Сардарбек Рыскулов

КАРА ШУМКАР

Сардарбек Рыскулов

Тептиби же кармаша кеткенде боого чалышып калдыбы, айтор, бир тоодак ителги менен будаланышып келип жерге кошо түшкөн. Атчандар сабаган бойдон жете келишип тоодак менен ителгини ажырата албай жатканда, алардын үстүнө чаап жетип Мамбеталы да кошулуп калды. Ителигинин узун боосу тоодактын эки канатынын тең мүрүнүн түбүнөн илинип чачышып калыптыр. Ага болбой бала шумкар тоодактын алкымын кыйып жиберген экен.

 

ТАРТУУ

 

Көкүмбайдын үйүнөн бири аттанып жатса, экинчиси түшүп — үч-төрт күндөн бери көпчүлүктүн аягы суюла элек. Дагы канча күнгө чейин созулат ким билсин. Келатканынан баратканы сурайт:

— Кайдан?

— Көкөмкүнөн.

— Эмнеге бардын эле? — Эмнеге барйын, көлдөн бир досу шумкар тартуулап келиптир дейт, үч-төрт күндөн бери эл чубайт, мен да эл катары...

— Көрдүнбү деги шумкарды?

— Көрдүм.

— Өңү кандай экен?

— Кара көрүнөт.

— Шумкар бекен?

— Кайдан билейин, томогочон бир ителги туурдун үстүндө олтурат.

— Ителгинин кандай ителги экенин билбегенден кийин сага эмне жок?

— Анан көпчүлүк барып жатса, мен каламбы?..

— «Дарбадай дарбыса, Борбодой бооз бээсин мине чаап, кулун салдырып алыптыр» дейт. Дал ошол сен турбайсыңбы!

Ушундай тамаша сөздөр барган келгендердин ортосунда дүүлүгө берди. Көкүмбай менен Мамбеталы жеринен катыш болучу. Экөөнүн ортосундагы достук байланыш — ат алып, ат бериштен уланбай, куш алып, куш беришүүдөн башталган. Анткени, экөө тең мүнүшкөр.

Биринин үйүнө бири келип калганда канаттуулар жөнүндө сөз козгошуп, күндүн батканын, таңдын атканын элес алышпай, улам бирөө сөзүнүн аягына чыкканда, экинчиси баштап олтуруп убакыттын кандай бүтүп, кандай койгонун байкабай калышчу. Көкүмбай анчалык канаттуунун артынан түшкөн мүнүшкөр эмес болучу. Ат жалын тартып мингенден тың чыгып, эл аралап калган. Аздыр-көптүр өз туугандарына баркы бар. Ага-иниси колдогондуктан, бүт жумгалдык саякты таруудай талкалап жеп жаткан Кулжыгач Байзактын да анда-санда жемсөөсүнө каргыштай тура калып жүрөт. Көкүмбайдан көп курдай ичиркенип калган Байзак акыркы эки-үч жылдан бери Курманкожого (Көкүмбайдын туугандары) тап бергенин таштап, уу тырмагын батыра албай обочолоп калган. Болбосо Көкүмбайдан мурун Курманкожо Байзактын, «короосундагы кою» болучу. Мына эми ошол Көкүмбайга көлдөгү досу Мамбеталы ушул жылы жазда уядан кармалган кара шумкарды тартуулап, кой тукум үмтөтүп келип олтурат.

Көкүмбайдын Мамбеталы түгүл өзү тукум кылып аларга жалгыз токтусу жок. Тору аргымагым деп коёт, чекесине бүткөн жалгыз аты ошол. Бир жакшы жери өзүндө жок болсо да ага-туугандары аздыр-көптүр коокарлуу. Алдында эки жүздөн, артында элүү-кырктан арбын майда жандыктары бар. Эми тууган дегениң дагы бир кызык эл болот. Жакшы болсоң тууган, жаман болсоң жанынан алыс кууган, жарды болсоң жакындабайт, бардар болсоң бажактап үйүңөн кетпей кошоматын кош айтып турат эмеспи. Мына, Мамбеталынын келгенине бир жумадан ашып баратат. Сен кантип атасың деп бир да бирөө Көкүмбайдын жанына басып келе элек. Мамбеталыга бере турган кой тукумдан дайын жок. Жардам бермек түгүл «а байкуш, буга эмнесин берет» деп, кай бирөө Көкүмбайга жолобой сырт салып ушактап жүрөт.

Туугандарынын ошол тейитин байкап, жардам сурагандан Көкүмбайдын да оозу батпайт.

Мамбеталы келгенден бери буулган каптай бугу ичине толуп, Көкөң тумчугуп турат.

Күн сайын эл агылып келет, агылып кетет. Шумкар дегенди көргөнү бар, көрбөгөнү бар, билгени бар, билбегени бар. Кээ бирөө шумкар бүркүттөн чыгат десе, кээ бирөө куштан чыгат дейт. Кээ бирөө чүйлүдөн чыгат десе, дагы бирөө кыргыйдан, турумтайдан чыгат дешип, тай талашка түшүп жаткандары андан көп. Шумкардын ителгинин уруусунан чыгаарын көбү билсе, көбү билбейт. Айтор, бир жумадан бери жорудан чыгатка чейин талашып жаткандар да болду.

Мамбеталы «кетсем экен» деп эртели кеч кынкыстайт. Көкүмбай «жөнөтөм» деп коёт, же жөнөтө албайт. Анын ортосунда күн нечен жолу батып, нечен жолу чыкты. Кара шумкарды көргөнү алыс-жакындан келгендеринин ичинде Көкүмбайга кыңыр көздүүлөрү да бар. Алар жөн келип, жөн кетпей аттанып баратканда кобурап бастырышат: «Байкуштун жалгыз атынан башка үрүп чыгар ити жок, досу кой сурап келиптир дешет, кайсы коюн берет?» Бул кобур Мамбеталынын кулагына да анда-санда чалдыга калат: «Эрдин даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, атка минип айыл-апасына баш-көз болуп компойгону менен бул деле мен сыяктуу экен го. Колунда жок экен. Быйыл болбосо келерки жылы берээрсин деп кыйнабай кете берсемби?» Мамбеталы өз курсагы менен өзү анда-санда сүйлөшүп коёт кырданып жатып.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.