Казат Акматов
Мунабия
Ажике жеңем кызуулугу менен мага ашыгыраак сөз айтып алганына оңтойсуз жылмая калып, анан шыбырады:
–Акемдики деле шермендечилик эмеспи. Бул жагынан ал кишиде түк уят калбай калды…
Ажике жеңемдин мени өз киши катары көрүп ачык айткан сөздөрүнө жооп бере албай турдум дагы эле. Сүйлөөгө эч мүмкүн эмес. Көңүлүм ушунчалык дүрбөлөңдөп, чаташып калгандыктан, азыр дароо машинага отуруп ээн жакка жүрүп кетким келди. Бирок антүүгө чамам жетпей атат.
–Асылбек байкем үйдөбү? – дедим мен жеңемден башка дагы бирөө менен бул туурасында тезирээк сүйлөшкүм келди.
Антпесем тамыры тээ алыстан бери зилдеп келаткан бул Мунабия менен атамдын ортосундагы мамилени мен түшүнө ала турган эмесмин.
–Үйдө болбогондо эмне… Өзүң билесиң да байкеңди?
–Ажике жеңем капкагы бир жерде, өзү бир жерде тоголонуп жаткан самоорду чогултуп алып, оозгу үйгө киргизип койду.
Асылбек байкемдикине жеткиче бир нерсеге ичимден катуу таңыркап келе жаттым. Улам демитип сүйлөгөн сайын, улам Мунабиянын жер-жеберине жетип жектеген сайын Ажике жеңемдин бардык айткан сөздөрүнөн, ой-пикиринен, турган-турпатынан маркум апамдын типтирүү элесин даана көрүп келатам. Таң каларлык окшоштук! Таң каларлык бирин-бири кайталоо. Тимеле атайылап жасап койгондой! Маркум апам өзүнүн бар болгон ички дүйнөсүн, көз карашын, ой-пикирин Ажике жеңеме аманат кылып берип кеткен сыяктуу. Же балким аялдардын баарысы эле окшош болобу, же болбосо апам айткандай биздин Танай тукумунун аялдары окшошпу, айтор Мунабия дегенде менин апа-жеңелеримдин баарысы бир ооз, бир дем, бир көз. Менин түшүнүгүмдө маркум апам абысындарынын ичинде өзүнүн ашкере тууганчыл, боорчулугу менен кадырлуу эле. Анын үстүнө беттегенин бербеген кызуу кандуу, кыялы башкалардан өзгөчөлөнүп, атамдын жооштугунан улам көп убактарда эркектердин арасындагы кеп-сөзгө өзү аралашып, тууган-урук ичиндеги расмыстарды өзү эле биле берчи. Ошондон улам ал кишинин калган бардык абысындарына таасири күч болгонбу. Же кептин баарысы жанагы керээз кылып айтып кеткен бечара апамдын аманат сөзүндөбү? Баса ал керээзди бузуп койгон атамды эмне кылуу керек эми? Мен ушуга түшүнбөдүм баарынан да. Керээз деген – жеке эле биздин элде эмес, дүйнөнүн бардык элдеринде ыйык деп бийик тутула турган руханий милдет. Менимче аны бузган, же аткарбай койгон адам али болбосо керек. Эгер андайлар чыккан болсо элден-элге, укумдан-тукумга сөз кылат эле го. Мен мисалы андайды угуп көргөн эмесмин. Ошон үчүн атамдын кылганын кандай деп айтууга болот? Эл эмне дейт буга? Балким эл журт эмдигиче өз өкүмүн чыгарып койгондур? Ажике жеңем аны биле электир дейм. Балким Асылбек байкемден угармын ал жөнүндө…
Байкем адатынча чот кагып отуруп чарчаса керек, керебетке жаңы эле кыйшайган түрү бар. Мен: «Ассаломалейкум», дегенде эле лып ордунан тура келди. Уктаган деле кебетеси жок.
–Ашказаныңыз кандай? – дедим бир аз жайланышкан соң. Байкем адатынча ашказанындагы жарасынын тушун алаканы менен аяр басып, башын ийкеп койду. Бир топ жыл райондук кызматтарда жүрүп, анан эмнедендир «сынып» келип, азыр айылда бухгалтер. Бир кезде элге-журтка «эстүү», «азамат», «иштерман» атанган байкуш байкем кийин оорулуу болуп, бирок ага карабай арактан кези келгенде тартынбай согуп жүрүп жаралуу болду, арыктап кетти, азыр араң эле сүлдөрү бар. Ошенткен менен айыл ичиндеги эстүү-баштуу дегендердин эсебинен чыгып кеткен жок. Бирок, – балким дайыма жаны кейип жүргөндүктөнбү, адамды көп кыртышы сүйө бербей, аз сүйлөчү болуп калган кийинки жылдары.
Мен оңутун келтирип туруп, ири алды менен Асылбек байкемден Мунабия тууралуу сурадым.
–Өзүнчө жүргөн бир бечара да… Өзүң деле билесиң да, – деп иреңин жерден албай отуруп жооп берди агам. Анын кебетесине жана жообуна караганда, деле Ажике жеңем эртеден бери жаагын жанып какшаган Мунабиянын кылмыштарынын бири жоктой. Асылбек байкеме көп ишене бербегенсип калдым эмнегедир. Акыры жүрөгүмдү өйүгөн эң орчундуу суроону бердим.
–Жайына кеткен кишинин керээзин аткарбагандыгы үчүн сиздин Жанузак агаңызды эмне жазага буйрушубуз керек?
–Ал эмне керээз экен? – деди байкем эч нерсе билбеген кишидей.
–Мунабия тууралуу…
–Аа-а, – деди байкем беттерин миң бырыш кыла жылмайып, – аны жанагы оңбогон жеңең айтса керек.
–Жо, апамдын ошенткени чынбы? – дедим мен кызуулана.
–Билбейм, айтса айткандыр, баарыбыз эле үйгө кирип-чыгып жүрдүк жеңем өлөрдө. Балким, келиндерине бирдеме деген чыгар…
–А эгер айтканы чын болсо, атамды эмне кылабыз?
Байкем жерден башын албай кыт-кыт күлдү.
–Эмне кылмак элек. Дарга асабызбы?
–Айтыш керек да!
–Айтканда эмне? Сөз деген сөз да…
–Эмне үчүн сөз деген сөз? Баарылап айтыш керек да!
–Кызык экенсиң…
–Эмне үчүн кызык экем?!
–Маркум апаң тирүү чагында жыйырма жыл кармашып тыйбаган атаңды эми ким тыят?