Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

Мынабу «Бука баш» атка мингенден бери жаман эмессиңер. Ар жагы Күрүчбек элинен Түркмөн, Биялы, бер жагы бүтүн Жумгал өрөөнүн аркы өйүз, берки өйүзүнөн тартып Кызарттын белине чейин ажыдаардай аймап, оп тартып жаткан Байзактын оозунан бизди ажыратып сууруп чыккан жалгыз ушул «Бука баш» болбодубу? Же жалганбы менин сөзүм?

«Ырас-ырас Кукелеп» Куйручукту эл колдоп жатты.

— Мына эми Көкүмбайга көлдөн бирөө бир чымчык тартуулап келсе, жүз кой бериптир Дуулат уулу деген кабар эртең эле калкка «дүңк» дей түшсө «Бука баштын» зоболосу мындан бетер көтөрүлүп, төбөсү булутка жетпейби? Же жалганбы меники?

— -Ырас-ырас Куке».

— Менменсип бетине чыгам деп жүргөн тең ата мындан ары баш көтөргүс болбойбу. Же жалганбы меники?

«Ырас-ырас, Куке, ырас-ырас». Куйручук: «Жалганбы, жалганбысын үстөккө-босток күчөтө айтып жатып токтоду да, анан элди карап көпкө чейин мостоюп туруп калды. Эл «берелиберели» деп бир ооздон дүркүрөштү. Куйручук дагы чаңырды:

— Берсеңер эртең эртең менен мен барганча короодон коюңарды чыгарбай тургула. Өзүм тандап алам!

Эртеси жүз ак кызыргалды чоп-чогуу даяр болду. Куйручук Бекболоттон баштап эки жүз кою барлардан гана чогултуп, андан кийинкилерине бир токту да тарттырган жок. Көкүмбай Мамбеталынын алдына аппак жүз кызыргалды салып берип жөнөттү, Жеткиришип келгенге эки инисин кошту. Бул даңк Жумгал, Кочкор эмес, Атбашы, Нарын, Көл айланасына чейин «дүңк» дей түштү.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.