Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

Ушундай азап-тозокко чыдап билгендер эрдикти көрсөтүп, уяга жеткенден кийин, адегенде өзү менен кошо ала барган куржунга балапандарды салып жогору жөнөтөт. Андан кийин чокуда калган жолдоштору аны тартып алышат.

 Чырпыктынын зоосунда ошондой татаал уядан бирөө бар эле. Аны жылына алп кара куштай болгон эки бүркүт ээлешчү. Башка бүркүттөр алардан уяны талашмак түгүл жакындагандан коркчу. Жыл сайын бир же эки балапан чыгарып, канат куйругу жетилгенден кийин учуруп кетишчү. Алардын балапандарын алыш үчүн адам дит багып уясына бара алышчу эмес. Мамбеталы саятчынын да нечен жолу кызыгып, нечен жолу шилекейи чууруган. Бирок колунан келген эмес. «Өлө турган жерге ким барсын» — деп эл анын акылына муюбай коюшкан.

 Мамбеталы Чырпыктынын өрдөшүн өрдөп олтуруп, баягы азаптуу бүркүт уяга жакындаганда окшоштугу бири-биринен айырмаланбаган капкара эки ителгинин ошол уянын оозунда чабалекейдей катар олтурганын көрдү. Аласала караганда кичирээк бүркүттөй көрүнгөн. Бир аз көз үйүр алгандан кийин экөөнүн тең ителги экендиги даана билинди.

Мамбеталы ойлоду: «Баягы берендер быйыл келбей калышкан экен го. Өлүп калыштыбы, же колго түштүбү? Уяны бул экөө ээлешиптир. Же булар ээн уя деп жатышабы? Кокус бүркүттөр келсе экөөнү экөө чеңгелдеп кетет эмеспи. Андан көрө шордуулар ушундайында башка жактан уя издеп, өз жайын табышсачы?..»

Мамбеталы ушундай ой жүгүртүп кылдыратып бастырып бараткан кезде, кайдан-жайдан чыкканы белгисиз асмандан күркүрөгөн добуштун үнү угулду. Мамбеталы баш көтөрүп көктү карады. Баягы кара бүркүттөрдүн бирөө— тиги ителгилер олтурган уянын накта ээси. Эки бутун салаңдата сунуп, алакандарын арбайта ачып, шадылуу колдорунун курч тырмактарын аткурдай арсайтып, далдайган канаттарын бооруна бекем кыса куушуруп, касташкан жоосуна найза сунуп качырып келаткан баатырга, окшоп, тээтиги уянын оозунда олтурган эки ителгини көздөй шукшурулуп сала берген экен кайран берениң.

Бүркүттүн дуулдаган дабышынын илеби жакындагандан жакындап, чукул кирип келгенин сезип калган ителгилер бүркүт жуп шыпырып аларда кош ооз мынтыктын оозунан чыккан октордой отурган орундарынан типтик атылып, экөө тең асманга көтөрүлүп чыкты. Күү менен келаткан бүркүт өз боюн өзү араң токтотуп, тигил экөөнүн бош ордун шыпырып олтуруп калды. «Улуксатсыз эшигимди ээлеп, төрүмдү төрлөгөн салпаяктар, канатымдын күүсү, тырмагымдын уусу менен далдайган айбатымды, күркүрөгөн кайратымды, ормойгон тумшугумду көргөндө жүрөктөрү оозуна келип, жай аларга жай, кирерге көр таппай безе качты бейм», — дегенчелик кылып өзүнө-өзү шердене түшкөн берендин ачуусу чыгып, тула бою жазыла түштү окшойт, ошондон кийин канат-куйругун камыштай шуулдаган чалгындарын кайра-кайра шалдырата-шалдырата силкип-силкип, шамал желбиреткен отор үйдүн тутусундай эки канатын далбак-далбак каккылап, бүткөн боюн таранып, коюу жүндүн арасынан сербейип чыккан бирин-серин талдарын иймекей чоң тумшуктун учу менен мурунку калыбына алпарып өз-өз ордуна, өз-өз ыгына жараша коюп жатты. Анан эки жагын каранып, айлана-чөйрөгө көз чаптырган болуп, куркуйган мойнун арыбери койкоктотуп, маңгил орок баштанган оркойгон тумшугун эки канаттын мүрүлөрүнүн кырларына чалгы кайрагандай жанып-жанып алды да, анда-санда капкайдагыны көргөн тунук кара көздөрү менен көгөргөн көк асманды, аны курсакка челип турган оркойгон асабалардын шиш чокуларын биринен сала бирин сыдырып карап коюп, уясынын оозунда козголбой локуюп отура берди.

Жанакы эки ителги коркуп калышканбы бийиктегенден бийиктеп олтурушуп, тунук асмандын киндигине теменеден тепчилип кирип кеткендей болушту. Мамбеталынын көзүнө ал экөө бүлбүлдөгөндөн бүлбүлдөп барып, асмандын айнектей тунук бетине эки тоголок кара тактай кадалып калды. Бир оокумда ошол эки кара тактын бирөө көгөргөн көктөн үзүлүп кеткендей түптүз ылдый, топтоголок кара таштай шуулдап, жакындагандан жакындаган сайын ачуу үнүн үстөккө-босток ышкыртып келатты. Бул добуш бүркүттүн күркүрөгүнөн күчтүү десе күчтүү, сүрдүү десе сүрдүү көрүнөт. Аңгыча болбой уянын оозунда эч нерседен капарсыз олтурган бүркүт тиги чукул кирип келаткан каардуу добушту сезип, ордунан обдула берерде күү менен келаткан ителги эки далынын дал ортосу көк желке талаштыра барыскан менен ургандай уруп өттү да, кайра асманга ылаачындай типтик атып чыгып кетти. Бүркүттүн эмне болуп, эмне койгонун кылчайып караган да жок. Бүркүт заңгелдин башындагы уянын оозунан төмөн карай далдайган бойдон ыргыткан тердиктей жазылып келип, суу жээгиндеги түзөңчөгө талп дей түштү. Муну көрүп турган Мамбеталы колунан чылбыр тизгинин ыргытып жиберип, аттын үстүнөн кандай учуп түшкөнүн билбей, тиги жайган теридей болуп жер кучактап жаткан бүркүттү көздөй чуркады. Мамбеталы жетер менен бүркүттүн оозунан уюган-уюган кара кандардын балт-балт түшүп жатканын көрдү. Бир аздан кийин бүркүт оозун бир-эки жолу ачып-ачып алды да, анан көздөрүн жашылдантып жарык дүйнө менен түбөлүк коштошту.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.