Мурза Гапаров
Экөө ээн бакта

Аста-секин ай чыкты. Ай нурлары алмуруттун аппапак гүлдөрүн аралап өтүп, көлгө себилди. Көл үстүндө эки кара баш калкып сүзүп жүрдү.
– Айтмакчы, атың ким, айым кыз?
– Акшам. А сеникичи?
– Актаң.
– Актаң…
– Акшам…
Экөө кайра жанашып, өбүшүп алышты.
– Жүр эми, үңкүр үйүбүзгө кайталы, – деди кыз.
Көлдөн чыгышып, барар жактарына бет алышты. Айдыңда ар кайсы даракка асылышып, анар, анжир, курма сыяктуу мөмөлөрдөн үзүп жеп баратышты.
– Акшам…
– А-а?
– Сен бая: мен дагы сизге окшоп, белгилүү тараптан белгисиз тарапка бет алгам, – деп айттың. Ал эмне дегениң?
– Ал дегеним: экөөбүз тең ашыглыкка азгырылып, анан анын азабынан, ата-журтубуздан айрылып, минтип барса келбес жолго чыгып отурабыз…
– Демек, сен дагы…
– Мен дагы… Сага окшоп…
Актаңдын оор жүгү жеңилдей түштү. Көңүлү көтөрүлдү.
– Анда айтып берчи, – деп калды ал куунак түрдө.
– Жок. Авал өзүң айт, – деди Акшам. – Кана, башта.
Актаң макул болду.
– Мен ушул жылдын жазына чейин үйлөнгөн эмесмин. Ойноп-күлүп жүрө бергенмин.
– Жаштыктын дооранын сүрүп.
– Ооба… Анан атам, аймактагы атактуу адам, элден намыс кылып, акыры ой-боюма койбой үйлөп салды. Бир жесир аялдын кызына…
– Эмне үчүн жесир аялдын?
– Аялдын эри атамдын жанбирге досу болчу. Атам ошонун арбагын сыйлады. А тойдун эртеси кайнэнем: “Аяш, эми ээн үйдө эңгиреп жалгыз каламбы? Кыз-күйөө мени менен жашасын” дегенинен, атам ага да макул болду. Ошентип, мен күч күйөө катары жашап калдым. Кайлыгым он алты жашар, уялчаак, ишенчээк, баео кыз. Бара-бара жакшына аял болуп бермек, бечарам. Бирок буга жеткирбеди апасы…
– Апасы?
– Кайнэнем кыркка кирелек катын…
Актаң аялдай түштү.
– Кызга бергис жубан беле?
Актаң башын ийкеди.
– Акылды азгырган азыткы эле… Кызы көшөгөдөн чыга элек жатып… кызгана баштабадыбы?
– Кызын сенден?
– Мени кызынан.
Акшам айдың бакты жаңыртып каткырып калды.
Күлкүсү куду тоо суусунун көбүгүндөй көбүрүп көрүндү.
– Ушундай болушун каалап тургам.
– Каалап тургам?
– Кызык да! Энеси кызын кызганбай, кызынан күйөө баласын кызганганы. Айт ар жагын. Тезирээк!
– Кызын көшөгөдөн чыгарбай эле койду, мастан. “Жо-жок, сен отура бер, карегим. А күйөө баладан камсанаба, өзүм ардактап алам”, – деп.
– И-и, кантип ардактады анан?
– Кызматчы аялдай кызмат кылды: колума суу куюп, сүлгү сунат; бутумду өзү жууп, өзү арчыйт; уюба деп желкемди укалайт, ысыба деп желпип турат. Кийгеним күндө жаңы, ичкеним арак-шарап, а кашымда акышы артык, кылыгы күч кайнэнем… Бир жолу ошондой отурушта ойноп айтып калды: “Зайыбың али жаш. Сен аны анча кыйнаба”, – деп. Мен дагы онун ойнун ойнодум. “Кыйнаганым жок…”, – дедим аңкоолонуп.
“Көрүп атам, угуп атам”, – деп койду мугамыр мулуюп.
Кийин билсем, түндөлөрү уктабастан, караңгы үйдүн караңгы кааналарын кыдырып, көшөгөбүзгө көлөкөсүн түшүрүп, ойноп-оонаганыбызды көрүп, сүйлөп-күлгөнүбүздү тыңшап жүрүптүр.
Акшам дагы бир шаңшып алды.
– О-о, элестетип атам, – деди билерман кишиче. – Кызганчаак катын кыйын кыйналган экен. Кыялында далай жолу жулунуп көшөгөңөргө кирип барып, кызынын бетин аймап, чачын жулуп, а сени чалкаңан жыгып, үстүңө үйрүлүп түшкөн тура, бейбак.
Актаң да күлдү.
– Акыры кыялын ишке ашырды. Бир күнү: “Бүгүн аялың эс алсын, сен бөлөк бөлмөгө жат”, – деп калды. Эмне демекмин? Унчукпай макул болдум. Кайнэнем кызынан кылбат каанага төшөк салды. А мен чечинип, шамды өчүргөндө желегин желбегей жамынып, желпинип кирип келди.
“Кыңырылба, кызымдын кызматын кылып берем”, – деди желегин жерге ыргытып…
– Токтой тур ушул жерде, – деп шыбырады Акшам Актаңдын оозун оозу менен жаап. – Ал азыткынын айтканын өзүм аткарам…