Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм.

Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

А. Осмонов.

 

БЕТ АЧАР

Адам деген өзүнүн жакшы көргөн кишисин, бейпилбеймаза күндөрүн, жүрөк туйлатаар окуяларын ар убакта эскерет эмеспи! Ал элестер көлдүн толкунундай улам сабалап, бизге келип-кетип турары чын. Өмүрүмө көз чаптырсам, эмнегедир акын Алыкул Осмоновду үзбөй ойлоп келем.

 

Дилден чыкпас сүйүүгө окшоп, Алыкул Осмоновдун поэзиясы менен табышканым күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Элүү бешинчи жылдары улуу тоонун бир тилке коктусунда жашачумун; онунчу классты бүтүп алып, Мукай Элебаев айткандай, «алыста окуу артык деп» борбор шаарда окуганды самап жүргөм.

Ошол күн - мен үчүн коломтомо кут түшкөн күн болсо керек; айылдын китепканасынан кызгылт күрөң, бетинде «Алыкул Осмонов» деген жазуусу бар китепти таптым. Ал кезде айыл жерине китеп аз жетеби же алгачкы тарбия-табитибиздин кудурети эле ошончобу, айтор колго кыргызча китеп тийди дегиче баса калып окуй берчүбүз.

Бактын арасына жатып да, суу боюна отуруп да окуганым - Алыкул Осмонов. А тургай анын таасиринде ыр жазып да жүрдүм. Ушу күндөн тартып, Алыкулдун жандалбас бир окурманы болуп кала бердим окшойт.

Ошондон бери акын А. Осмоновдун өмүрүнө кулак кагып, иликтеп келем. Акын баскан жолдорун, түнөгөн үйлөрүн, чогуу жүргөн досторун (анын досу аз болгон), сүйгөн аялдары менен маектештим. Акындын кол жазмаларын барактадым. Мезгил өткөн сайын акындын элеси, жан дүйнөсүнүн купуя сыры жаңыдан гана ачылып келаткансыйт. Анын кара мээнет менен тизилген ыр сабында жашыруун сыры жаткансыйт. Ар бир сөзүнүн жан жыргатар илеби келет, аста секин жылаажын күүсү чыгат.

 

 Чыныгы акын ырын бекер эле жерден кур дүрмөт сөздү тизмектей бербейт экен. Ал жүрөгүндө дүр-дүйнөсүн, акыл-сезимин ырга салат. Акындын ошол ырларын окуп алып, жетине албай сүйүнөбүз, акынга мин мертебе ыраазы болобуз. Ошол акындын айтканы — турмуш сабагы, ага болгон баамы, өзүнүн өмүрү, сүйүүсү, жек көрүүсү. Андай болгондо акындын өмүрүн унутпайлы. Аны кыя өтпөй окуп, үйрөнүү керек тура! Ичине кымындай сыр жашырбаган акындын ырларынан акындын өмүрүн чечмелеп алсак болот белем. Акыры жүрүп, куштай жер байырлап, өмүрү өткөн, чынчыл, ары иштерман, ары адил акындын өмүрү жөнүндө, акындын поэзиясынан - асыл мурасы, жан дүйнөсүнөн окурманга бир аз айткым келди.

 

 Азыркы күндө кыргыз адабияты менен өнөрүндө (искусстводо) Алыкул Осмоновдон ары таланттуу да, маданияттуу да, ашкан билимдүү адамдар барына жана келечекте болоруна күмөндөр эмесмин. Ошентсе да, ар адамдын жакшы көргөн тоосу, акылы, досу, аты, кушу, күнү, боёгу, аялы... болот тура. Ушу тапта А. Осмонов менин жакшы көргөн акыным. Анчалык эч ким менен сырдашпасам керек. Аны баламдай, боорумдай, айныбас досумдай ойлой берем.

 

Бир карап туруп, кээде Алыкул Осмоновду алтымыш-жетимишке чыккан экен деп ойлой кетесиң. Акындын чыгармасы ошончо көп көрүнгөнсүйт, акылы, ой жүргүзүүсү, сезиминин күчтүүлүгү улгайган адамдай насааттуу, салмактуу, ынанымдуу чыгат. А Алыкул Осмонов жер үстүндө отуз беш жашты гана жашаган. Анын жаш кезинде жетик чыгарма жазганын эстегенде кээде уяласың. Акын төмөнкү ырын өзүнө эмес, ушунча өмүрдү жашаган биз үчүн жазгансып кетет: «Мен уялам, мына мындан уялам: көзгө толоор бир чоң эмгек кылбагам...»

 

Акын Алыкул Осмонов аз жашаса да, кыргыз адабиятынын ак жолунда шам сыяктуу созулуп күйүп өткөн, акындыктын өзүнчө татаал, ыйык жолун чапкан, поэзияга дилгир жан дүйнөсүнүн кардиограммасын поэзиянын назик тили менен жаза алган, келечекке айтайын деп ынанган ой-тилеги бар, табиятты, сулуулукту баалап, сүйө билген, жупуну жашап өткөн акын болгон экен. Деле жазуучу, акындын чыгармасын түшүнгүн, сүйгүң келсе, анда анын жан дүйнөсүн, өмүрүн түшүнүү аркылуу барганың адилеттик.) Ал эми Алыкул Осмонов өмүрүн ыр саптарына сыйдырган. Абайлаңызчы, «кыйналбай жазып салган сөздөрүнүн көрүнбөй жанып турган жалыны бар». Алыкулдун ар бир сабынан акындын өмүрүн сүрүштүрө аласың: алгачкы сүйүүсү, аны жоктоосу, экинчи сүйүүсү, бөбөктүү болушу, көлдөгү өмүрү, турмушундагы жолуккан кишилердин аттары, оорусу, калеми экөө эки сап ыр издеп мээнеттениши, жерди, элди сүйүүсү.

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.