Мурза Гапаров
Экөө ээн бакта

Бак туташкан тоолордун этегинде.
Бак чексиз кең.
Бактын эгеси жок.
Бак жапайы.
Миң түркүн дарактар өз алдынча гүлдөп, мөмөлөп, мөмөлөрү ит-кушка, курт-кумурскага жем болуп, чирип-ирип жок болот…
Бактын баянын эч ким билбейт, байыркы замандан бери эле жашап келаткансыйт. Бирок жыл сайын жаңы чырпыктар чыгып, көчөттөр көгөрүп, жаңыланып, жашарып турат…
Бакта күн бүркөө, суйдаң туман түшүп, себелеп жамгыр жаап атат…
Бактын чыгыш жагынан бир адам келип кирет. Үстү суу, колунда узун таяк, арып-азган аквалда…
Адам бакты аралап узакка узап барып, акыры бир дарактын түбүнө токтойт. Дарактын асты кургак.
Жолоочу даракка жонун жөлөп, бутун сунуп отуруп калат. Ошол замат бүткөн бою талыкшып, магдырап уйкуга кетет. Бирок негедир чочуп, көп өтпөй көзүн ачат. Караса, кашында кара чаар жылан турат. Каректери каректерине кадалып, тилдери титиреп, адамды арбап аткансыйт. Адам аптыга түштү. Анткен менен жылан ага катылбады. Кайра койкойгон башын буруп, калың бариктердин арасына сойлоп кирип, көздөн кайым болду…
Ушул учурда адамдын алдына топ этип алма түштү. Алма ак-кызыл түстө, туптунук… Адам алманы алып качырата жей баштады. Алма ширин чыкты. Дагы жесем деген ниетте төбөсүн карады. Карап, айран-таң калды. Көрсө жөлөнүп отурган дарагы алма эмес, жаңгак экен. “Анда каяктан түштү бул алма?” деген ойго кетти. Адегенде маңдайындагы дарак көзүнө урунду. Бирок анысы чынар эле. Чынар оголе жоон болчу. Түп жагы көңдөй көрүнөт, боорунда боз үйдүн эшигиндей кичине эшик карарат. Эшиктин оозунда капкара чачтуу аял отурат. Өрүлбөгөн коюу чачтын арасынан кууш жүзү гана агарат. Аял бейтааныш эркекти аңдый карап, шашылбай алма жеп атыптыр. Качан экөө кездешкенде, ал ага мулуюп койду.
– Арыбаңыз, – дей салды жолоочу аз-маз алдастап.
– Бар болуңуз,- деп алик алды аял.
– А-а… алманы сиз ыргыткан турбайсызбы?
– Бекер отургуча, жеп отурсун дедим.
– Рахмат.
– Аш болсун.
Экөө тең унчукпай алма жей башташты.
– Каяктан каякка баратасыз?
Жолоочу ойдолоктой түштү.
– Чыгыш жактан…
– Батыш жакка?
– Ооба…
– Жолуңуз узак экен.
– Узак…
Эркек энтигип алды.
– А-а өзүңүзчү?
– Мен ушерде жашайм. Ушул үңкүр – менин үйүм.
– Коюңузчу?
– Былтыртан бери. Былтыр мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам…
– Мага окшоппу?
Аял эркектин суроосуна этибар бербеди.
– Жолдо жети жолу күн батырып, жети жолу таң атырып, акыры ушул бакка келип киргемин. Кирип, кийин мындан чыккым келбей койду.
– Ажайып бак экен.
– Бейиштин багы.
Эркек тунжурай түштү.
– Эгер каршы болбосоңуз, мен да бүгүн биерде түнөп калайын. Абдан чарчадым.
– Уруксат сурагыдай, мен бактын ээси эмесмин. Кааласаңыз, биротоло калып калыңыз. Антсеңиз, андан жакшы. Экөөбүз бири-бирибизге эрмек болобуз…
Аял жароокер жылмайды. Эркек эрип кетти.
– Сиз туура баамдадыңыз: барар жагым белгисиз…
– Анда жетер жериме жеттим деп билиңиз.
– Жан дилим менен.
Экөө элире тиктешти.
Туман тарады. Жамгыр басылды. Дарактардын арасынан батып бараткан күн көрүндү. Бактын ичи кочкул кызыл нурга толуп, көлөкөлөрдүн тытылган тору жайылды…
– Эми жүрүң, кечки ырыскыбызды терип жеп келели, – деп калды аял, үңкүр үйүнөн чыгып.
Эркек эсейе түштү: аял жылаңач көрүндү көзүнө. Эңкейишин эле эптеп эски чүпүрөк менен калкалап коюптур, калган жагын жайылган чачы гана жаап турат.
Аял анын аңкайганын аңдады.
– Умай эненин кийими, – деди күлүп. – Бакта бир жыл жашасаңыз, сиз дагы Адам атага окшоп каласыз.
Эркек сылык жылмайды. Бакты аралай басышты.
– А-а… кышты кантип кыштадыңыз? Таза үшүсөңүз керек?
– Биерге кар түшпөйт экен.
– Ырас элеби? Сонун турбайбы! Мен ушунчалык үшүкчөөлмүн.
– Анда кадырыңыз жам болсун.
Эркек эми эки жагын куунак карады. Чын эле азыр ага жылдын төрт мезгили аралаш көрүнүп кетти. Бир эле учурда дарактардын бири бүрдөп, экинчиси гүлдөп, үчүнчүсү мөмөлөрү бышып, эзилип жерге түшүп турат. Туш-туштан куштар сайрап, түркүн түстүү көпөлөктөр учуп-конуп жүрүшөт.