ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

КҮҮНҮН СЫРЫ

ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

АҢГЕМЕ

Узак жолдо карыя менен жолдош болдук. Анын сыйда, буурул сакалы тараза боюнча атайлап жасап койгондой эле. Анын кебетесине караганда элүү, элүү беш жаштарда деп айтууга мүмкүн болучу. Ал сүйлөгөндө кандайдыр, бөтөнчө жалындуу күчү бар сыяктуу, тыңшаган адамдар магнитке жабышкан темирдей болуп сезилер эле.

Жолоочуларга эмнелер жолукпайт, добулдуу нөшөргө дуушар келдик. Анда-санда жарк эткен чагылгандын учушу, көздү ачып жумгандай болот. Жүрүүгө мүмкүн эмес. Бир бирибизге сүйлөнүп коргологон болдук.

– Аттиң ай, мындай да коркунучтуу болорбу... Кыян жүрүп кетип жүрбөсүн, – деди жолоочунун бири.

– Таң аман болсун. Кыянды таң жараткан жок. Добулдун аягы кыянга жетпейт. Бул арамза добул, – деди бирөө күлүп.

– Бизди алчу добул жок, эми таңдын кучагына киребиз, – деп сөздү чукул кайырдым да, көрүнбөгөн жолдошторума карагансыдым. Так ошол учурда табияттын күчтүү оттугу (Сөз чагылган жөнүндө - ред.) жарк эте түшкөндө, карыянын көзү күтүп тургансып, көзүмө тигиле калды.

– Карыя, – дедим, – сиздин магниттүү көзүңүз менин көзүмдү бийлеп алса керек... Чагылган «жарк!» эткенде, көзүңүз жалт эте калды. Али да болсо көзүңүз мени арбап жаткандыр? Бирок сиз мага көрүнбөйсүз. Ушундайбы? Эми көрө албасаңыз, сөзүңүз менен арбаңыз, – дедим.

Жолдошторумдун бири:

– Узун жолду, күчтүү коркунучту саймалуу сөз жеңет, – деди.

– Силерди сүйлөгүлө дейин десем, чапанды жакасынан киет дейсиңер го?... Болуптур. Өз нөөмөтүмдү мен өткөрө берейин. Силер дагы өз кезегиңерди унутпагыла, – деп тамагын жасап алды да: – Эмесе кулагыңарды салгыла! – деди карыя.

Добул дуулдап өтүп жатты. Карыя аңгемени мындайча баштады:

– Өмүр чаккан оттук сыяктуу жарк этип дүйнөгө көрүнө түшүп, кайта жалп этип өчкөнчө шашат. Мен силерге айта турган аңгемемди кечээ эле уккансыйм. Мен анда жыйырмада болсом керек.

Жайлоонун кызык учуру. Мен жолоочумун. Коюу шибер атчан кишинин үзөңгүсүн чалып, баштарын эрксиз чайкап кала беришет. Өзүм чарчап да болгон элем, жатып калайын десем кардым ач. Эмне болсо да кыраңдан ашайын, айыл жок болсо, үмүттү үзүп биротоло жатайын деп, кыраңга чаап чыктым. Кең чалкактагы айылдар, куду деңиздин үстүнө орношкондой болуп, жаңы конуштагы шиберге бөлүнүп калыптыр.

Кабарчыдай чапкылабай, кере-кере бастырып дөбөдөгү чогулган элге барып салам бердим. Элдин четиндеги олтурган кызыл куру бар жигит жүгүрүп келип, атымды алып кетти.

– Кел, балам! Кел, – деп элдин ортосунда олтурган олчойгон сары киши оң жагын жаңсады.

Ал кишинин кабагына караганда, качандыр атактуу баатыр киши болгон сыяктуу кабагы бийик. Көздүн чарасы тереңден көрүнгөн кудуктай, көзүнүн кареги араң гана жылтылдайт. Мурду берендин (Алгыр куш дегени - ред.) тумшугундай болуп, тиши жок оозуна карай имерилип турат.

Анын өлчөмсүз чоң жана толук жүзүнө караганда анча кары деп айтууга болбойт. Бирок калдайган купкуу этсиз кулагы, оңкойгон арык мурду анын карылыгын алда кайдан далилдейт.

Анын колундагы өрүктөн жасалган комуз карыя менен эбактан бери жолдош болгон сыяктуу кара күрөң тартып чыныгып бүткөн. Комуздун тепкеси манаттай болуп арчадан жасалгандыгын жана көп жашагандыгын байкатат.

– Балам, жол болсун? – деп карыя сурап койду да, күңгүрөнгөн муңдуу күүнү акырын гана чертип чыкты.

Менин сөзүмдү тыңшадыбы, жокпу аны карыядан байкоого болбойт. Анткени ал бир калыпта өзүнүн гана алдын карайт, эчтемени тыңшабагандай сезилет. «Бул барып турган кесирдүү киши го, же алжыган го» деймин. Чынында андай болуп чыккан жок.

– Балам, дурус балам экенсиң. Жолоочу кишини тойгузуп туруп сүйлөшүү керек. Кымыз алып келчи! – деп комузунун кулагын көтөрүп койду да, баягы муңдуу күүнү дагы созолонтту.

– Балам, узак жолдон чыккан экенсиң, насыбай тартасыңбы? – деди күүсүн токтото коюп.

– Чекчү элем карыя, – деп тим болдум. Анткени насыбайым жок эле. Кур чакчамды берүүгө болбоду. Ал менден чакча күткөн жок. Нөкөрлөгөн (Саймалуу кооз дегени - ред.) кең өтүктүн кончунан килейген мүйүз чакчаны сууруп алып:

11.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.