Мурза Гапаров

Экөө ээн бакта

Мурза Гапаров

– Айтканыңыз акыйкат, бул бейиштин багы экен, – деди эркек аялды эреркей карап.

– Адам ата менен Умай энебиз ушундай жерден куулуп отурбайбы.

– Умай энебиз алмага азгырылбаганда…

– Ага адамча сүйлөгөн жылан айыптуу.

– Эмнеси болсо да, экөөнүн кылмышынан кийин күнөөсүздүк кылымы кыйрады.

– А менимче, ошол жакшы болгон экен, – деди аял ойноктоп. – Эмесе экөөбүз минтип бу дүйнөнүн даамын татып, күнөөсүнө батып, жыргап жашайт белек. Чынбы?

– Чыны-го чын…

Аял алдына басып келишкен алчадан уучтап үзүп алып, экөөсүн эркекке сунду. Жалтыраган капкара алчалар эле. “Аялдын каректерине окшош экен”, – деп койду эркек ичинен. Ачык айтканга тартынды.

Бирпастан кийин булар эки кыргоолго туш келишти. Кыргоолдун кыпкызыл корозу боппоз мекиянын ашыглыкка азгырып, кууш куйругун жайып таштап, аны айланып бийлеп атыптыр.

– Ой ушулардын сүйүү ышкысы өттү, – деди аял армандуу. – Каякка баспагын бийлешип-туйлашып, өбүшүп-тебишип жаткан жан. Кубалашкан көпөлөктөр, чырмалышкан жыландар… Мүйүздүү башын мүйүздүү башка артып алып магдыраган маралдар… Караңгыда калкандарын кагыштырышкан таш бакалар… А бир жолу сейилдеп жүрүп, эргежели жез кемпирге кез келдим. Жезкемпир куураган куу жыгачты минип алып, кутуруп кеткенсип, нары-бери күйүгүп чуркап жүрөт. Кызыгып карап калдым. Карасам жез кемпир дегеним – чүткор болуп чыкты. Ийилбес ийнелери үрпөйүп, тикенектүү куйругу титиреп, көздөрү бозоруп алган. Көрсө, кургуруң, куу жыгач менен атайлап денесин дүүлүктүрүп атыптыр. – Аял аяр күлүп койду. – Ашыглыктын азгырыгы менен азабы бардык макулуктар үчүн бирдей окшобойбу.

Эркек арсар жылмайды.

Алар калдайып өскөн картаң алмуруттун жанына жетип токтошту. Алмурут аппапак болуп гүлдөп турат. А анын астынан кайнар булак кайнап чыгып атат. Булак башатында оргуштап, ордонун ордундай тегерек көлгө айланып, анан андан нары агып кетет. Көл жээгин жашыл эңилчек каптап, үстүндө булуттай буу каалгыйт.

– Ой, кайнар булак! – деди эркек өңгөчүн тартып.

– Бакта баскан жагыңыз – кайнар булак, – деп айтты ал. – Мен күнү-түнү киринип турам буларга.

Аял аялдабастан көлгө кечип кирип кетти. Көл аны көкүрөгүнө чейин көмдү.

– Кана, чечинбейсизби?

Эркек арсар аквалда калды.

– Экөөбүз бирге жуунсак уят болбойбу.

Аял каткырып алды.

– Кимден уяласыз? Биерде бизден башка эч ким жок.
Эркек чечкинсиз чечине баштады. Жегдеси менен өкчөсүз өтүгүн чечип, шымына келгенде дагы тайсалдады.

– Кечиресиз… Ич кийимим жок эле…

– Ого бетер жакшы экен, – деди аял жайдары жылмайып. – Бир жылдан бери жылаңач эркекти көрө элекмин…

Эркекке кубат болду мунусу. А шымын шыпырып таштап, көлдү бойлоду.

– Ох, кандай рахат… Суу сонун ысык турбайбы.

Ал адебестен денесин жууп кирди.

– Узак жол басып, кирдеп кеттим, – деди актангандай.

– Эчтеке эмес. Эми экөөбүзгө эч кандай кир жукпайт, – деп жубатты аны аял.

Анан эркектин оозун ачыра койбой, алакандары менен артын жышып кирди. Эркек буга көшүп туруп берди.

– Колдоруңуз жаман жумшак экен, – деп койду бирпастан кийин, үнү каргылданып.
Эми аял алдына өттү. Экөө тең орто бойлуу эле. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү тийишип кетип атты. Денелеринен көзгө көрүнгүс учкундар чачырап, жан жерлери жалындаганы калды булардын.

– Кийимчен кырктагы кишидей көрүнгөнсүз, эми карасам, желдеттей жигит турбайсызбы.

– Жыйырма жетидемин.

– А мен жыйырма экиде.

– Анан… абдан сулуу экенсиз.

– Сиз дагы…

Айткандары чын эле. Аял кымча бел, эмчектери чагылгандын ташындай катуу, ажары айдай тунук, а ой-кыялы ойноку окшойт… Эркек болсо арыкчырай, кыр мурун, аялдын түтөгөн кара кашындай муруту бар, сүйлөгөн-күлгөнү сыпайы, мүнөзү – сүйгөнгө да, күйгөнгө да даяр экенин элестетет…

Аял аны сылык сылай берди. Акыры ал чыдабай, аялды кыса кучактады. Экөөнүн маңдайлары сүзүшүп, көздөрү сүзүлүп, эриндери эрип кетти. Тизелери тирешип, көкүрөктөрү өйкөлүп, таптакыр тилден калышты…

30.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.