Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мунун баары сеники! — деди Мартин каткырып.

Гертруда болсо үн чыгара эчкирип ыйлап жиберди.

— Байкуш балам! Байкуш балам куруган экен! — деп ого бетер боздоду.

Адегенде Мартин эмне кыларын билбей, шашып калды. Бирок ошол эле замат эжесинин эмнеге мынчалык күйүп атканын сезе койду да, ага басмакананын катын көрсөттү. Гертруда аны араңдан зорго окуп чыгып, анан көз жашын сүрттү да жүүнү бош сурады:

— Демек, сен бул акчаларды адал жол менен алдыңбы?

— Ананчы! Мен бул акчаны алтургай, утуп да алганым жок, мен аларды иштеп таптым.

Гертруданын көздөрүндө ишеним жылт эте түшүп, катты дагы бир жолу шашпай окуп чыкты. Мартин мынчалык чоң акчага кантип жеткенин Гертрудага араңдан зорго түшүндүрдү. Баарынан кыйыны — акчанын баары эми эжесиники экенин, өзү болсо акчага муктаж эмес экенин түшүндүрүү азап болду.

— Мен бул акчаны сенин атыңа банкка салып коём, — деди Гертруда.

— Жок, эгер алгың келбесе, мен анда мунун баарын Марияга алпарып берем. Ал кантип иштеткенди билет. Андан көрө муну сен алып, өзүңө үй кызматчысын жалдап алсын, эс алсын деп атам. Түшүндүңбү?

— Мен муну Бернардга айтып барайын, — деди Гертруда коштошуп жатып.

Мартиндин кабагы бүркөлүп барып оңолду.

— Мейлиң айтсаң айт, — деди ал, — мүмкүн ал эми мени конокко чакырар.

— Чакырбай анан! Эми менин буга көзүм жетип турат! — деп жиберди эжеси, анан мойнунан бекем кучактап туруп бетинен өөп.

 

XLII ГЛАВА

Ошентип Мартин өзүн жалгыз калганын сезген күн келди. Ал алдуу-күчтүү, саламаттыгы куландан соо эле, бирок эми кылаарга да иши жок болчу. Окуп, жазганын токтотуп, Бриссенденден ажырап, Руфтун сүйүүсүн жоготкондон кийин жашоосу үч көчкөн журттай аңылдап ээн калды. Ал жашоосундагы бул боштукту ресторандар, египет папиростору менен толтурам деп куру эле аракеттениптир. Ырасы, аны дегдетип, өзүнө азгырган Улуу океан эле, бирок анын Кошмо Штаттардагы оюну али толук бүтө электигин түшүнүп турду. Жакында анын эки китеби басмадан чыгат, мүмкүн башкаларын да баса тургандар табылып калар. Мунун баары акча болчу, ошондуктан алтын капты канжыгага басып алып түштүк деңиздерди көздөй жөнөш үчүн ашыкпай коё туруш керек болуп атты. Ал Маркиз аралдарынан бир миң чили долларына сатып алса боло турган керемет кооз өрөөндү биле турган. Өрөөн аттын такасындай ийрелеңдеген булуңдардан тартып, чокуларын ак булут чулгап турган аскар тоолорго чейин созулуп жатаар эле.

Булуң анын билишинче шумдук кооз жана океандын чоң кемелери кенен токтой турган терең да эле, ошондуктан Тынч океандын жол көрсөткүч маалымат китепчесинде бул булуң океандын ушул бөлүгүндөгү эң сонун жайлардын бири катары баяндалган. Мартин чакан, ылдам сүзгөн шхуна сатып алып, соода жана балык уулоо менен алектенмей болду. Өрөөндө өзүнүн базасы болот. Ал аякка Тами жол башчыныкындай тээ көөнө замандагыдай камыш алачык куруп алат да, өзүнө жергиликтүү кара калктан кызматчыларды жалдап алат. Ал Тайохэден келчү пасторлорду, соода кемелеринин капитандарын, контрабандисттер менен ниети жакшы деңиз селсаяктарын күтөт. Эч кимден жалтактабай эшигин ачып жашап, конокторун кадимки падышалардай күтүп алып турат. Так ошол жакка барганда, балким, бир кезде окуган китептери менен  туруш-турпаты чылк ойдон жаралган жомок болуп чыккан бул дүйнөнү унутаар.

Бирок аның үчүн Калифорнияда отуруп, мүшөгү алтынга толгончо күтүш керек болчу. Акча болсо эми гана агылып келе баштабадыбы. Жогеле дегенде бир китеби чыгып кетсе, анда калган кол жазмаларынын баары шыр эле өтүп кетмек. Демек эңсеген ак булуңу менен жайкалган өрөөнү батыраак колго тийсин десе, анда майда аңгемелер менен ырларды бытыратып жазып сала бериши керек. Бүттү, эми эч качан колуна калем кармабайт да жазбайт. Муну ал өзүнө бекемдеп шерт берип биротоло чечти. Бирок китептери азырынча басылап аткан кезде башка бир иш менен алектенип турушу керек эле. Минтип баары жоктун баарына кайыл кайдыгер болуп жашаганга болбостур.

Бирде ал жума күнү Шелл-Моунд сейил багында кыш кыноочулардын оюн-зоогу өтөөрүн угуп, барып келейинчи деди. Мурда ал мындай кечелердин бирин да жаза кое берчү эмес, ошондуктан алардын сырын да мыкты биле турган. Мартин бакка кирип келери менен эчаккы унутулган жаштыктын элестери сезиминде дүрт этип жангандай болуп кетти. Бул жактагылар анын өз чөйрөсүнөн чыккан карапайым кишилер болчу. Өзү ушулардын арасында туулуп, чоңойбоду беле, эми алар менен көп жылдардан кийин кайрадан жолугушуп атканына жетине албай турду.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.