ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ

Демек, тарых чындыгынын тар алкагында калсак, улут катарында жакшылыкка жанашпайбыз. Өткөндү унутсак руханий маңкурттукка айланышыбыз алыс эмес.
Уюткулуу журт дүйнөлүк орток руханий маданиятка таянып, таразанын эки жагын тең салмактаар, ой учугун табаар.
* * *
Пенде бүткөнүңдүн баарына: “Э жараткан, бала-чакамдын алдында алагөр!” дей турган учур келээр. Ушуга ар ким турмуштун дайрасынын эчендеген тоскоолдорунан муюбай өтүп, терс кыялдарынын уятын бетине чиркөө кылбай жетсе болгону.
* * *
“Атың барда эл тааны желип жүрүп” деп ата-бабаларыбыз айткандай карылуу, кайраттуу кезде эсти жыйып, көч ачып, көкүрөк керип, дүйнөнүн чар тарабын чалганга не жетсин!
Ошентсе да, жер шарынын кайсы тегереги, экватордун кайсы алкагында жүрсөң да, көөдөн тиреген сагынычыңды жазаар туу казыгың – тууган жер аттуу улуу түшүнүк бирөө гана. Ушуну менен руханий байланышыңды үзбөгөндө гана, айдарыңдан жел сылайт. Анткени, бөтөн жер, бөтөн аба, бөтөн суунун эч бири анын ордун толуктай албайт.
Ооба, биз тууган жердин көзгө көрүнбөгөн сансыз жиптери аркылуу каршы-терши байланышкан экенбиз.
* * *
Мен тууган жерсиз эле күн көрө алам, ал эми тууган жер менсиз өмүр сүрө албайт деген алда бирөөлөрдүн текеберлениши бизге жат. Тескерисинче, касиетиңден айланайын тууган жер – бизсиз гүлдөп, бизсиз өмүр сүрө алаар, ал эми биздин рухубуз ансыз бийик өркүндөй алмак эмес.
Ооба, тууган жер барда – биз барбыз!
* * *
Аларды эске алуу кандай ка-ниет, жан-дүйнөң кеңейип, санааңда күн чубагы ойногондой таасир аласың. Деги кимдин болсо да өз доорунан, өз замандаштарынан бийик турган үлгүлүү касиетин айтуу дүйнөлүк маданий казынага кошула турган үлүштүн бир түрү.
* * *
“Бөтөн журттун босогосун аттаганда канжыгамда жүргөн эки улуттук асылым бар. Алар “Манас” менен Мухтар Ауэзов. Сиз кимсиз, казаксызбы же кыргызсызбы? – деп сурагандарга мен алды менен ушу эки улуттук кенчибиз тууралуу сөз козгоймун. Булар менин калкымдын символдору” деген терең оюңуздун айкын көрүнүшү эмеспи?
* * *
Адам жаны – өтө купуя кубулуш. Жан-дүйнөңдөгү бүр жарган жакшылык менен мээримдүүлүктүн өркүндөөсүн кыйынчылыктан, азаптан жаралган зомбулук, кыянатчылык сыяктуу зулум күчтөр зылдын ташындай басып, тумчуктуруп салбашына ким кепил боло алат?
* * *
Жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт деген жүйөлүү пикир бар. Алдыңа ак кагаз жайып, колуңа калем алып, жаза турган чыгарманын темасын койгонуң менен ага ички даярдыгың жок болсо, заңкайган сарай салууга ниеттенген бирок, балка, мыгын камдабаган курулушчу сыяктуу убакытты текке кетиресиң. Табылган тема, жакшы идеяны алып чыгуу үчүн көңүл түпкүрүн аңтарасың. Балалык күндөрдөгү эсте калгандар, көрүп баамдагандарың, ойго түйгөндөрүң, башыңдан кечирген албан түрдүү окуялар менен кездешүүлөр иргелип, бир нукка түшүп чыгарманын өзөгүн түзөт.
“Кылым карытаар бир күн” романын жазаарда маңкурт темасын үңүлө изилдедим. Бала кезибизде жөн жайды билбеген бирөөлөргө: “Эй, сен эмне маңкуртсуңбу?” -деп жекиргенди далай эшиттик. Адамдын маңкуртка кандай айлана турганын билбесек да, сөөгүңдөн өтө турган октой сөз экенин сезчү элек.
Бул маңкурттук тууралуу алгачкы даректердин бири мындан он кылым мурда ырдалып, кыргыз калкынын эрдик менен элдик энциклопедиясына айланган “Манас” эпосунда кездешет.
* * *
Өз-өзүбүзгө жекече түндүк көтөргөн соң, иллюзияга тушуктукпу, айтор, сүрдөп, аптыгып, алиге дейре максат-багытыбызды таасын айкындай албай жаткан сыяктанабыз. Демократиянын жоопкерчилиги – Президенттен баштап элдин ар бир атуулунун ыйманына коюлган ортолук жүк. Демократияга колубуз жетти, асмандан алтын жаайт деген түшүнүктөн арылуубуз зарыл. Биз үчүн идеалдуу коомдун айылы али алыс жатат. Ушуну жан дилиң менен, бүткүл каны-жаның менен түшүнүү парыз. Колуңдагы бийлик менен мүмкүнчүлүктү жалаң өз башыңа пайдаланбай, элиңе жакшылык жасаганга умтулсаң ошондо гана алыстан демократиянын карааны көрүнөт. Ушундан улам азыркы кезеңдин жоопкерчилиги сенек мезгилдин темирдей тартибинен да кубаттуу болуу керек деп ойлоймун.