Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Ой, бул Март ко! — деген үн кулагына күтүлбөгөн жерден шак дей түштү. Аңгыча болбой тааныш бирөөнүн колу аны ийинден булкуп алгандай болду, — Ой, абышка, кайда жүрөсүң? Таптакыр эле дайның чыкпай кетти го? Деңизде болдуңбу? Же кайда? Кана, кел отур, бирдеме сеп этип иели!

Бул баягы эле тааныш кампания болчу, бирок арасында жаңы кошулгандары да бар, кимдир бирөөлөр болсо көрүнбөйт. Булардын баары эле кыш кынагандар эмес болчу, бирок мындай оюз-зооктон ким эле куру калгысы келсин, каалашынча чер жаза бийлеп, өткөн кеткенден бапылдап кеп салып, анан күч сынашканна не жетсин. Мартин алар менен ичкенден кийин эле тириле түштү. «Булардан артта калган мен акмак экемин! — деп ойлоду ал. Ошол замат өзүн-өзү сөгүп, ушул өз чөйрөмдү чанып кетпегенде, билимдин артынан кубалап, жогору турган чөйрөнүн адамдарына жеткенге умтулбаганда балким азыр мындан да бактылуу болмокмун деп ичинен жемелеп да алды. Бирок пийванын даамы таптакыр баягыдай болбой калыптыр. Бриссенден аны карапайым арзан пийвадан такыр эле алыстатып салган окшобобу. Балким боз улан кезиндеги шатыра-шатман курдаштарын китептер унуттургандыр? Өзүнүн мурдагы эле калыбында экенин далилдеш үчүн павильондун ортосуна бийлемекке чыгып барды Мартин. Ошол жерден ал эжесинин үйүндө батирде турган Жим менен жолугушуп калбаспы. Ал узун бойлуу аксаргыл кызды ээрчитип келген экен, анысы дароо эле Мартинге жабыша калып атпайбы.

— Бул дайыма ушундай! — деди Жим аны шылдыңга алган достору менен Мартиндин өзүнүн кызы менен чимириле вальс бийлеп атканын карап. — Бирок мен капа болбойм деле. Анткени аны менен кезигишкениме абдан кубанып турам! Карачы, бийлегени бир шумдук мунун ия! Ушундай жигит менен бийлеген кызды ким күнөөлөйт!

Бирок Мартин сары кызды кайра Жимдин колуна тапшырды, анын мындай мырзалыгына ичи ысып чыккан Жим дароо эле бир бөтөлкөнү ошол жерден ачып жиберди да үчөө длостук үчүн деп туруп алып ийишти. Оюн күлкү кайрадан улана берди. Элдин баары Мартиндин кайтып келгенине чын дилден кубанып атышты. Анын бир да китеби жарык көрө элек болчу, демек, жолдошторунун көзүнчө эч кандай куру баага ээ эмес экен, анткени алар Мартинди Мартин болгону үчүн гана сүйүшчү. Ал өзүн дуулдаган бул чөйрөдө куугундан кайтып келген канзаададай сезип, жалгызсыраган жүрөгү мына бул чын ыкластан чыккан оюн-зооктон жылынып жатты. Мартин табында болчу.  Анүстүнө чөнтөгүндө доллар шыңгырап, анын баарын аянбастан, баягы деңизден кайтып келчү кездегидей марттык менен оңду-солду чачып атты.

Кокусунан Мартин бийлеп жүргөндөрдүн арасынан Лиззи Коноллини көрүп калды, ал бир жумушчу жигиттин кучагында тегеренип жүргөн экен. Бир аздан кийин Мартин павильонду кыдырып жүрүп, муздак суусундук ичип жаткандар отурган үстөлдөрдүн бирине кыздын келип отурганын көрдү да, жанына басып келди. Лиззи Конолли бул жолугушууга чексиз кубанганы жаркылдаган жүзүнөн билинип турду, Мартиндин музыканын дүңкүлдөгү угулбаган бактын төрүрөөк жагына басып барып сүйлөшө сейилдеп келели деген сунушуна дароо макул болуп, экөө колтукташа басып кетишти. Кыздын оозунан чыккан биринчи эле сөздөн кийин Мартин анын өзүнө таандык экенин түшүндү. Муну кыздын кылгырган көздөрүнөн, чыбыктай болгон денесинин кыймылдарынан жана анын Мартиндин ар бир сөзүн тыңшап, бөтөнчө көңүл бурганынан ачык сезүүгө мүмкүн эле. Эми Лиззи баягыда Мартин менен театрдан жолуккандагыдай жаш кыз эмес эле. Ал азыр кемелине келип, көркү толукшуп турган аялзаты болгонун, бирок жаштык шайырдыгы, жандуу тирикарактыгы ошол эле бойдон экенин Мартин адегенде эле байкаган.  

— Тимеле чүрөк, анык чүрөк, — деп суктана шыбырап алды эрксизден Мартин. Ал азыр «жүр» эле десе, Лиззи аны менен жердин аркы түбүнө болсо да ээрчип кете берүүгө даяр экенин сезип турду.

Так ушул ирмемде күтпөгөн жерден башына оңбогондой катуу сокку келип тийди, аз жерден жыгылып түшкөн жок.  Сокку муштум менен жасалып, урган неме кыязы, анын ээгин мелжесе керек, бирок шашып кетип, жинденгенинен жаза коюп алды окшойт. Кол салган неме дагы бир жолу чапканы калганда Мартин бурула калып, буйтап кетти да, тигинин экинчи жолку урганын оңой эле тосуп койду. Ошол замат бутунан чала тээп туруп, чалкасынан түшүрдү. Бирок тиги ого бетер ызырына ордунан шап кайра тура калды: Мартин анын ачуудан өң алеттен кеткен жүзүнө карап, мынчалык душман болгудай буга эмне кылдым эле деп таң кала ойлонуп калды. Бирок таң калганы анын кезектеги чабуулун кайтарып, сулата чапканга тоскоол болгон жок. Ошол учурда тияктан Жим менен достору чуркап жетишти да экөөн арачалап калышты.   

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.