аңгеме
Мурза Гапаров: Жол кырсыгы
Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир.
Сыдыктын ыманы уча түштү.
«Шоопуру эмне болду экен, бечара?» – деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти.
Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам экен. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу сөзгө салып, бирок кебине алымсынбай койду. Берген суроолоруна гана нарыдан-бери жооп кайтарып, ашыкча эчтеке кошумчалабайт. Өзүнө кызыктырыш үчүн, Сыдык, сүрөтчү экенин, атайы Фрунзеден Памирге сүрөт тартканы баратканын да айтып көрдү. Сыдыктын ою боюнча «сүрөтчү» деген сөз ар кандай адамдын жүрөгүн жибитип жибериши керек эле. Өз кесибин бардык кесиптерден артыкча көрө турган. Бирок шоопур бар болгону: «Жакшы экен» – деп гана койду. Анан, эмнегедир, өзүнчө үшкүрүнүп алды…
Алай өрөөнүнө келишсе, жерде ала-чоло кар жатыптыр.
–Ой бо-ой, бул жактын кары али кете элек го? – деп таңыркады Сыдык.
–Африкага бараткансып сүйлөйсүң да, – деди буга шоопур шылдыңдаган түр менен, темир тиштерин кашкайта ырсайып.
Сыдыктын жини келди, бирок үндөбөдү. Ошончо көп машинеден, келип-келип ушунун машинесине отурганына бушайман жеди. Эми болоор иш болду, эптеп Мургапка жетип алайын деди. Мургапка жеткенден кийин, убадалашкан жыйырма сомун колуна карматып, тескери бурулуп кетет. Ага чейин сүйлөбөй эле коюш керек буга деп чечти. Ошондон кийин, чын эле сүйлөшкөн жок. Экөө тең өз ойлору менен алаксып, бири-бирине көңүл бурбай, үн-сөзсүз жүрүп келатышкан. Бирок мына бул кырсык аргасыздан шоопуруна кайра караттырды.
Кызык, шоопуру таптакыр бейкапар отурат.
«Көрбөй калды бекен?» – деп ойлоду Сыдык.
Андай болсо, айтыш керек буга, токтотсун. Тигил бечаранын акыбалын билип өтпөсө болобу. Жардам берип дегендей, а эгер жардам кечиксе… өздөрү менен кошо ала кетишке туура келет. Албетте, кузовдун ичи жык көмүр, а кабинада өлүк кишини шалактатып жөлөп барыш кыйын, бирок ошентсе да…
Сыдык эми эле оозун ачаарда, дагы бир нерсеге ою кетти.
«А мүмкүн, бул капыр, көрсө да көрмөксөнгө салып коюп жүрбөсүн» – деп калды ичинде. Биринчиден, бул машакат- туу иш, кыйла убакытты алат. А күн кечтеп, шоопур шашып баратат. Экинчиден… Мына ушунусу чыныгы себеп! Экинчиден, жоопкерчилик жагы бар. Кокус, тигил неме мүрт кеткен болсо, өзүнөн өзү анын: кантип өлдүсү, өлүгүн ким биринчи көрдүсү болот. Жамандыгына алса, өзүн күнөөлөп калыштары ыктымал. Сен анын артынан шаштырып келгенсиң, ал сенден качам деп барып жарга кептелген дешсе дей беришет да. Анын бетин кудай нары кылсын, албетте, анда Сыдык да сурак берет. Кур дегенде, күбө катары. А минтип бир айлык командировканы араң сурап алып баратканда, анысын жолдо сурак берип өткөрүштүн эмне кереги бар. Чычкан ийнине кире албай жатып, куйругуна калбыр байлайт болуп… А бирок өгүз баш, чындап эле, тигил машинени көрбөй калсачы? Анда, көрүп туруп айтпагандыгы үчүн Сыдыктын өзү күнөөкөр болот. Күнөөлөй турган эч ким деле жок, албетте, мунун көргөн-көрбөгөнүн ким билип отуруптур, жөн гана өзүн өзү, айыптуу сезип кыйналат. Ошондуктан, айтып койгону эле дурус.
Бирок айтайын десе, бир чакырымча жерге узап кетишиптир: бийик давандан чыңк ылдый зуулдап түшүп келатышкан болучу. Эми бул гөлүйгөн немеге айтсаң да, кайрылып ошол жакка чыгып барабы десең? Кап. Чечкинсиз адамдын чечими курусун, – деди Сыдык, өзүнө-өзү нааразы болуп. Эмне кылаарын билбей, жүрөгү туйлап, кайрадан үңүлө карады. Шоопур да бул жолу аны сүзүлүп тиктеп койду.
–Эмне эле ойдолоктоп атасың? – деди анан күтпөгөн жерден.
О, бул көргөн экен, – деп чечти Сыдык. Мунун айтайын дегени: «Эмне эле кыйналып атасың? Сен көргөндү мен деле көрдүм. Тынч олтура бер. Төө көрдүңбү – жок, бээ көрдүңбү – жок». Шоопурдун оюн ушинтип жоруду да, шоопур менен үнсүз макул болду.