Мухтар Ауэзов

КӨК ЖАЛ

Мухтар Ауэзов

Аз эле күндө Ак кашка ошол аймактагы бүт элге белгилүү болду. Ал жөнүндө көп уламалар айтылып, түпкү тегин сүрүштүрүп келип, аны легендалуу ырлардагы айтылуу Бөгөлбайдын итинин тукуму имиш деп да айтышкан.

Тайган бет алган жагынан кайра тартпаган, таза кандуу, кабаган, тобурчак иттин тукумунан эле. Эт жегенде да ырылдап, үзүп-жулкуп жей турган. Ал дайым байлоодо туруучу да, Хасенден башка кишини өзүнө жакын жолотчу эмес. Айылдагы иттер Ак кашкадан коркуп жанына жакындоочу эмес, үргөндө да алыстан үрө турган. Ак кашка иттердин үргөнүнө көңүл буруп койбостон, узун тумшугун шотойгон эки алдыңкы бутуна жазданып бир ордунда көпкө чейин жата бере турган. Качан аңчылыкка чыкканда гана жалкоолугу жоголуп,

шамалдай сыза ар кандай чапкан аттууга оңой эле кууп жетүүчү.

Үргөндө арс эте күңгүрт добуш чыгуучу. Карышкырдыкындай көзү жанып турат, бирок карышкырдыкы жашылдана жанса, Ак кашканын көзү кызара күйүп турган эле оттун өзү.

Хасен Көксерек жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн жылкычылардыкында бир аз күн токтоду. Жылкычылар алачыкка отту чоң жагып, тамак асып, отту тегеректей отуруп, Курмашты өлтүргөн жалгыз карышкыр жөнүндө таң аткыча талашып-тартышты. Бирок Хасенге жаңы, керектүү эч нерсе айтып бере алышпады.

Бири карышкырды кутурган карышкыр болсо керек деди. Экинчи бирөө карышкыр эмей эле тарпка тойбос желмогуз жортуп жүргөнүн айтты. Хасен бул жомоктун эч бирине кулак салган да, ишенген да жок.

– Бул нагыз карышкырдын өзү, – деди Хасен сөзгө аралашып.

– Карышкыр деген карышкыр, аны чөп берип тойгузууга болбойт!

Жылкычылар ызырына сөгүндү:

– Эх, ушул карышкыр чындап биздин колго тийчү болсо кана!..

Хасен күлүп жиберди:

– Колго түшсө эмне кылмакчысың? Терисин тескери сыйрыйт белең? – деди тамашалап.

Хасенге Курмаштын атасынын көзүнө жаш ала айткан сөзү катуу таасир этти. Ал баласынын сөөгүн мүрзөгө койгондон кийин Хасенге карап мындай деди:

– Иним, сен шамдагай, айылдагы тажрыйбалуу аңчысың... Албетте, бул айлакер жырткычтыколго түшүрүү оңой эмес. Ошондой болсо да сен аны кайдан болсо да таап өлтүрбөсөң, сен анда намыска бек жигит эмессиң, сен мага тууган да эмессиң, анда сенин да, сенин даңазалуу итиңдин да баасы эл үчүн бир тыйынга арзыбайт. Баш көтөрүп айыл аралап басып жүрбөй, көздөн далда кетип калганың оң, – деп айтканын эстеди.

Хасен жылкычыларды чогултуп карышкыр жаткан жерди курчоого алуу керек деген чечимге келди. Жылкычылар да бир ооздон Хасендин оюн туура деп табышты...

Хасен таңга жуук, карышкырга аттанар алдында тайганына эт ордуна курут аралашкан суюгураак атала берди. Ак кашка алдына койгон оокатты тез ичип бүтүп, ээсинен көз айрыбай карап турду. Ит болсо да тубаса сезгичтиги менен алдыда эң чоң, эң кыйын тапшырма турганын сезгендей болду.

– Кана, Ак кашка, – деди Хасен тынчсыздана ашыккан итине карап: – Алдыда кыйын сыноо турат, же сен аны, же ал сенин түбүңө жетиш керек, ансыз иш бүтпөйт. Курмаштын арбагы бизге ыраазы болбойт, – деди...

Ак кашка сөзгө түшүнгөндөй саргыч куйругун жай булгалап, кунт коё Хасенди карады.

Карышкырга аттанары менен Хасен денесин кызытыш үчүн тайганды бош коё берди. Ак кашка таң сүрүп келе жатканда арышын кенен таштап, кар үстүндө шашыла жүгүрүп бара жатты.

Белгиленген жерге жеткенде Хасен жигиттерди бир нече топко бөлүп, ким кайсы тарапка барарын айтты да, өзү Ак кашканы жетелеп, айлана-тегереги бүт көрүнө турган таштактуу чокуга бет алды.

Ит ээрчиткен жигиттер ошол эле замат ар кимиси белгиленген жерге тез жетүүгө ашыгып, аттарын камчылана чаап бара жатты. Хасен чокуга жетери менен эки таштын ортосуна ала жүргөн кийизин жая салып Ак кашканы отургузду да, мойнундагы каргысынан кармап өзү жанаша жатты.

Ак кашка кулагын эки жакка түрө кыймылдатканы менен жулкунуп ээсинин тынчын алган жок. Эртең мененки сыдырым шамалга аралаш иттердин үргөнү, адамдардын ызы-чуусу алыстан араң угулат.

Ошол убакта Ак кашка бирдеменин жытын алгандай, күтүүсүздөн Хасенге бой бербей эки буттап секире ордунан тура калып, тынчсыздана кокту жакты карап калды. Тайгандын азыркы турушу тээ бийикте комдонуп турган бүркүттү элестетет. Бирок кокту тараптан көпкө чейин эч нерсе көрүнгөн жок, жигиттердин кыйкырыгы, иттердин үргөнү да жакындай элек. Алыска созулуп жаткан бадалдуу караган-шактын арасынан карышкыр кай тарапка качып чыгарын куугунчулар байкабай калышы мүмкүн эле. Ак кашка демейдегиден башкача, тумшугун салаңдата комдоно калды. Мүмкүн, ушул тегеректе бөгүп жаткан коён аны алагды кылып жаткандыр? Адатта тайгандар мындайды сүйөт эмеспи.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.