Мухтар Ауэзов

КӨК ЖАЛ

Мухтар Ауэзов

Жаратынан аккан кан аны очок сыяктуу жылытып, эки бүктөлө куйругун чатына катып жата берди. Бирок жанга баткан ачкалык аны алсыратып, айласын кетирди.

Төртүнчү күнү түндө гана касабалуу калың кардагы жаткан жылуу ордунан туруп, үч буттап катуу аксаган калыбында тумшугуна илинер бирдеме издеп ээн талаага бет алды. Жүргөндө буту бир аз басууга жараганы менен ооруган жери басылган жок.

Ошентип ал бир жумача ачкалыктын азабын тартты. Ээн талаадан эч нерсе жолуктура алган жок. Жуманын акыркы күнү гана иши оңунан чыкты: үйүрүнөн артта калган бир бээни үркүтүп отуруп, калың касабага камап жыгып алды. Түнү менен эс алууну билбей жатып, кайра туруп жеп, ачкан курсагын аябай тойгузду. Эт түгөнгүчө жанынан кеткен жок. Ошентип көз ачып-жумгуча арадан дагы бир жума өттү. Көксеректин жараты айыгып, жакшы боло баштады.

Жүгүрүшү ыкчам, көңүлү көтөрүңкү. Ал дагы Кара-Адыр тарапка барууну көксөдү.

Кечке жуук өзү кичинекейинен өсүп чоңойгон айылдын кырына келип токтоду. Итиркейи келе кулагынан куйругуна чейинки жүнү тикчийди. Айыл тарапта баягы каргашалуу төө көрүнбөйт. Койчулар, жылкычылар иттерин талаага өздөрү менен кошо ээрчитип кеткендиктен айылда бир да ит жок. Кырдагы өзүнө тааныш бир таман жол менен тумшугун шамалга тосо ылдыйлап түштү.

Алыстан келген койлордун жыты аны өзүнө тартты. Көксерек тумшугун түрө жытты искеди. Тиги күн батыш тараптагы түздөн саргайыңкы болуп күнгө чагылышкан атчанды көрдү. Алдында көп чоң эмес бир короо кой жыбырайт. Чабан аларды кой короого айдап бара жаткан болсо керек.

Карышкыр буйгалуу жерди бет алып, түз эле алдын тосо кыялай жүгүрдү. Ал демейдегидей эле койго капилеттен келип тийди, бирок чабан дароо байкап калып, катуу кыйкыра чаап жөнөдү. Адам үнүн угары менен селт эте токтоп, буту менен кар чача туруп калды.

Колунда кичине таягы бар атчандын бала экенин көрдү. Бала!.. Карышкыр андан корккон жок. Атчан баланы буйтап өтүп, көп койдон семизин издегендей, үрккөн койлорду кууп жөнөдү.

Куйруктуу койдун чүйгүн, семиз эти, ысык булоолонгон каны көз алдына элестеп, бүт эркин бийлеп кетти. Бала да эч коркууну билбей, атын үстү-үстүнө камчылап, таягын көтөрө түз эле карышкырды кууп жөнөдү. Баланын жолун тосо чапкан тынымсыз кыйкырыгы Көксеректи дагы буйтап качууга аргасыз кылды. Баланын кыйкырыгы угулган сайын, түшүнүксүз коркунуч Көксеректин тынчын алды. Карышкыр улам буйтап качып, койго тап коёт. Бала алдын тосо чапкылап койго жакын жолотпой кубалайт. Чыйпыйы чыга

келтегин булгалай:

– Ок... ерек! Ок... ерек! – деп үнүн жетишинче аптыга кыйкырат.

Карышкыр тишин арс эткизе качып жөнөйт.

Бала ат чабышка жашынан көнүккөндүктөн, өтө шамдагайлык менен үстү-үстүнө камчылана катуу кууп жөнөдү. Акыры карышкыр жеткирбей койгон соң, колундагы таягы менен кууп бара жатып атып урду. Күү менен ыргыткан таяктын чокмор башы карышкырдын жаралуу бутуна тийип чиңкилдик атып кетти. Көксерек кутургандай жаалдана секирип барып, көз ирмемде азуусуна сала таякты эки бөлө сындырды. Анан кулагын жапыра, тумшугун тырыштыра каардана күлүп жаткансып, тиштерин ырсайта баланы көздөй атырылып жөнөдү. Күү менен катуу секирди да, ат үстүнөн баланын тонун өңүрүн үзүп алды. Коркуп кеткен ат кошкура катуу секиргенде, үзөңгүдөн буту тайган бала ээрден жерге учуп түшүп, жаңы жааган карга тоголонуп барып чалкасынан жатып калды. Тебетейи башынан ыргып кетти да, кериден ылдый карай тоголонду.

Бала өлөр алдында чукул качырып кирип келген карышкыр, өзү кичинесинен багып чоңойткон Көксерек экенин салпаңдаган жырык кулагынан тааныды. Ошол замат коркконунан жүрөгү жарылып өлдү. Куюндата катуу секирип келип, баланын бет сөөгүн капшыра тиштеп, катуу жулкуп өткөнүн билген жок.

Баланын өлүгүн түндө таап, сөөгүн жыйнап, айылга алып келип очоктун жанына коюшту. Жанындай көргөн чоң энеси бүк түшө баланын бутун кучактап жыгылды.

– Кулунум, кулунтайым! – дедиалжүрөксыздатазар какшап...

Бирок канчалык зар какшаса да, көз жашы какшып, начар көрүп калган көзүнөн жаш чыкпай койду...

Кезек эми ошол аймактын белгилүү жигити, тажрыйбалуу аңчы Хасен менен анын карышкыр ала турган аксаргыл тайганына келди. Хасен бул тайганды Семипалатинскиден бир атка алмашып алган эле. Тайгандын маңдайында өзгөчөлөнүп турган төрт бурчтуу агы боло турган, ошондуктан ээси аны биринчи күндөн тартып, Ак кашка коюп алган.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.