Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Сизчи? Менин көз караштарым сизге да өтө эле кескин көрүнөбү? — Руфтун көзүнө тике карап, жооп күттү.

— Мага сиздин көз карашыңыз... шектүүдөй сезилет, — деди ал акыры.

Ушул сөз менен баары айтылды, жашоо Мартинге ушунчалык кунарсыз супсак боло түшкөндүктөн, эмеле Руфтун атамдын мекемесине кызматка кир деп аярлап айткан сунушун да унутуп калды. Өзүнүн оюнда катуу кетип калганын сезгендей боло түшкөн кыз кайра бул маселеге кайрылыш үчүн ыңгайлуу учурду сабырдуулук менен күтүп калды.

Бирок бул көпкө күттүргөн жок. Эми Мартиндин Руфка бере турган суроосу бар эле. Ал кыздын ага канчалык ишенерин сынап көрмөк болду. Ошентип бир жумадан кийин ар кимиси өзүнүн суроосуна күткөн жоопту алды.

Мартин «Күндүн осолдугун» Руфка окуп берип, бул ишти ылдамдатты.

— Эмне үчүн сиз кабарчы болгуңуз келбейт?!— деп жиберди Руфь Мартин окуп бүткөндө. — Өзүңүз жазганды абдан жакшы көрөсүз, балким, ийгиликке жетишип, өзүңүздү көрсөткөн соң атагыңыз да чыкмак. Кээ бир атайын кабарчылар бапырата акча таап, дүйнө жүзүн кыдырып жүрүшпөйбү. Аларды Африкага — Стэнлиге жиберип да атышат, мисалы, алар Ватиканда папа менен маек куруп, Тибеттин сырдуу булуң-бурчтарын изилдешет.

— Демек, сизге менин макалам жакпайт, деңизчи? — сурады Мартин. — Сиз калыбы, мен журналист гана болуп, жазуучу чыкпайт деп болжолдойсузбу?

— О, жок! Макалаңыз мага абдан жакты. Эң сонун жазылган. Бирок мен сиздин окурмандарыңыз мындай терең жазылган макаланы түшүнө албайтко деп чочулайм. Мен үчүн деле бул өтө оор көрүнүп жатат. Угулушу сонун, бирок мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Баарынан да макалада атайын илимий терминдер өтө эле көп экен. Сиз өтө эле аша чаап кеткенди жактырасыз, кымбаттуум, сизге апачык болгон нерселер калган баарыбызга таптакыр түшүнүксүз болуп жатат.

— Ооба, макалада философиялык терминдер көп, — дегенден башка эч нерсе дей албады Мартин.  

Анын толкунданганы дагы эле тарай элек болчу, анткени азыр эле үн чыгарып, өзүнүн эң эле зирек деген ойлорун окуган эле, андыктан Руфтун мындай пикири аны таңгалдырып, эсин оодара чапкандай болду.

— Макул, бул макала формасы боюнча анча түзүк эмес деп коёлу, — деди Мартин өзүнүн тууралыгын далилдөөгө аракеттенип, — бирок кантип эле сизди анда айтылган ойлор козгой алган жок?

Руфь башын чайкады.

— Жок. Бул мен мурда окуган макалаларыма таптакыр окшобойт... Метерлинкти окугам, ал мага абдан түшүнүктүү болучу.

— Анын мистицизми сизге түшүнүктүүбү? — кыйкырып жиберди Мартин.

— Ооба. Бирок сиздин ага чабуул койгонуңуз мага эч бир түшүнүксүз. Албетте, эгерде оригиналдуулук жагын айта турган болсок...

Мартин аны токтотмокко колун сермеди, бирок унчуккан жок. Анан кулагына сүйлөп аткан Руфтун момундай сөзү шак дей түштү.

— Чынын айтканда, сиздин чыгармачылыгыңыз өзүңүз көпкө алаксып ойногон оюнчук болчу, — деди Руфь, — эми турмушка, экөөбүздүн жашообузга олуттуу мамиле кыла турган убак келди. Ушу күнгө чейин сиз өзүңүз үчүн гана жашап келдиңиз.

— Сиз менин кызматка орношконумду каалап турасызбы?

— Ооба, атам сизге...

— Билем, билем, — ал Руфтун сөзүн кескин бөлүп, — бирок ачык эле айтыңызчы, сиз мага эми таптакыр ишенбейсизби?

Руфь унчукпастан анын колун бекем кысып койду. Көздөрү тунарыктап турду.

— Сизге эмес... сиздин жазмакерлигиңизге, менин кымбаттуу, — деди Руфь акырын жоошута сүйлөп.

— Сиз менин чыгармаларымдын баардыгын окуп чыктыңыз, — деди Мартин кесе сүйлөп, — сиз алар жөнүндө кандай ойдосуз? Сизге алар ушунчалык эле начар сезилеби? Башкалар жазгандан да начарбы?

Башкалар жазган чыгармалары үчүн акча алып атышат.

— Бул менин суроомо жооп эмес. Сиз мени адабиятка шыгы жок деп эсептейсизби?

Макул эмесе, жооп берейин, — деди Руфь өзүн өзү мажбурлагандай. — Мен сиздин жазуучу болуп чыгат деп ойлобойм. Мага таарынбаңыз, ардагым! Муну өзүңүз кыйнап сурап атпайсызбы? А сиз менин адабият жөнүндө сизге караганда, алда канча көбүрөөк түшүнөрүмдү билесиз.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.