Казат Акматов
Мунабия
Мен шалдайып калдым. Демек Асылбек байкем да бул ишти жайына койгон экен да! Баарыдан да «жыйырма жыл» дегенин кара. Демек атамдын окуясы илгертен бери эле бүт элге дайын иш турбайбы. Эмне үчүн бизге, балдарына буга чейин бир тууганыбыз ооз ачып айтып койбойт? Кызык.
–Сен өзүң деле билесиң да.
Байкем менин оюмду таап отургандай кобурап койду.
–Биз кайдан билет элек, айтып койбойсуңарбы? – дедим мен чынында эле ызаланып.
–Кантип билбейсиңер? Эмне, асмандан түштүңөрбү?
Апам барда далай эле чатак болчу эмес беле?
–Бирок түшүнчү эмеспиз…
–Анда өзүңөрдөн көргүлө. Түшүнүп жүрүш керек мындай нерселерди! Элдин баарысы түшүнгөн нерсени силер эмне үчүн түшүнбөйсүңөр?!
Байкемдин кабагы тырыша түштү. Дагы сүйлөсөм дагы күчөп, кайра өзүмдү күнөөлөй турганын сездим да, сыртка чыгып кеттим.
«Аттиң-ай… аттиң!»… – деп бараттым, агама жооп кылып айта турган башка сөз таба албай ызаланып, туталанып. Билем ушуну, кимдир бирөө мага сөзсүз ушинтип күнөө коюп айтарын кандайдыр бир туңгуюк сезимдерим менен мурда эле туюп жүрчүмүн. Ошону мына азыр Асылбек байкем айтты. Орой айтты, көңүлүмдү оорута айтты. Бирок, эмне үчүн мени аяп, жондотуп, чын эле атамдын бул окуясын билбеген киши катары көрүп, азыраак жымсалдатып койбоду десең! Аттиң-ай, тууган ичиндеги адамгерчилик деген азайганбы!
Мен илкий басып машинамдын жанына араң жеттим. Каш карайып айлана көрүнбөй калган экен.
Көкүрөгүм таарынычка толуп-ашып, андан да эми эмне кыларымды билбей келип, алдыңкы орундукту артка жыктым да, дармансыз боюмду таштадым. Атама кирип барып чаң салсам деп, бир ниетим азгыргансыйт, экинчи бир көңүлүм болсо андан чочулайт, айбыгат. Анткени мен азыр өзүмдүн эки адамдын ортосундагы «жыйырма жылдык» окуяга караганда алсыз экенимди сезип жатам. Ошол «жыйырма жыл» деген мөөнөттүн алдында ал түгүл о дүйнө кеткен адамдын керээзи да алсыз, күчсүз болуп калганына бир чети эч ишене албай, кайра туруп ишенүүгө аргасыз болгонума ызаланып, буулугуп, бирок баарыдан кокую – бул ишке каршы турууга аргасыз экенимди сезип жаттым. Атамдын бүгүнкү кыял-жоругунун алдында мен эч нерсеге арзыбаган бир көлөкө экенимди түшүндүм. Ошол алсыздыгымдан жүрөгүм түшүп коркуп турам. Атама эч сөз айтууга кудуретим жетпесин, жетсе да ал сөзүмдү баары бир айтпасымды сезип жатам өзүм. Эгер баягы менин мурдагы «Жоош Узак» атам болсо угар беле, ким билет. Азыр болсо бул Жанузак деген адам мага өгөй киши сыяктуу болуп калыптыр. Азыр ал жумурткасын башка уяга салып берип, учуп кеткен канаттууга окшой түшкөн шекилдүү. Анын көңүлү бизди таштап башка жакка учуп кеткен бейм. Ушуну небак сезген Асылбек байкемдин айткан сөзү тигил болуп жаткан чыгар. Андан башка чарасы калбаса керек. Аттиң ай, башка аргасы калбаса керек байкемдин.
Атамдын ушул ахвалга жеткенин көзүң көрбөй эртерээк өлүп тынганың да жакшы болгон экен, апаке!
Машинада жаткан менин жүрөгүм сыздап, атам менен Мунабиянын ортосун көп жылдар туташтырып келген каргашалуу бир сезим Ажике жеңем экөөбүздүн ак тилек, ак оюбузду басмырлап, шылдың кыла үстүбүздөн тебелеп өтүп кетип жаткансыды. Ушул эч нерсени тоготпос ырайымсыз сезим керээз деген ыйык милдетти, элдин түпкүлүктүү рух салтын сындырып, келекелеп жаткансыды. Аттиң кандай айла кылсак болот? Жок дегенде керээз дегенди коргоп калсак болбойт беле. Мейли, атам өз абийирин өзү сактабаса, мага да кереги жок ал абийирдин, бирок адамдын улуу салтын сактап калыш милдетин эмне кылабыз? Эмне кылабыз дейм, ата?! Башкасын койсом да мен атама ушуну айтууга акым бар экенин ойлоп, бел байладым. Азыр туруп барып кыйкырсам, ал өтө турган сөзүм бар сага, ата!
Үстүмдөгү былк эттирбей муунтуп жаткан жүгүм бир аз жеңилдегенсип, ордумдан тура баштадым. Аңгыча биздин үйдүн эшиги ачылып атам сыртка чыгып келе жатканы угулуп калды. Түн абдан эле коюлуп калган экен. Машинадан чыкпай аярлап отура тургум келди. Атам мени издээр бекен деген ойго кеттим окшойт. Аңгыча атам калиткадан чыкты да түз басып, жанымдан дабышсыз өтүп кетти. Эч токтолгон жок. Ошондон улам мен дароо түшүндүм, анын кайда жөнөгөнүн. Артынан аңдып баскым келди, бирок эшикти ачсам дабыш чыгып калат эле. Ошон үчүн караңгыда көз тигилтип атамдын караанын боолголоп карап турдум. Кантсе да Мунабияныкына жөнөдү болуш керек. Мейли дедим ичимде кайра жакшы болот…
Көрсө атам Мунабияныкына кетпей эле аны тосуп чыккан экен. Менден алыс узай электе ал бирөөнө жолуккандай болду, күбүр-шыбыр сөздөр чыгып, экөө чогуу туруп калышты. Атам тигил аялды үйгө жүргүн деп жаткансыйт, аял болсо макул эместей. Кыязы менин машинам ага агарып даана көрүнүп турду окшойт.
Аңгыча болбой үй жактан күйүп-бышып Ажике жеңем жетип келгени.
–Көрдүңбү кичине бала, айтпадым беле, моминтип түн ичинде да биздин тынчыбызды алат тигил! Уят-сыйыттан эчтеме жок. Ай, Мунабия, мобул баладан уялсаң боло жок дегенде?
Мен машинадан атып чыгып Ажике жеңемди дароо колдон алдым. Бирок анын үнүн басууга үлгүргөнүм жок. Аңгыча Мунабия дароо кетип калды да, атам жалгыз бизди көздөй дабышсыз жылып келе жатат. Оюма ар нерсе келе түштү. Күндүзгү чатак уланбаса экен деп кыпылдадым. Мындай учурда Ажике жеңем унчукпай калыштын ордуна кайра биздин короого киргени жүрөт эдиреңдеп.
–Жеңе, үйгө бара бериңизчи, – дедим мен аны колдон ала токтотуп. Кыязы, ал таңыркап калды окшойт. Демек атамдан коркуу деген анда ой да жок. А бирок бүгүнкү самоорду ыргыткандай кылса, атам бирөөгө зыян кылып коюшу мүмкүн да. Нерв дегенден анда эчтеме калган эмес көрүнөт. Бирок ал кечке үйдө жалгыз жатып бу маалда жоошуп калган бейм колтугуна агарган чүпөрөктөрдү кыстарган тейде жаныма келди да, конуп кетесиңби деп сурады менден. Менин жообумду уккандан кийин ал жеңеме эч көңүл бурбастан, үйгө кирип кетип, чырак күйгүздү. Колтугундагы жуулуп, үтүктөлгөн сүлгү, суу жоолук, дасторкондор экен.
–Алдагы жеңеңди жууп кой десем бир жумадан бери кулагына кирбейт, – деди атам мага арызданган тейде. Колундагы чүпүрөктөрдү көрсөтүп. Мен Ажике жеңемди карасам, ал баягы эшикке ыргыган самоорду кайра койгону кам уруп жүргөн экен. Атамдын арызын тыңшап да койгон жок.
Тамак ичилип бүтүп Ажике жеңем кеткенден кийин атам керебеттен өз төшөгүн өзү салууга киришти. Кыргыз айылдагы эң бир ылайыксыз осол көрүнүш ошол болсо керек – аялсыз бой калган карыя киши жууркан-төшөгүнүн оңун келтире албай көпкө дейре каржаңдап атса!.. Же өңү табылбайт будаланган жууркандарынын, же ал мусапырга жардам берген киши жок.
Жатып укта, – деди атам тигил ички бөлмөнү көздөй ээк шилтеп. Башка сөз сүйлөшкүсү жок. Ошондон улам мен айтууга камдап алган сөздөрүм талаада каларын сезип жаттым…
–Апам эмне деген керээз айтты эле?..
–Аны эмне кыласың?
–Тим эле угуп алайын дедим.
Атам там жакка бет буруп кымтыланып алды да саамга дейре унчукпай калып анан үздүк-создук күңкүлдөй кетти.
–Бир топ эле сөз айтты, байкуш… Астына ички үйдөгү чоң килемди салып, үстүмө парча жапкыла деди… Көргө сөөгүм киргенче элге арак берилбесин деди… анан дагы… кыркым өткүчө балдарым менен чалым таяк таянып турсун, келиндер кошогун токтотпосун деди…