Мухтар Ауэзов

КӨК ЖАЛ

Мухтар Ауэзов

Көксерек сактана тиги келе жатканга көз жүгүрттү. Төө – ат эмес, үстүндөгү адам чабанга да, жылкычыга да окшобойт.

Айыл жактан тынымсыз иттердин үргөнү угулат. Топ карышкыр өзүнө келе жаткан жемге таң кала карап турушту. Төө коркууну билбей шалпык эрдин жогору көтөрүп, түз эле топ карышкырга бет алды. Карышкырлар бир коркунучту сезгендей, биринен сала экинчиси ээн талааны көздөй чегинип отурду.

Таң каларлык! Бул төө кайда жүгүрүп баратат? Эмне үчүн коркууну билбейт? Үстүндө келе жаткан адам да таңгаларлык – кол булгалап бир да кыйкырбайт да, ышкырбайт. Бул көрүнүш карышкырларга түшүнүксүз.

Карышкырлар артын карабай качып баратканын көрүп, Көксерек да аларга кошулуп качты. Бир кезде төө катуу бышкырынып токтоп калды. Январь айынын чыкыроон шамалы төөнүн кир болгон каптал чуудасын түргүлөйт. Өркөчүндө отурган аял да былк этип койбойт, башындагы ак илекиси шамал тийген сайын шар сыяктуу тарсаят.

Көксерек каардана жүнүн тикчийтти. Ордуна кадап койгондой тык токтоду да, тумшугун тосо жыттады.

Коркунучтуу эч нерсе деле жок... Эки буттуудан ал коркпойт, мындан кичинекей кезинде, айылдагы эки буттуулар кайра Көксеректен корко турган. Ошондуктан ээн талаада, элсиз жерде Көксеректин бул эки буттуудан корко турган эч кандай жөнү жок болуучу.

Алдыдагы топ карышкырлар төш таяна узап, аяздуу кыштагы туманга аралашып көрүнбөй калды. Бирок Көксерек төөдөн алыстап кеткен жок. Төө ордунан козголуп мойнун созо Көксерекке бет алганда, ал шашпай өр таяна куйругун чатына кыпчып баратты, төөчөндү алаксытып, айылдан алысташын күттү.

Төө токтору менен Көксерек да токтоп, куйругун төшөй отуруп калат. Эгер төө катуу желсе – ал да ошентет. Экөөнүн ортосундагы аралык улам жакындагандан жакындай берди. Көксерек оңтойлуу учурду күтүп, шашылган жок.

Ошентип кыядан өткөндө топ карышкырга жакындап, айыл көрүнбөй алыста калды. Ал ушуну күткөн эле.

Көксерек жакында эле жалгыз жүргүнчүгө кол салгандай, эми чечкиндүү аракетке өттү: төөнү имериле жүгүрүп өтүп, айылга кача турган жолун тосту. Төө да жакындап келе жаткан коркунучту сезгендей токтой калып, боздоп жиберди. Тиги топ карышкыр да адыр жактан шашыла жүгүргөнүн Көксерек көрүп турду.

Ошол убакта төөнүн үстүндө өзүнө карай жылтырак кара неме сунулуп, күнгө чагылыша кез ирмебей карап турганын ал байкабай калды.

Күтүүсүздөн катуу чыккан үн аяздуу талааны жаңыртты. Жер силкинткен көк түтүн менен кошо Көксеректин арткы санын бир нерсе куйкалап өткөндөй болду. Өмүрүндө биринчи жолу Көксерек үнүн ачуу чыгара арс эте ок тийген жерин каардана бир тиштеп алып, башы менен карга тоңкочук атып кетти. Ошол замат Көксерек шарт секирип туруп, үч буттап качып жөнөдү. Катуу аязда колу үшүп калгандыктан, төөчөн киши мылтыгын кайра октогончо Көксерек коктуга кирип кутулуп кетти. Ошол бойдон жарадар бутунан кан тамчылатып, ал көпкө чейин качты.

Акыры Кара-Адырдагы чоң жарга өлө-тала жетип, карга жата кетти. Ок тийген жери ысып-күйүп, жөн эле чок басып алгандай сыздайт. Көксерек тумшугун чатына тыгып, ок тийген санын жалайт, минут сайын сактана кулагын түрүп, чочулап тынчы кетет...

Топ карышкыр болсо экинчи келбес болуп, Көксеректи таштап качып кетти. Карышкырлардын алыс болгондугу бир жагынан ага жакшы болду, кан чууруган изди көрбөй, жытын албай, кансырап жаткан Көксеректи артынан издеп табышкан жок, болбосо өз үйүрүндөгү топ карышкыр аны менен жакшылап эсептешмек...

Көксеректин артынан түшкөн куугун да болгон жок. Таң каларлык: төөчөн да артынан түшкөн жок, эгер төөчөн кууса деле Көксерек ага жеткирбесин билет. Ал ит ээрчиткен аттуу адамдар кууп келеби деп, ошондон гана чочулаган.

Анын бактысына айылдагы кишилер дароо эле чогула алган жок. Ызгаардуу бороон болорун сезген иттер да, айылдан алыстап жортподу.

Чыкыроон суук күчөп, шамал дагы катуулады. Аяздуу суукта кар тозоңу көккө карай сапырылат. Көксерек акырын ордунан туруп эки жакты арыта карады. Жарадар бутун этияттап, үч буттап секирип отуруп, калың камыштуу адам бара алгыс туздуу көлгө жетип алды.

Күнү-түнү тынымсыз үч сутка катуу бороон болду. Көксерек да бир ордунан кыймылдабай, буйгалуу касаба жерде үч сутка жатты.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.