Бейшебай УСУБАЛИЕВ
Кол
Окумуштуулар кеңешинин жыйыны жаңы эле бүткөн. Эмне болор экен деп күтүп жаткандар санаалары тынгандай тарай баштаган. Абыл да эшикке чыкты. Чыга бериштин оң жагында узун отургуч боло турган. Ошол отургучта жаңы эле конкурстан өткөн Чолпонбек отуруптур. Абыл сүйүнүп кетти. Куттуктап коёюн деди. Эмне, кафедра башчылык оңой бекен! Анүстүнө бул орунга беш талапкер ат салышпадыбы. Абыл оңго бурулду. Чолпонбектин ойго баткандай, атүгүл кыжынып жаткандай түрү бар. Абыл таңданды, чочуп да кеткенсиди. Ошентсе да куттуктап койгусу келди:
– Чоке, орун кут болсун! – колун сунду.
– Ээ… – Чолпонбек колун шилтеп алды да, сунумуш болуп койду.
Абыл бозала боло түштү.
– Кандай “ээ”? Кызык…
– Урдум ошол орунун! Кайра өткөрүп берсемби деп жатам.
– Кандайча? Төртөө менен ат салышып жатып, эптеп жетсең… Анан…
– Эптеп… – обдулуп барып, кайра отуруп калды.
Чолпонбек негедир аянычтуу көрүнүп кетти.
– Төрт кишини жеңиш оңой эмес да, – деди Абыл жумшара, көңүл айтып жаткансып.
– Билесиңби!.. – Чолпонбек тикирейе карады… – Сен билесиңби, кеңеште он үч киши бар эле, ошонун он экиси “макул” дешкен. Анан жанагы кол санай келишкенде араң сегизи макул, беши каршы… Билесиңби, бул деген… – туттугуп сүйлөй албай калды.
– Ой, сен баары бир уттуң да! Сегиз кишинин колун алыш оңой бекен!
– Болуптур! – деди Чолпонбек анын сөзүн угуп-укпай. – Он үчтүн ичинен бирөө гана, жанагы араб Абдуталипчи, ошол эле ачыгын айтыптыр, “мен колумду философ аялга берем дептир…” – өзүнчө кыжына кетти. – Бу араб дегендериң, өзүң деле жакшы билесиң, катын дегенде өлөт да, энеңди!.. – Кайра жумшара, – Ошентсе да молодес, ачыгын айткан. Жанагы калган төртөөчү… Ошол он экинин баары тең “сага бербегенде кимге бермек элек, сен өзүбүздүкүсүң да, анан тээ талаадан келген бирөөгө….” – дешпеди беле? Он экиси тең! Анан эле санай келсе, бешөө каршы. Болуптур, арабды тим эле коёлучу, калган төртөө… – жаны күйгөндөй башын чайкап-чайкап алды.
– Ой, сен баары бир уттуң да! – Абыл негедир жиндене кетти.
– Утканда!.. Мен сага айтып жатам го, он экиси тең “биз сендикпиз” дешип… Анан ача салса эле, бешөө каршы. Болуптур, арабды тим эле коёлучу, аларың катын дегенде… Тиги төртөө…
– Түү-ү ата!.. – Абыл не дээрин билбей, басып кетти.
Чолпонбек анын кеткенин деле элес албай калды, өзүнчө кыжынып, күбүрөнө баштады.
Окуянын жөнү мындай. Бул университетте дайыма жыл башында конкурс болуп турат. Окутуучулар да, кафедра башчылары да (эскисиби, жаңы келгениби), конкурстан өтүшү керек. Конкурс дегенибиз – шайлоо. Университетти кайсы бир араб өлкөсүндө жайгашкан кайрымдуулук фондусу ачкан. Тергебей айтканда, бул окуу жай арабдардын жеке менчик университети. Бирок окутуучулардын көпчүлүгү жергиликтүүлөр, ачык айтканда, кыргыз окутуучулар. Араб тарапта конкурс деле болбойт, алар окумуштуулар кеңешисиз эле өздөрүнчө эле чечип коюшат. А кыргыздар тарабында жыл сайын “кырылыш”. Көпчүлүк колго ээ болуш керек. Бүгүн да ошол конкурс болбодубу. Чолпонбек өттү дечи, бирок өзүңөр күбө болгондой, негедир нааразы. Жаналакетке түшүп, төртөөнү издөө менен алек.
Чолпонбек башын көтөрдү да, эч ким жок экенин көрдү. Абыл дарбазадан чыгып баратыптыр. “Балким, – деди өзүнчө шыбырап, жанагы төртөөнүн бирөө…” Кошулбагандай башын чайкады. Кантип эле ушуга барсын! Экөө университетте, болгондо да бир факультетте беш жыл чогуу окушса, анан кантип… “Ким билет, – деди кайра селт этип, – жанагы мага атаандаш философ аялды көргөндө, “оо, сулуу экен” деп шилекейин бир жутуп албады беле… Ыя?.. Башын чайкады. “Кантип эле… Эми сулуу экени сулуу дечи. Анан сулуу экен деп эле”… дагы башын чайкады. Философ аялга жиндене баштады. “Москвадан бүтүптүр дейт, МГУнун философия факультетин. Анан ушул аты-жыты али белгисиз частный университетке… же жарыткан айлыгы болбосо”… Ойлуу туруп калды. “Мурда кайда иштеди экен? Деги соо эмес. Соо болсо… Мурунку жерин текшерип көрүш керек”. Колун шилтеди. Жини кичине тарай түшкөндөй болду. Философ аял, өзгөчө анын МГУну бүткөнү эсине түшкөндө эле ичкүптүсү чыга түшкөнсүдү. Тегерегин карады. Эч бир жан көрүнбөйт. Жадагалса демейде самогонго тоюп алганда көчө жаңырта ырдаган баягы кишинин (аны Сары деп коюшчу) да үнү угулбайт. Сары оюна түшкөндө бир жылмайып алды да, ого бетер жеңилдей түштү. “Ии, – деди анан ичи жылый, – ушу алкашта, алкаш дебейинчи, алкаш болсо мээси ушунча таза болмок беле, мында бир касиет бар. Болбосо, эчак эле тырайып… Былк эттирбей кармап турганын айтпайсыңбы, топ алкаштын бирөө баш көтөрүп көрсүнчү!”. Таңдангандай башын чайкап, кайрадан жылмая кетти. Анан элестете баштады, жок, өзүнөн өзү эле элестелип кетти. Дал ушул университеттин көчөсүндө өзүнчө бир үйүр болор эле. (Демөөрчү арабдарга жиндене кетти: “Толгондон ушул жерден имарат алышып, болгондо да эски детсадды… Битирешип… Алышпайбы, шаардын чок ортосунан. Акчалары болсо саман”!).
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.