Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Кол

Бейшебай УСУБАЛИЕВ

Ошол үйүр кайдан-жайдан келгени белгисиз, эртең менен таң заардан пайда боло калышчу. Баары чамбылала болуп, куду чыладан тура калгандай. Баары көңүлсүз, жансыз. Анан кужулдашып, кыйлага туруп калышчу. Бир мезгилде кылкылдап ылай агып бараткансып, көчө ылдый жөнөшчү. Бир орус катын самогон сатар эле. Ошого агылышчу. Көп өтпөй кайра тартышчу. Жан кирип калгандай. Кайра кужулдаша кетишчү да, чыр башталчу. Бир эркегин экинчиси жыга койсо, ал кадимкидей үңүлдөп, арасындагы аялдарга карачу. Аялдардын ичинен бирөө (кейпи, тиги шордуунун көңүлдөшү болсо керек) жулунуп келип, баягы төпөштөгөн эркекти жулмалап кирчү. (“Кызык, – деп ойлоп койду Чолпонбек, – төпөштөп жатканда калган эркектер эмнеге жарданып карап турушат?”). Ушул маалда жерден суурулуп чыга калгандай бир узун бойлуу, сулууча келген ак жуумал орус аял пайда боло калчу. Аны көрөрү менен үйүр тып басылып, дымып калар эле. Сыягы, бул аял үйүр башчысы болсо керек. Булар менен деле кээде бирге жүрүп калчу. Бирок кескин айырмаланып турчу – үстү-башы таза эле. Атүгүл ичет деп деле ойлочу эмессиң. “Молодес” деп алды Чолпонбек, Сарыга ыраазы боло. “Ушулар менен чогуу жүргөнүн бир да жолу көргөнүм жок”. Чын эле, Сары бул үйүргө кошулчу эмес, атүгүл буларды теңсинчү да эмес, өзү темтеңдеп араң келатса да, “алкаши!” деп бир айкырганда, алар безип жөнөшчү. Бул Сары менен баягы таза аял гана сүйлөшө алчу. Сары аны көргөндө жайнай түшчү. Экөө көпкө сүйлөшүшөр эле. Эмнени сүйлөшүшөт? Эч ким билбейт. “Деги ичкендер эмнени сүйлөшүшөт болду экен?”. Чолпонбектин ою токтоп калды, таңдануу анын оюн жалп өчүрүп салгансыды. “Экөө тең соо кишилер эмес, – деди анан ого бетер таңдана. – Экөөндө тең кандайдыр бир касиет бар”. Бир кезде аял какая басып жөнөп кетчү. Ал кетери менен Сары баягы жоругун баштачу. Ырдап кирчү. Кыргызча, кайра орусча. Орусча суудай билчү. Орусча сүйлөп жатканда өтө сабаттуу бир орус сүйлөп жаткандай туюлар эле. Бир мезгилде ырын токтото койчу да, куштарча сайрап кирчү. Дал өзүндөй туурачу. “Талант!” деп суктанып койду Чолпонбек. Чарчачубу же тажачубу, бир кезде ордунан шып турчу да, баягы самогончу аялдын үйүн көздөй жөнөчү. Баратып, артын бир кылчайып карап койчу. Артында куу машкеси ээрчип келаткан болот. Санаасы тынгандай, сапарын улачу. Самогончунун үйүнөн кичине эле узай бергенде дөңсөгө отура калып, колтугундагы бир бөтөлкөнү стаканы менен кошо сууруп чыкчу да, стаканына куюп, дембе-дем жутуп кирчү. Бүткөн соң темтеңдеп үйүнө жетчү да, көк дарбазаны тарсылдатып койгулай баштачу. Кээде ичкен жеринде жатып да калчу. Ити тегерене үрүп-үрүп жатып, чарчагандай соксоюп отуруп калар эле. “Өлүп калса, байкуш ити эмне болот?.. – Чолпонбек итине боору ооруй кетти. Сары бир күнү өлүп каларын билчү, билчү деле эмес, “акыры бир күнү өлөт да” деп койчу кайдыгер. Сары өлүш үчүн гана жаралгандай сезилчү. Бирок ичи ачышчу эмес. “Байкуш ити эмне болот?” шыдыр эле ушинтип ойлочу. “Жөн киши эмес…” деп койчу анан чарчагандай. Жиндене кетти. Сызга отургузуп кетишиптир да. Өз балдары, тагыраагы, уулу менен кызы. Байкуш Сары ушинтип калды. Бир кезде атактуу геолог экен. Куштардын тилин ошондо үйрөнүп алса керек. Анан бир күнү балдары айтып калышат. “Ата, үйдү залогго коюп, тегеретпейлиби? Биз деле киши өңдүү жашайлы да…”. “Киши өңдүү эле жашап жатабыз го: курсак ток, кийим бүтүн…”. “Киши өңдүү жашаганыбыз ушубу, ушунча жүрүп бир машина ала албадың, биз болсо жүрөбүз, автобус күтүп шелпейип. Мебелдериңди карачы, тээ алтымыш-жетимишинчи жылдардагы!” Дагы-дагы… Ары тартышты, бери тартышты, акыры көндүрүп тынышыптыр. Бир күнү балдары келишет, “күйүп кеттик!” деп. Бүттү, 6-кичирайонундагы үйү күйдү да калды, сатылды. Ушул эч ким жашагысы келбеген үйдү алып беришти. Сарынын жаны төрт чарчы болду. “Дагы ушуга шүгүр де” деп көңүл жубаткандар болду. “Таптакыр талаада калсаң, эмне болмок? Азыр андайлар толуп кетпедиби, көтөрө албай өз жанын кыйган шордуулар канча дейсиң!”. Айла жок, көндү. “Өздөрү күйүп жатпагандан кийин…” деп аларды ичтен кайрып тим болду. Балдарына: кызы менен уулуна, ичтен чыккан ийри жылан, тегеренип-тегеренип, эрдин кырча тиштеп түтөдү. Азыр минтип жашап жатат. Эстегиси келбейт. 6-кичирайон. Заңгыраган төрт бөлмө. Тегерек-чети таптаза… Башын чайкап-чайкап алат, ичинен кан өтүп кеткенсийт. Анан… ичмей. “Мурда деле (эски үйүндө жашаганда) иче койчу” дешет. Ошондо деле кыргызча-орусча ырдап, куштарча сайрап, коңшу-колоңдорунун көңүлүн аччу экен. Эмичи? Унутуп калгандай. Мурда да ырдап, куштарча сайраганы эсинен таптакыр чыгып кеткендей. Ырдаганды да, сайраганды да жаңыдан гана үйрөнүп жаткандай. Бүтүндөй бугун, күйүтүн ушул ырына, сайраганына, самогонго төгүп, көкүрөк муңунан арылып жаткандай. “Канча бөлмө болду экен? Эки эле болсо керек…”. Көк дарбазаны карап туруп Чолпонбек ушинтип ойлоп койду. Анан кычуусу кангандай кыткылыктады: “Ой, кызын катырды бейм, сызгырылта бир ашатты дейсиң!”. Бир күнү адаттагыдай эле темтеңдеп келаткан, жаңы эле өзүнүн “менчик” ордунан турса керек эле. Аңгыча зуулдай келип токтогон жеңил машинеден жарашыктуу кийинген татынакай кыз чыга келди да, жулкуна тигини көздөй бет алды. “Кызы келди, эми Сарыга көргүлүктү көрсөтөт!” дешти бери жакта тургандар. Экөө беттеше түшкөндө эле кыжыңдаша башташты, кызы демиктире зекип кирди. Ошондо Сары бир сызгырылтты дейсиң, кыргызча да, орусча да. Кадимкидей калчылдап келип, акыры сүйлөй албай калды. Жанындагы куу машкеси да безилдей үрүп, кызга асыла кетти. Кыз машинесине түшө качты, артка бурду да, зуулдата чу койду. Сары колун силкилдете узатып кала берди. Кызык, эми темтеңдебей калды. “Бети жок да!” дешти карап тургандар. “Өз кызын да ушинтип сөгөбү?”. Сөкпөй коёбу!” деди качанкы бир көрүнүштү көз алдынан чубалтып отурган Чолпонбек, тишин кычырата, – өздөрүн көрөт элем, ушинтип күйгүзүп кетсе, ит кейпине түшүрүп кетсе…”. Өзү да күйүп кеткендей титиреп алды да, оюнан корккондой, башын чайкагылай кетти. “Оо, – деди анан күлүмсүрөй күбүрөп, – оо, ичпей калган күндөрүндөчү…”. Ооба, кээде ичпей калган күндөрү деле болчу. Оо, анда көрүп ал, кычырайт тим эле. Костюм-шым. Кичине эле бырыша түшкөнү болбосо, жаркыраган галстук. Кийимдери гана эмес, өзү да кычырап калчу. Кычыраганы ушул: киши ордуна көрбөй калат башкаларды. Атүгүл салам айтсаң да алик албайт, кейкейип басып кетет. Эртең менен бир жакка кетип баратканын көзүң чалып калат. Ити жанында. “Кайда бармак эле, базарга соода кылганы кетти да” дешет айрымдары. “Соода-поодасы жок эле аныңар ичпей калган күндөрү баягы өзү жашаган мурунку үйүн тегеренип-тегеренип жүрөт экен, – деп күрсүнө кеткен ошол жакта жашаган бир окутуучу, каңырыгы түтөй, – мен өз көзүм менен көрдүм го далай жолу”. Баса, бул күндөрү көчө жансыз, жымжырт боло түшөт. Кычыроо көпкө деле созулчу эмес, дүрт эткен оттой болуп капысынан эле мурунку таз кейпине келип калганын көрчүсүң. “Унутуш кыйын окшойт” деп өзүнчө шыбырай кетти Чолпонбек. Бирок эмнени унутуш кыйын – муну аңдай албады, оозунан капысынан эле ушул сөз чыгып кеткендей болду. Кайра шыбырап койду “түш болоюн деп калды, бул маалда ырдап бүтүп, сайрап калчу эле…”. Ушуну эле күтүп жаткансып, Сарынын үнү жаңырды аңгыча:

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.