Жек Лондон
Мартин Иден
— Ооба, сиз искусствонун бакалаврысыз, — деди Мартин ойлуу, — сиз түшүнүшүңүз керек... Бирок муну менен баары айтылган жок, — деп сөзүн улантты ортого чөгө түшкөн ыңгайсыз паузадан кийин. — Мен эмнеге жөндөмдүү экенимди өзүм жакшы билем. Муну менден жакшы башка эч ким биле албайт. Созсүз ийгиликке жетишериме көзүм жетип турат. Кандай болбосун, бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгам. Менин ичимде аңгемелеримде, макалаларымда, ырларымда орун тапкан нерселер кайнап жатат. Бирок мен сизден буга ишениңиз деп өтүнбөйм. Сиз мага да, менин адабий талантыма да ишенбей эле коюңуз. Бирок сизден менин бир гана суранаарым — менин сүйүүмө ишенсеңиз экен, мени мурдагыдай эле сүйсөңүз экен... Эсиңиздеби, мындан бир жыл мурда сизден эки жыл күтө туруңуз деп өтүнбөдүм беле? Бир жыл өттү, мен бүткүл жүрөгүм менен сезип турам, экинчи жылдын аягына барып ийгиликке жетериме ишенем. Эсиңиздеби, бир кезде сиз мага жазуучу болуш үчүн окуучулук сыноодон өтүү керек деп айттыңыз эле. Эмне дейсиз, мен ал жолду басып өттүм. Мен абдан шаштым, буга кыска мөөнөттүн ичинде жетиштим. Менин бардык максат умтулууларымдын түпкү максаты сиз болдуңуз, сиз жөнүндө ойлогонум мага дайыма дем берип, кайратыма кайрат кошуп келди. Билесизби, кана уктоо дегенди мен эчак эле унутуп койгонмун. Мага кээде каалашымча уктап, уйкумду кандыра эс алган кездеримден бери миллиондогон жылдар өтүп кеткендей сезилет. Эми мени сааттын шыңгыраганы гана тургузат. Качан кай убакта жатпайын, дайыма саатты бир убакытка коюп коёмун. Саатты коюп, чыракты өчүргөн менин атайын эстеп, жатар алдында аткара турган ишим болуп калды. Таптакыр эле болбой, уйкуга алдырып баратканымды сезгенде, кыйын китепти жеңилирээк китепке алмаштырам. Бул китепти окуп атып да үргүдүлөй баштасам, анда уйкуну кубалаш үчүн өзүмдү өзүм башка муштагылап кирем. Уйкудан өлөөрчө корккон бир киши жөнүндө окудум эле, эсиңиздеби, Киплингде беле? Шишти төшөгүнө коюп коет экен, уктап кеткенде ал денесине сайыла түшөт экен. Мен да ошенттим. Түнкү саат бирге, экиге чейин уктабаймын деп чечтим... Чын эле белгиленген мезгилге чейин кирпик какпай калчу болдум. Бир нече ай бою ушинтип жүрдүм. Ошентип атып, беш жарым саат уктаган мага түшкө кирбеген жыргалдын жыргалы болуп калды. Эми болгону төрт гана саат уктап калдым. Уйкум канбай аябай кыйналып жүрөм. Кээде башым айланып кетет, ойлорум чаташып, ушунчалык уйкум келет дейсиз, бир туруп көрдүн тынчтыгы мага жыргалдай сезилип кетет. Лонгфеллонун ырлары эсиме түшөт:
Деңиздин муздак түбүндө,
Баарысы тыптынч, үргүлөйт.
Бир кадам — сууга шарп этсе,
Баарысы калат түбөлүк.
Албетте, мунун баары тантыгандык. Мээнин чарчаганынан болуп атса керек. Бирок бир суроо окуучулук мөөнөттү кыскартып, ийгиликти шаштырыш үчүн ушунун баарын мен ким үчүн жасап жатам? Сиз үчүн. Окуучулук мөөнөтүм аяктады. Мен эми эмнеге жөндөмдүүмүн? Сизди ишендирип коёюн, мен бир айда үйрөнгөндү башка студенттер бир жылдын ичинде да үйрөнө албайт. Чын айтам. Сиз ишене бериңиз. Мени түшүнсүн деп жан-дилим менен каалабасам, анда сизге муну айтпас элем. Бул жерде эч кандай мактаныч жок. Менин билимимдин натыйжасы китептер менен ченелет. Сиздин бир туугандарыңыз мага салыштырганда тимеле бир түркөй жапайылар болуп калат, анткени мен билимимди алар эч нерседен бейкапар уктап жатканда алганмын. Бир кезде мен атактуу болсом деп ойлочумун. Азыр мага атак-даңктын эч кандай мааниси жок. Менин бир гана каалаганым сиз. Сиз мага тамактан да, кийимден да, айтор, дүйнөдөгү бардык нерселерден артык көрүнөсүз. Мен бир гана сиздин көкүрөгүңүзгө башымды жөлөп, уйкуга кетсем деп эңсейм. Буюрса, бул тилегим бир жылга жетпей орундалат.
Анын кайраты толкун сыңары жапырылып келип, кайрадан Руфтун тула боюн каптап өткөндөй болду: кыз канчалык каршылык көрсөтпөсүн, ички азгырык болбой эле аны Мартинге тартып баратты.
Кыздын жүрөгүн багындырган бул күч Мартиндин от чачкан көздөрүнөн, ышкысы жана кызууланып сүйлөгөнүнөн, андагы жашоонун оргуп кайнап турган кубатынан көрүнүп турду. Бир гана көз ирмем ичинде Руфтун кебелбеген бекем жан дүйнөсү аңтар-теңтер боло түштү да маңдайындагы чыныгы, эч нерседен моюбаган жеңилбеген Мартин Иденди көрүп турду! Кыз жырткыч айбандарды үйрөтүүчүлөр анча-мынчада олку-солкулукка алдыргандай, мына бул адамдын да багынбас эркин баш ийдирүүгө мүмкүн экенинен күмөн санап турду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.