Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

 Мамбеталы «баатырдын» жоо менен беттешпей, капыл-тапыл өлгөнүнө өкүндү. «Эр энөө болот» деген ушул. Энөөлүгүнөн алдырды да, болбосо ошол муштумдай неменин колунан келет беле?» Мамбеталы бүркүттү өлүмгө кыйбай: «Кокус талуу жерине тийсе эс алдырып алам го» деген ойдо шаша жетип барган. Ал бүркүттүк узун чалгындарынын учтарынан кармап ары дагы, бери дагы ала салдырып көрдү. Жок, жан жок. Көрсө эки далынын ортосундагы кыр аркалар күкүмдөй талкаланган окшойт. Мамбеталы кол тийгизген сайын сөөктөрү кычырап турду. Анан өзүнчө кобурады: «Кайран гана кыраан, кайран гана асыл, тирүүңдө көк асманды нечен жолу чарк айланып сыздың ээ. Кебездей ак булуттарды жарып өтүп, далай-далай аска зоолордун катмар-кабатын, ой-чуңкуруна чейин арытып эчки-теке, аркар-кулжаларды бир зоодон бир зоого көтөрө чаап учкандырсың. Кезеги келгенде карышкыр, илбирс, аюу, жолборсторго да кол салгандырсың. Мынабу карыш-карыш шадыларыңдын узундугу, уу тырмактарың өзү эле айтып турбайбы. Ошолор кантип тирүүнүн жанын койсун, ар бирин адам дит багып карай алчудан эмес. Көргөн көзгө эки миздүү канжардай илеби муздак учурайт. Мынабу олуп алчудай айбаттуу көк тумшугуңдун иймекей учу далайлардын кардын эше тартып, далайлардын жүрөк, боорун жарып, ысык канына баткандыр».

Мамбеталы бир аз токтоло калып баш чайкап оор улутунду: «Мына тагдыр деген ушул экен го чиркин!.. «Кечээки көргөн бүгүн жок, бүгүнкү көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө шок». «Карачы муну. Кайран гана асыл, кайран гана кыраан, тирүүсүндө учу-кыйырына көз жетпеген көк асманды жеке ээлеп, бул кеңдикке менден башка бийлик кылар, менден башка эгедер болор макулук жок деп жүргөндүр ээ. Кийин соңку өмүр менен өлүмүн ойлоду бекен бул эргул? Ай ким билет? Малдыр-жандыр, адамдыр, айбандыр, асманда эркин учуп канат кагып жүргөн куштур, акыр түбү айланып олтуруп өмүр аягы өлүм болуп бүтөт экен го! Туулганың чын болсо, өлөрүң андан да чын. Туулбай калышың мүмкүн, өлбөй калышың мүмкүн эмес тура».

Ушундан кийин Мамбеталы өлгөн бүркүттүн денесин колтуктаган бойдон ооздугу менен оттоп аткан атына жетти да, аны көрпөчөсүнө ороп бөктөрүп койду. Бөктөрүнчөктүн бир жаккы учунан бүркүттүн тумшугу менен башы, экинчи жагынан канат куйругунун учтарына аралашып буттары менен тырмактары арсайып чыгып турду. Мамбеталы аттын башын буруп, жуп бастыра берерде асманда дагы күр-күр, дагы шар-шар башталды. Барк-барк эткен ителгинин үндөрү, күн күркүрөгөндөй дүңгүрөткөн бүркүттүн добушу угулду. Мамбеталы мойнун буруп көктү караса баягы эки ителги. Ортодо далдайган чоң кара бүркүт. Сыягы тиги өлгөн бүркүттүн түгөйү болсо керек. Бирпастын ортосунда асмандын тынчы кетти. Жалгыз да болсо бүркүттүн жаасы катуу. Ителгилердин биринен сала биринин артынан түшүп, алардын үрөйүн учурчудай күркүрөп-шаркырап, сүрдүү добуш салып, аяңбуяңга келтирбей сесин алып жиберди. Ылдый тике качырса да, кайра асманга атып чыкса да, эки канатын бооруна бек кыса куушуруп, качан гана көздөгөн жоосуна жакындай бергенде арбайган колдорун жоон балтырларына чейин шымалана сунуп жиберип аткып алчудай абалга келе түшөт. Кокус тиги ителгилердин бирөө анын арсайган чеңгелинин бирине илине калса, мыкчып туруп коё берген күндө да чымындай жаны кала турган эмес. Өпкө-жүрөгү, иче-карды, кан-жини аралашып бытмыйы чыкчудай. Бирок, ителгинин кайсынысы гана болбосун бүркүт шукшурулуп чукул кирип келип, серпип аларга аз эле калганда, ай эми илип кетти го дегенче болбой, андан шып буйтап асманга типтик атып чыгат да, анан ошондон ары жоголуп житип кетпестен кайра кырданып аңтарыла түшүп барып төмөн жагында калган бүркүттү көздөй сайылып кирет. Канча кылган менен ителгилер аларман келет эмеспи. Өзүлөрүнөн алда канча чоң, айбаттуу десе айбаттуу, каардуу десе каардуу, күчтүү десе күчтүү жоосунан жүрөксүп апкаарыбай, өжөрлүккө салып тартынбастан согушуп жатышты. Бүркүт ителгилердин бирөөнүн артынан сая түшүп, жуп чеңгелдеп кетерине чукул калганда, экинчи ителги бүркүткө кулач бою жете келип дал ортого таамай муштап өтчүдөй камданып калганын көрөсүң. Үстүндөгү коркунучту байкаган бүркүт алдыңкы жоосунан арткысы күчтүү экенин сезип, кайра чалкалай калат да ага арбайган тырмактарын тосот. Андай болгондо ителги бүркүткө жолой албай жазгап өтөт. Ителгини бүркүт, бүркүттү ителги жогору жагына чыгарбоого аракеттенишет. Этек-жеңди жалап өткөн мынтыктын огундай бири-бирине дал тийише албай коюшту. Канаттын күүсүнөн зуу-зуу эткен гана үндөр асмандан жерге угулуп турду. Бүркүт менен ителгилердин уя талашкан согушу узакка созулду. Чоң шашкеде башталган айыгышкан кармаш күн төбөгө жакындаганда бүттү. Шуулдаган канаттар асмандын коюу абасын уйгу-туйгу түшүрүп далай жолу чалмакейдей чалып, далай жолу кайра-кайра, ары-бери аралаштырып, чулгуп-чулгуп ташташты көрүнөт, тунук асман мунарыктап боз түшкөндөй болуп калды. Мамбеталы бул эки ителгини: «Ылаачын болуп жүрбөсүн» деп далайга чейин күнөм санап олтурган, анткени булардын кыймыл-аракети ителгилерге караганда ылаачындарга окшош эле. Тез-тез бурулуп, тез-тез кайрылышат. Мындай шамдагайлык ылаачында болоорун Мамбеталы беш колундай билет. Ал эми ылаачын дейин десең ылаачын ителгиден учкулдугу болбосо, коркок келет. Бүркүттөргө алгыр канатуулардан жалгыз гана ителги кол салат. Ага караганда булардын ителги экендиги даана. Бүркүт жалгыздык кылдыбы, анын үстүнө улам бийиктикке тез көтөрүлүп, тез түшүп жатканга, нары семиз (жапаныңда алгыр канаттуулардын баары семиз болот), нары эти оор кургуруң мурдагыдай бийик көтөрүлө албай эңиштей баштады. Асмандын жогору жагын ителгилерге алдырып жиберди. Дагы Мамбеталынын чала-моңол шектенгени, жанагы айыгышкан катуу салгылаштын биринде тигил экөөнүн бирөө бүркүттү жон талаштыра моңол нукуп кеткендей болгон. Балким ошондон уламдыр, бүркүттүн күүсү мурдагыдай болбой, бошоң тартып бастай түштү. Андан кийин ителгилерге каршылык да кыла албай, айбаты да мокоп, кайраты да кеткенсип, алар качырса улам чеңгелин тосо берип, мурдакыдай беттешип чабуулга өтө албай баш калкалап, өз жанын өзү коргогонго өттү. Эки ителги жоонун шайманы бошоп, жөн тарткан абалын байкап калышты көрүнөт, баштагыдан да катуу күчөп, алдан тайыган бүркүттү алма-терме, соккунун үстүнө-сокку урушуп, кайта-кайта биринен сала бири удаа-удаа койгулакка алып жиберишти. Дагы бир согушканда ителгилер бүркүттү жалпайтып таштамак.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.