуп кетип жатыптырбы. Бешенедеги ушул экен, ыраазылыгымды берем. Айтор, багы ачылса болду. Жаш эмеспи, дагы бир теңин табар. Касымдай болгон ынагына жолугар бекен? Ким билет? Бактылуу бол, чырагым, бактылуу бол. Кайсынысын айтайын. Кээде мени эстеп коюп жүрсөң балам. Сенден башка кимим бар. Сен кетсең, өлбөгөндүн күнүн көрүп, бир үйдө жападан жалгыз калам, коколой башым. Карыганда медер кылар уулумдан туяк да калган жок. Бирок мага карабагын. Убалыңа калбайын, качан кетсең да, башың бош. Мен үчүн кылчактаба, балам, күнүңдү көр. Ыраазымын сага, батамды берем» – деп, айтар жообумду камдап, сүйлөшүүгө даяр болдум. Сыр алышкан, бирине бири күйүшкөн кишилер адамдын оюндагысын айттырбай билишет окшойт. Мен ошондо кандай санаа чегип келе жатканымды Алиман билген экен. Бирок анын сөзү мен күткөндөй чыкпады. Ордолуу отон талаам, сенден жашырган сыр барбы, Алимандын ошондогусуна, анын айткан сөздөрүнө, анын тоодой адамгерчилигине, кыйышпас боорукерлигине ыраазымын, өлөр өлгөнчө ыраазымын, бирок өзүмө нааразымын, өзүмө наалат айтам...

Эмне үчүн ошондо боштук кылдым, эмне үчүн Алимандын сөзүнө жаш балача соорондум?

Касымдардын чарбагынын жанынан өтүп бара жатканыбызда, там салабыз деп камдаган дөбө таш, нечен жылдап жаан-чачынга калып, эзилип бүткөн кирпичтер үймө топурак болуп жатканы көзгө түштү. Жаштар согушка кеткенден бери бул жаңы көчө ошол бойдон ээн калган, айлана тегерегин коолаган ала-бата, уйгак басып, алардын арасында аркандалган музоолор жүрчү. Уранды дубалдардын баш-башында үпүп-куштар көкүлдөрүн тарап, жаздын ырайына берилип, беймарал гана сайрап отурушкан экен. «Капырай, там-жай салып, өзүбүзчө түтүн булатабыз дегендер кайда калды? Карачы. Байкуш Касымыма да буйрубаптыр да», – деп, санааркап келе жатканымда, Алиман мени жалт карады, да катуу үшкүрдү. «Эне, – деди ал мага, – мынча эмне бөксөрдүң? Же жакшылыктан таптакыр эле түңүлүп калдыңбы? Антпечи, энеке, бошобочу мынча, кайратың бир элчелик бар эле го. Бери отуралычы, мындай, дөңсөөгө, сүйлөшөлүчү». «Азыр айтат, кетем дейт эми!» – деген ой каңырыгымды түтөтүп жиберди. «Отуралы, сүйлөшөлү» – дедим мен да. Жол боюндагы дөңсөөгө кайнене-келин болуп, акыл чечмекке отурдук. Алда, Алиманым ай, мынча неге, мээримдүү болуп жаралдың эле! Ошол ак көңүлчөөктүгүң өз башыңа жеттиби, ким билет? «Эне – деди ошондо Алиман. –  Куураган согуш бүттү эми. Акысы калган жок. Мындан нары кантебиз деген оюңда бар чыгар. Кейибе, энекебай. Дүйнө ушунчалык эле адилетсиз болуп кетти дейсиңби? Маңдайыбызга жазылган жакшылыктын жугу да калбады дейсиңби? Бир үйдөн кеткен төрт кишиден кантип эле бири аман кайтпасын. Жо-жо, эне, коё тур, менин сөзүмдү ук. Ак дилимди айтам, эне, көңүл уласам кудай урсун: анда өзүмдү өзүм алдаганым. Ишенгин мага: жакшылык колдосо, кичине бала аман кайтып келет. Кабарсыз кетти дегени – аман дегени, эне. Ким билет, колго түшүп кеттиби, тентип адашып кеттиби же жарадар болуп, токойдо жашынып жүрөбү, айтор, эртеби-кечпи Жайнагың жарк этип кайтып келгенде билерсиз. Дарексиз дегенинен түңүлбөйлү, эне. Дарексиз эмес, өлдү деп кара кагаз келген кээ бирөөлөр кийин тирүү кабары чыгып, ал түгүл, жогорку айылдык бир киши, те төмөнкү казакта да ошондой окуя болду, өзүң угуп жүрбөйсүңбү, аш-суун берип койгондон кийин аман-эсен кайтып келишти. Ал эми биздин кичине бала – аман эле, көкүрөгүм айтып турат. Кантип эле төрт кишиден бири кайтып келбесин. Сабыр кылалы, эне, күтөлү. Бери карачы, эне, мен деле сенин балаңмын да, башта келиниң болсом, эми уулуңдун ордуна уулдай көргүн. Андай эмес десең, макул бет алдыбыздан басып кетели, анда эмне болот. Касымдын арбагын сыйласам да жалгыз таштап кетпейм сени, эне. Андан башкасын өзүң бил...»

22.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.