Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартиндин бүткөн бою титиреп турду. Мына арта калган бактылуу, түйшүксүз күндөр, бийлемей, куунак шапар тепмейлер, дүпүрөгөн мушташтар кайра кайтып келгендей болду! Капылеттен чыга калган каршылашын назардан кетирбей туруп, Лиззиге жалт карады.  Мындай кармаштар болуп кеткенде кыздар чыйылдап чыңырып ийишчү эле, бирок Лиззи дым деп үн чыгарбай туруптур. Денеси менен алдыга умтулуп, эки колун бооруна алган бойдон дем албай туруп калыптыр, жүзү албырып, көздөрүндө чексиз суктануу бар эле.

Мартинге кол салган неме ал ортодо кайрадан тура калып, коё бербей кармап турган жумушчулардын колунан улам жулунуп атты.

— Кыз мени менен кетмек! — бакырды ал ызалана. — Мени менен бармак, бирок мына бул мынабу ары жок неме алып кетти! Коё бергиле! Мен анын акесин таанытам азыр!

— Сен жинди болупсуң! — деди аны кармап турган Жим. — Эй, бул деген Март Иден эмеспи! Сен ага катылбай эле кой, өзүңө жакшы. Талкалап коет заматта сени.

— Эмнеге анан менин кызымды алып кетет?! — болбой эле жулунуп атат тиги кыйкырып.

— Ал сендейди эмес, атагы таш жарган голландиялык Желтамандын талпагын жайган, а анын оңой эр эмес экени эсиңдеби?  Мына ошону бешинчи раундда талкалаган! Сен ага бир мүнөт да каршы тура албайсың. Түшүндүңбү?

Бул кабар тиги жигитти бир аз жоошуткандай болду окшойт, Мартинди сынагансып, бутунан башына чейин дагы бир карады да, анан баштагыдай аңыраңдабастан бурк этти:

— Андай деле түрү жок го?

Желтаман да ошентип ойлогон, — деди Жим аны ишендире. — Жүрү! Мунуңду ташта! Башка кыздар деле толуп атпайбы?

Тиги макул болгонсуду да, кампания топурап, павильонду көздөй басты.

— Бул ким эле? — Мартин Лиззиден сурады. — Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.

Ал мушташ баягыдай канын кызытпай калганын кейиштүү ойлоп турду. Өз жоругун талдаган адатка айлангандан бери байыркы адамдай ой жүгүртө да, сезе да албай калган экен.

Лиззи башын чайкады.

Жөн эле бир жигит,— деди ал, — акыркы күндөрү чогуу сейилдеп жүргөм.

Лиззи бир аз унчукпай калып, анан кошумчалап койду:

Абдан эригип жүргөм... бирок эч качан... унуткан эмесмин, — кыз үнүн басыңкыраак чыгарып, айланага мелтирей тигилип калды, — эгерде сиз мени карасаңыз, аны сиз үчүн дароо эле таштамакмын!..

Мартин аны кунт коё карап калды да, эми эреже боюнча кыздын колунан алып, кысып же кучактап өөп коюшу керек эле, бирок анын карапайым сөздөрүн угуп атып, китептин шөкөттөлгөн тилине маани бериши керекпи, жокпу, ушуну ойлоп атып.... Лиззиге жооп кайтарганды да унутуп койду.

— Сиз аны жакшылап эсине келтирип койдуңуз, — күлдү Лиззи.  

— Ал чымыр жигит экен, — деди кең пейилдик менен Мартин. — Арачалабаганда эсимди оодармак экен.

— Баягыда сизди жаш айыма менен көрдүм эле, ал ким эле? — деп сурап калды Лиззи.

— Жөн эле тааныш, — деди ал.

Андан бери канча жыл өтүп кетти, тимеле миң жыл өткөндөй, — деди Лиззи ойлоно.

Мартин эч нерсе дебей, кептин нугун башка жакка бурду. Экөө анан ресторанга барып, кымбат тамак, ичимдиктен буйрутма беришти, анан Мартин кыз менен кечке бийледи. Ал мыкты бийчи эле, андыктан Лиззи анын кучагында буту-бутуна тийбей, тимеле жыргалга бата чимирилип жатты; башын Мартиндин ийнине акырын жөлөп коюп, мындай балкыган бакыттын чексиз улана беришин каалап турду. Анан кийин экөө кайрадан бакка барышып, эски көнүмүш адат боюнча Лиззи чөпкө отура кетти, Мартин болсо, чалкасынан түшүп, башын Лиззинин тизесине жөлөп жатып алды. Ушинтип жаткан бойдон көзү илинип кеткендей, Лиззи болсо анын кайраттуу коюу чачтарын салаалап сылап отурду, көздөрүнөн махабат жанып, ушу таптагы бактысына маашыр эле. 

Мартин бир аздан кийин көзүн ачып, Лиззинин көз карашынан назик ынанымды көрдү. Кыз уяла түштү да, кайра ошол замат чыйрала түшүп, чечкиндүү үнү менен минтти:

— Мен сизди ушул жылдар бою күттүм, — деди угулар угулбас.

Мартин бул ойго келбеген иш болсо да чынында ушундай экенинен эч бир шектенбей турду. Ушул жерден ээ жаа бербеген азгырык сезим аны бийлеп кетти: мына бул кызды бактылуу кылыш анын колунда эле. Өзү бактыга жетпеген соң, жок дегенде ушул кызды бактылуу кылса болбойбу? Ага үйлөнүп, өзү менен кошо Маркиз аралына алып кетсе да болмок. Азгырык ойго берилип баратып, ички сезими тык токтоткондой болду. Ал махабатына дагы эле бекем эле. Баягыдай каалагандай шапар тепкен жеңил ой, түйшүгү жок күндөр эми артта калбадыбы, ал мезгил эми жалынсаң да кайра келбес. Ал таанылгыс болуп өзгөргөн, канчалык өзгөргөнүн өзү да эми азыр түшүнүп отурат.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.