Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Окурман ушуну эске алсын, мобереги китепчеге кайсы бир улуу адамдардын атын атап, анын өмүрүнөн, насаатынан азыноолак мисал алдым. Бул жерден Алыкулдун баркын көтөрө чалгандык же кыйынсынуу жок. Алыкул өмүр бою улуу адамдар чапкан керемет жолго түшкүсү, алар жашаган ачуу-таттуу өмүрдү кечиргиси, ой-сезимди сезгиси, эмгекти туурагысы келген.
_______________________________________
«ЭҢ ЖАШ ҚАЛЫП, ЭСТЕ КАЛБАЙ АТА-ЭНЕ...»
«... Балалык кез бир көрүнчү көзүмө
Көрүнбөссүң, ай балалык чагымай...»
(А. Осмонов. «Акыркы балалыкка»)
Ар бир адамдын наристе балалыгы - кумар канбаган апыртма жомогу, көз тойбогон шаан-шөкөт майрамы эмеспи. Шандуу балалык кезиңди кут сыяктуу коюнга катып, улам эстеп, унутпай, эч кимге бербей, өмүр бою кошо ала жүрөсүң. Адетте өнөр менен адабият майданында жүргөн адамдардын көбү киндик каны тамган, туулган жерин, бөлөнгөн бешигин жазганды жакшы көрүшөт, ыйык парзыбыз деп эсептешкен. Алар наристе балалыгына нечен жолу кайрылышкан. Кайсы бир акын-жазуучуларга таза балалык кези бүтпөгөн жомок, ыр кенч болгон. Чыгармаларына балалык кези шам чырактай нур берип, жаңы сезимге, жаңы ойго түрткөн. Канаттуу куштай балалыкты эстеп жазган акын-жазуучуларды, көркөм өнөрдүн чеберлерин четтен эле санайлы: Рафаэль, Моцарт, Диккенс, Пушкин, Гоголь, Толстой, Элебаев ж. б.
Ал эми Алыкул Осмонов болсо, өзүнүн балалыгы, ата-энеси, туулган айлы жөнүндө эң аз жазган, тактап айтканда, беш-алты эле ыры бар. Ал суз балалыгын, ошол опур-топур, сур жылдарды эстегенди жаман көрчү. А түгүл өзүнүн өмүр таржымалында да эсте калбаган балалык чакты, ата-энесин, өз айлын, ошо оор мезгилди оозго алгысы да, эстегиси да келген эмес. Алыкул калеми төшөлө элек, боз улан кезинде эле, «сенин айың, сенин далай жылдарың, ушул күнгө сезбейм, кантип жылганын...» деп балалыгын баштап келип, «кимди ата дейм, айткан менен уят го» деп зарланып, каңырыгы түтөгөн.
Акын тегин жерден мынчалык күрсүнбөйт эле, анткенинин жөнү бар. Алыкул көпчүлүк элчилеп ата-эненин мээримин көрбөй да, сезбей да калган. Ал бала кебетеленип, ата-энеге эркелегенди башынан өткөзгөн эмес.
А.Осмонов өмүрүндө көп эле нерсеге ыр арнап жазган, айрыкча жаш кезинде курбуларына, адамдарга, балалыкка, учкан булбулга, гүлүнө, сыясына, а тургай ачуусуна да ыр арнаган. Карап көрсөк башка акындарчылап акыры энеге арнаган эч ыры жок. Жалгыз гана «Грунья Савельевнага» деген ырында энени сагынуу туюлат. Анысында да акын «жан боорумдай көңүлүмдө көз жашың, ата-энеден көз жаш көргөн эмесмин» деп энелик мээримден куру калган балалык кусаны кыстара кеткен.
Алыкул Осмонов 1915-жылы Чүй боорунда, азыркы Панфилов районунун Каптал-Арык айлында туулган.
Азыркы күндө Ташкент, Жамбылга каттаган кан жол боюнда Каптал-Арык айлы итаппагандай узун кыштак, жолдун өйүз-бүйүзүндө ак тамдар тизилет. Ырыскылуу заманда кары-жашы дебей, көчөнүн бир башынан аягына чейин автобуска түшмөйүн жөө баспаган адаты бар.
Ал эми А. Осмонов наристе кезинде айыл көрүнүшү да, тагдыры да башкача болгон. Алыкулдун балалыгы ажаан жылдарга туш келген. Ошол боз тополоң жылдарды тарых барагынан абайлап көрөлүчү. Бул мезгил бир гана кишинин, үй-бүлөнүн кайгысы эмес, жумурай журттун башына үйүлгөн кайгы-касирет эле. Өткөндөгү кыргыз калкынын тарыхын карап көрсөк, кайран эл тукулжурап не деген эзүүнү, кордукту башынан өткөрбөгөн. Алыс кетпей эле жыйырманчы кылымдын башын алалы! Жергиликтүү бай-манап менен Россиянын ак падышасынын эзүү-кордугу элди муунткан. Элдин төрт тарабын тең азуулуу душман курчады. Жокчулук, теңсиздик аз келгенсип, эл арасында оору деген күчөгөн кез Алыкул төрөлгөн Чүй боорунун батышында тоо жамынган кыргыздардын айрымдары талаа-түзгө түшө баштаган. Аңгыча Жети-Суу аймагындагы кыргыздардан жумушчу аскерине алуу чакырыгы башталды. Анан 1916-жылдагы көтөрүлүш жана улуу үркүн чыкты. Чүй боорундагы кыргыздардын чыгыш ыптасы жерин таштап, бөтөн эл, бөтөн жерге көчө баштады.)
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.