Сардарбек Рыскулов
КАРА ШУМКАР
Куйручук Көкүмбай менен айылдаш. Бир чети тууган, экинчи чети теңтуш. Бир күнү Көкүмбайды үйүнөн обочороок алып чыгып маңдайлаш олтурду да, акылын сурады:
— Ии, досуңдун келгенине көп болду. Эмне үмтөтүп, эмне сурап келген сыягы бар? Эмне берип жөнөтөйүн деп турасын? Байкоомдо аз күндөн бери көзүмө сакасын жоготкон баладай көңүлүң чөгүңкү көрүнөт? Деги сырыңды айтчы, акылга акыл кошулат деген. Менде да кырчаңгыга котур аралашкандай же жинди эмес, же соо эмес бетти тытып алчудай ырсаңдаган бейбаш акылдар бар, ошону сеники менен аралаштырып жиберсек кымкуут, чак-челекей түшүп олтуруп арасынан жылт этип бир керектүүсү чыга калып жүрбөсүн, деги айтчы чын сырыңды?
— Ээ, Куке! Досум баланча бересиң деп салык салбайт. Чоо-жайын тартып көрсөм, кой тукум сурап келгендей сыягы бар. Өзүмдө жок экенин билесиң. «Шумкарыңды кайра алып кет», — дегенге ооз барбайт. Антейин десем намыс өлтүрүп жатат. Же туугандарыма сөзүм өтпөйт, сөзүм өтсө да баланча бересиңер дегенге оозум батпайт.
Куйручук Көкүмбайдан сөздү шак жулуп алды:
— Оо, кудай урган «Бука баш» (Куйручук Көкүмбайды дайым «Бука баш» дечү. Көкүмбайдын башы чон киши болучу). Ата-бабадан келаткан салтты бузабызбы. Тартуу деген сыймык, ырыскы, киреше. Балким ушул кара шумкар менен кошо башыңа ого бетер сыймык конуп, бактың даражаң көтөрүлөр! Кара шумкар кара шумкар эмес эле ушунча жумурай журттун ичинен сенин төбөңө келип конгон зымырык куш болуп жүрбөсүн. Зымырык куш деген хан болор, падыша болор кишинин төбөсүнө келип конот дечү. Аны сен билип коюптурсуңбу Бука башым. Көп шылкыйба, эртең агайын-тууган, ага-инини бүт чогултам. Өзүң баштап биздикинде болосуңар. Сөз бүттү.
Куйручук этегин кагып ордунан туруп кетти. Артынан «Бука башы» Көкүмбай ээрчип басты.
Топтошкон Дуулат уулу эртеси Куйручуктун үйүнөн анчалык алыс эмес дөбөчөгө чогулушту.
Чакырылгандардын аягы суюлуп, бүт келгенден кийин чокчо сакалын улам-улам экчеп, эки жагын каранып ак калпагын бирде желкесине, бирде маңдайына келтирип топтун ортосуна тура калып эл куудулу, сөзүндө эми бар чечен Куйручук шаңкылдап сүйлөп кирди:
— Ага-ини, мынабу «Бука башка» көл тараптан бир «чымчык» тартууга келиптир. Атактуу күлүк ат, ашынган жорго, бойго жеткен сулуу кыз сурабайт, сураганы оңой экен. Тартуусуна алар колкосу кой экен, кой болгондон кийин оңой экен. Кой колдон келет го? «Бука баштын» миң кою болсо бизге айтпай эле өзү жөнөтүп жибербейт беле. Мунун жайын кандай кылалы?
Көкүмбайдан кыңк этип үн чыккан жок. Эл жер карап жымый түштү. Бир оокумда топтун арасынан Бекболот тура калды. Бекболот Дуулат уулунун ичинен байыраагы боло турган.
Жалгыз аты Нарбаш күлүк чыккандан бери бир аз оңоло түшкөн, болбосо бул деле анчалык жарып кеткендердин бири эмес. Нарбаш бирде чыкса, бирде калат. Чыгып келсе байгесине да ээ боло албайт. Эл бийлегендер соогатка талап кетип калса колунда азоолак бирдеме калат, калбаса жок. Ошондо да Көкүмбайдын айдыңы менен бирдеме тиет, тийбесе жок.
— Куке, деги бере турган малыбыздын чеги барбы, ошону уксак деп турушат бул чогулган эл? — Бекболот отургандарды бирден сыдырып кыдырата карап жиберди, ал оюнда туура суроо бердимби деди окшойт.
— Жүз аппак кызыргалды кой бербейбиз. Ичинде аксак-тексеги, сокур-чологу жок болсун. Бирөө да сары тиш болбосун. Мен өзүм тандап алам.
— Элүү кой берсек кантет?
Куйручук Бекболотко жолборстой атырылып тийди:
— Эй... Бучук (Бекболот бала кезинде короого түшкөн карышкырга мурдун апчытып алып бучук болуп калган) элүү койду жалгыз сен бересиң, калганын эл берет! Кечээ Нарбашың Кочкордогу Шамендин Бекчоросунун ашында миң койго чыкканда «Бука баш» болбосо Темир Болоттун балдары ат-матың менен бүт талап кетпейт беле! Билесиңби ошону. Же өз кадырың менен байгеге ээ болдуң беле?!— Бекболот жыга чапкандай жалп дей түштү. Куйручук күчөгөндүн үстүнө күчөп сүйлөп сөзүн уланта берди: — Кудайга шүгүр дегиле Дуулат уулу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.