Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Карышкырлар артка карай катуу качышты. Кара дөбөт да арсылдап, карышкырлардын артынан сая түшүп, кууп келе жатты. Анын артынан чубаган айыл иттери да бириндеп, азая баштады. Ушуну күткөнсүп Көксерек да чуркашын жайлатып, үргөн иттерге кулагын тосту. Кара дөбөт ансайын жарылып кетчүдөй каарданды.
Топ ит коктуга жакындаганда токтоду. Муну көрүп кара дөбөт да токтоп, анан топ иттерге карай артына качып жөнөдү. Канчык карышкыр биринчи болуп дөбөттүн артынан кууп жөнөдү.
Ээн талаада иттин карышкырлардан качып кутулуусу кыйын. Бирок кара дөбөт өзү жалгыз калса да корккон жок. Ал карышкырлар менен бетме-бет чыгып, жекеме-жеке кармашуу үчүн жашап жүргөндөй, канчык карышкыр жетип тиш салганда чечкиндүүлүк мекен тикелеше кармашып калды. Ошол убакта Көксерек жетти да, күү менен секирген бойдон кара дөбөттү бурдап басып калды. Канчык карышкыр ачуу ырылдап барып кара дөбөттү тамактан алды.
Арадан көп өтпөй чоң кара дөбөттүн ар кайсы жерде чачылган жүнү, куйругу менен баш сөөгүнөн башка эч нерсе калган жок. Эки карышкыр сугалактык менен кан чачыраган карды да сугунуп коюшту.
Жеп бүтүп Кара-Адырга жеткенде, жар түбүндөгү карга оонап жата кетти. Ошол түндөн баштап алар ажырашкан жок. Бирге серүүндөп чыкканда ал аймакты кырсык каптап жатты.
Кара-Адырдын жака-белинен, кээде алыскы кыштоолорго барып, эки карышкыр ар кайсы жерден койлорду жара тартып, уй менен аттарды тамактап, төөнү жыгып жеп, короочу иттерди өлтүрүп, бирок колго түшпөй кутулуп кетип жүрдү.
Бул дүрбөлөңдүү кабар айылдан-айылга тез эле тарап кетти,
– Алар тобу менен жүрөт, көк шайтандардын артында көзү барчылап киши жанына баргыча качпайт. Адамдан коркмок турсун сестенип да койбойт. Алардын жол башчысы көк жал карышкыр экен, чоңдугу тай торпокчо бар, ушунчалык сак, көрөгөч... Союл жете турган аралыкка барганыңча качпайт, кол салуудан коркосуң.
Топ карышкыр тигил жактан койго тийгенде, чабан ошол жакка итин айдактап жүгүрөт, ошондо карышкырлардын жол башчысы башка жагынан келип көтөрө качат деген сөздөр айыл арасына желдей тарады.
Карышкырлар бир жерге көп токтобойт. Эгер аларды бүгүн КараАдыр жактан көрсөң, эртеси ал жерден он, жыйырма, кээде отуз чакырым түштүк жакка, же чыгыш тарабына жортуулдап кеткенин көрөсүң. Баса, элде: «Аларды чарчоону билбеген буту тойгузат» – деген сөз бар эмеспи.
Талаанын тиги жагы ойдуңдуу, жардуу келип, өскүлөң бадалдарга жыш. Кара-Адырдан туруп алды жактан бир нерсени көрүү өтө эле кыйынга турат: бороондон кийин катуу толкуган деңиз сыяктуу бийик көтөрүлүп, кырдана көбүктөнүп кайнап жаткансыйт. Мындай жер карышкырларга жайлуу болгону менен койчуларга тынчсыз эле.
Бадалдын арасы менен көрүнбөй жайыттагы малга оңой жетип, артта калганын аңдып туруп бөлүп калуу оңой боло турган. Ал эми көк карышкырлардын кай тараптан жылт берип чыга каларын алдынала билүү кыйын болчу. Кышкысын кар барда изине түшкөнү менен карышкырлар жеткирбей кетчү. Себеби калың күрткүнүн үстүнөн карышкырлар өтүп кетчү да, артынан кууган атчандар калың карда алыска жүгүрө албай, күрткүгө жеткенде ат-маты менен ала салчу.
Чоң жардагы карышкырдын ийни бар жерлерге уу кошкон эт таштап да көрүштү, бирок эч жардам берген жок. Карышкырлар куулук кылып, уу кошкон этти жебей, айланып өтүп жатышты.
Анын ордуна айылдын жашыраак, тажрыйбасы жок иттери таап жеп алып, ит өлөт тийгендей кырылып жатты, карышкырлар тоңуп жаткан иттин этине да караган жок.
Ошол кышта карышкырлар аябай ток болушту. Көксерек күн өткөн сайын өсүп, салмагы да жогорулады, ошентсе да мурдагыдай эле эт менен канга өчтүгү күчөгөндөн күчөй берди.
Жаз башталары менен ал ачкалыкты унутуп, аны бир аз күн болсо да башка нерсе көңүлүн алагды кылды. Талаадагы карлар суюлуп, жер карая баштады. Дөңсөөдө кара тактар көбөйүп, жер ала-була тартып, ылай бутка жабышат.
Көксерек болсо мурдагыдай эмес, өтө эле оюнкараак болуп кетти. Жаны тынбай канчыкка айланчыктап, жүгүргөнү-жүгүргөн, кээ бирде жөн эле күчүк сыяктуу тегеректеп, айланчыктап, эч жакка кетпейт. Канчык эс алгысы келип жатып алса, Көксерек тескерисинче, карды куюндата чаңытып ойнойт, анан башынан аша секирип, төшү менен жөөлөйт, таманы, тумшугу менен түрткүлөйт. Канчык карышкыр ачууланып ырылдаса, Көксерек шап моюндап туруп, жерге ныктай кайра коё берет. Кээде көпкө чейин желкеден ала уйпалап, тургузбай да коёт. Канчык тажаалдана каңшылап, Көксеректи тиштейт да, кайра бат эле аны кечиргендей жыттагылап, эркелете жалап кирет.