Мухтар Ауэзов
КӨК ЖАЛ
Ошентип, Көксерек күндүз керели-кечке айылда болуп, түнкүсүн дагы талаага өзү жалгыз кетти. Ошол бойдон күнү-түнү үч күн дайынсыз жоголуп, кийинки күнү кайтып келди. Карды ачкалыктанбы, эки бөйрөгү шимирилип, шапайып арыктай түшкөн. Мойнундагы каргысы жок, мурдагыдай эле эч нерсеге көңүлсүз, түнт. Качан Курмаш аны өзүнө чакырганда, ал бир коркунучту сезгендей, башын салаңдатып жай басып келди. Курмаш сүйүнгөндөн жетине албай, карышкырынын кыска, бирок булчуңдуу, чымыр мойнунан эркелете булкуп, булкуп койду. Көксерек Курмаштын тамашасын жактырбагандай мойнун булкуп алып, эки кулагын жапырып сүрдүү тикчийтти. Бул жолу Курмаштын чоң энеси да Көксеректи каргапшилеген жок, алдына аш куюп кубана тосуп алды.
Анын тамак ичкени да мурдагыдай эмес, коркунучтуу болгондуктан Курмаш да сестене четке чыга берди.
– Түү! Дагы асыл тукум имиш, – деди Курмаштын атасы.
– Көзүн кара, жапжашыл болуп күйүп кетиптир. Кой балам, эми муну өлтүрүп, терисин сыйрып албаса болбойт.
Курмаштын чындап айласы кетти, чоң кишилер карышкырымды өлтүрүп, терисин сыйрып алат го? – деп аябай коркуп кетти.
Көксерек өзү жөнүндөгү сөзгө түшүнгөн сыяктанды. Кишилер бурулуп кайра артын карагыча, заматта көздөн кайым болду. Айылдан качан, кантип кеткенин эч ким билбей калды. Курмаш көпкө чейин үмүтүн үзбөй, караган-шактарды, өскүлөң чийлерди аралап бекер эле убара болуп жүрдү. Көксеректи коркута үнүн катуу чыгарып да, эркелетип да чакырып көрдү. Эч натыйжа чыккан жок. Күз өтүп, анын артынан мейкин талааны ак тонуна чүмкөп, каардуу кыш келди. Көксерек ошол кеткен бойдон кайрылып келген жок.
Ал кеч күзгө чейин талаада коёндун бөжөгүн жеп, эч нерседен жийиркенбей көнүп кетти. Суурдун эти семиз болгондуктан, ал ага түлкү сыяктуу кызыгып алды. Калың жааган кар, ачкалык аны айылдагы кой короолорго, мал жайыттарга барууга аргасыз кылды.
Эми ал айылга мурдагыдай эмес, жашынып келди. Эгер адамды кокусунан көрүп калса жүнү үрпөйө түшөт. Күн сайын айылды айланчыктап, белден белге жортот, таман астында кар чаңыйт. Бырыштуу көк тумшугунан буу буркурайт. Ал токтой калат да, тумшугун желге тосот, мурдуна кан менен короодогу малдын буруксуган жыты келет, кулагына иттердин тынымсыз үргөнү угулат. Ансайын Көксеректин тиштери каардана шакылдайт. Эл кызуу уйкуга киргенде короого акырын жакындады. Бирок короочу иттер анын кайдан келерин билгендей байкап калышты.Кара дөбөт баш болгон бүт айылдын иттери кубалап, айылга жакын жолотпой койду.
Шамал басылып, аяз катуулады. Таманынан өткөн ызгаар суук шыйрагын какшатып, тумшугу тоңо баштады, ачкалык бир жагынан жанына батты. Акырын жортуп адырга чыкты. Ай сүттөй жарык болгондуктан, кар чаңкая агарат. Көксерек башын көктү каратып, биринчи жолу аргасы түгөнгөндөй оозун ачып күчүркөнө ычкынып, узакка улуду.
Ошол убакта айылда иттердин үргөнү ого бетер күчөдү. Көксерек улуганын токтоткон жок. Кара-Адыр жактан кокусунан эле өзүнүн үнүнө окшогон үн угулду. Карышкыр сактангандай жыйрыла түштү. Кимдир бирөө аны өзүнө чакыргансыды. Ал чакырыкты угуп, жыт улап ага утурлап жөнөдү.
Чоң жардан чыга беришке жеткенде сактанган түрдө, катуу чыйрыга селт эте түштү. Кара-Адыр жактан аны көздөй кар чаңыта ак карышкыр тик ылдый жүгүрүп келе жаткан.
Көксерек тигини өзүнө жакын жууткан жок. Канчык карышкыр чукул жакындаганда тиши менен катуу кагып жиберип, айбат кыла кулагын жапырды. Бирок, таштап кете албады, Канчык карышкыр Көксеректин артынан ээрчип, изин жыттады, бирин-бири жыттарынан таанышты. Канчык карышкыр оюн сала качты. Көксерек аны кууп жетип, жаагынан эркелете жалады.
Алар жубунан ажырашпай өргө карай жүгүрүп, анан жардын ачык жеринен өттү да, түз эле айылга карай бет алышты. Кырга чыгып жон менен туптуура жарым саат чарчоону билбей жүгүрүштү, артына кош из калтырып, таман алдында кар кычырайт. Айылдын үстүнө жеткенде алар мурунтан макулдашып алгандай, тик ылдый жарыша жүгүрдү.
Ай баткан. Айыл ичи кызуу уйкуда эле. Көксерек ак карышкыр экөө желдей сызып айылга жакын чоң жарга жеткен кезде, экөө тең касабанын ары жагындагы кой короо жактан бүт айылга чуу салып, апсайган дөбөт баш болгон бир топ ит жүгүрүп келе жатканын көрүп калды. Бул, албетте, Көксерекке таанымал кара дөбөттүн өзү болчу.