Сардарбек Рыскулов
КАРА ШУМКАР
УЯ ТАЛАШ
Чырпыктынын капчыгайы өрөөнү узун болгону менен эки бети кууш, тар капчыгай, өрдөп олтурсаң улам жогорулаган сайын бийик. Улуу тоолордун алкымына чейин созулат. Бирок башы туюк. Атчан киши түгүл жөө адам басып өтө албайт. Өрөөндүн башынан учуна чейин коктунун таманын тең жарып, сойлогон жылаандай ийрелеңдеген анчалык чоң эмес чакан суу агат. Капчыгайдын он жаккы бети дагы, сол жаккы бети дагы касаб жарлар. Анда-санда гана ташка жабыша чыккан түп-түп ит мурун, шилби, арчалар алыстан-алыстан сербейип көрүнөт. Кээ бир жерлери тимеле кылыч менен жара чапкандай типтик. Ала-сала көргөн адам жогорку бийиктиктен туруп төмөнкү суу аккан коктунун таманын эңкейип караса башы тегеренип, жүрөгү опкоолжуй түшчүдөн. Канаттуу куш болбосо жан дит багып карачудай жар эмес.
Ошол капчыгайдын эки бетин алмустактан бери канаттуулар уялап, канаттуулар ээлейт. Бир уя бүркүттүкү болсо, бирөө жорунуку, бирөө ителгиники болсо, бирөө ылаачындыкы, бирөө турумтайдыкы болсо, бирөө жагалмайдыкы. Айтор уядан уя, үңкүрдөн үңкүр. Ала карга, кара карга, көк карга, үкү, кулаалы, айры куйрук, балта жутар, көк кутандан баштап, канаттуулардын түркүн-түркүн түрлөрү ушул Чырпыктынын жарларында жазында жумурткалайт да, анан канат куйругу жетилип торолгондо балапандарын учуруп кетишет. Кимиси кайда кетип, кимиси кайда жүргөнү белгисиз. Балапандар аккүп, темир канат болуп калган учурда ошерде болсоң өрөөндүн эки бети кой төлдөп, козу жамырап жаткандай ызы-чуу, күрү-күүгө кулак тунат.
Мамбеталы саятчы ошол жылы жазда жедеп адат болуп калган жоругун улап, ат тезегин кургаткан жок. Чырпыктынын капчыгайын күн сайын өрдөп, анын эки бетиндеги зооаскалардын кычык-кучук ой чуңкурларына алыс-көз чаптырып, кайсынысы кандай жерге уя салганын байкап жүрчү. Жедеп бешиктен бели чыккандан тартып алгыр канаттуулардын артынан түшүп, тор жайып, кылтак салып, тузак тартканды өнөр көрүп калган саятчы мындайда үйүнө бир күн да тынч алып жатабы. Дамамат кудайдын куттуу күнүн кур калтырбай көнгөн киши кызык устүндө болуп, кесибин уланта берет эмеспи.
Ошол жылы жаздын асманынын ачык күндөрүнүн биринде Чырпыктынын капчыгайын өрдөп олтуруп, алкымдап калган учурда бир укмуштуу кызык окуяны көзү менен көрүп, кызыгына батты Мамбеталы. Канаттуулар жаз алды менен туутка камынып эски уяларын оңдоп, кай бирлери жаңы уя түптөп жаткан учуру болучу. Адатта алгыр бүркүттөр улуу тоолордун жалама аскаларынын адам баласы даап бара албагандай бийик беттеринен ыңгайлуу жай таап, анан ошол жерге уя салат эмеспи. Айрыкча бүркүттүн балапанын алыш оңой-олтоң иш эмес. Ага аракеттенгендер жанын оозуна тиштеп, өлөр-тирилерине карабайт. Даана жан кечти деп ошолорду айтат. Төрт тарабы тең туптуюк бүркүт уяга айлакерлер төбөсүнөн түшүүгө аракеттенишет. Адегенде чокусунан ылдый аркан чубатып көрүшөт. Атайын коюлган кишилер аркы өйүзүнөн же төмөнкү оюнан аркандын учунун уяга жеткен, жетпегенин карап турушат. Дааналап өлчөөсүн тактагандан кийин эки-үч кыл арканды кабаттай эшип, анын бир учун уяга түшчү «баатырдын» белине бекем байлап, экинчи учун төбөсүнө житире казык кагып, ошого бекитишет. Ал аз келгенсип үч-төрт киши кармап турат. Анан уяга түшчү «баатырды» зоо ылдый жылмыштырып типтик коё берет. Шар коё бербейт. улам саап, аз-аздан жылдырып олтуруп уяга жеткирет. Эми ал уяга барганга чейинки жол азабынын жүзү курусун. «Жол азабы көр азабы» дегендей — тирүүнүн тозогу. Салаңдап түшүп баратканда этек-жеңинин бир жери оркойгон учтуу таштарга илинип чыкпай калса не болот? Же зооканын бетиндеги кылычтын мизиндей курч таштардын бирине туш келип аркан кыйылып кетсечи? Болбосо уркуйган бир борчуктун ашташына аркан кыпчылып калып ары да жылбай, бери да жылбай туруп калсачы? Бүттү... «Баатырдын» сөөгү сөпөт, эти эпет болот да калат. Ушундай эрдикти жасайм деп далай «баатырлар» күм-жам болгон эмеспи.
Мындай бийик зоолордогу бүркүт уяга түшкөндөрдүн белине таяктан узунураак эки метрче келген ичкерээк жыгачты туурасынан байлап коюшат. Антпесе уяга түшүп бараткан адам чимирилип айланып кетет да, аркан жазылып олтуруп чарт үзүлөт. Ал эми байланган жыгач болсо адамдын тегеренип кетишинен сактап, арканды жазылтпай эки башы жалама таштарды сыдырып, улам ылдыйлап жыла берет. Белинен байланган «баатыр» ошентип олтуруп уядагы балапандарга жетет. Андай эрдиктер ушуну менен эле бүтсө болбодубу, бүтпөйт. Кокус уядагы балапандарына аракет кылып жаткан душмандарды бүркүттөр көрүп калса, анда балакет болду дей бер, тиги арканга байланган киши түгүл жондо калган тобуна кол салат. Ошондой кокустук болуп калбас үчүн кырда турган адамдар улам качырып сала берген бүркүттөрдү чочутуп мынтык менен атып турушат. Ал түгүл балапанга барган «баатыр» да өзү менен кошо мынтык ала кетет. Болбосо уясына жакындаган адамды иче-кардын жара тартып, серпип таштаган бүркүттөр да болгон. Мындай эрдик иштерге баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү дит багып барбаса, кокус «сен барасың»—десе эле жөнөй берип, бирок тигиндей окуяга кабылганда «алаасын» булгаган «баатырлар» да болгон да.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.