Кеңеш Жусупов

Ыр сабындагы өмүр

Кеңеш Жусупов

 

Караңызчы, ал эч нерсесин жүрөгүнө биротоло жымырып катбаптыр. Ал кайрадан, астыртан, чеберчилик менен өзүн окурманга ачып салган, март адам Жаңылбасам, өзү жөнүндө өмүрүндөгү кайгы-капасын кыргыз жазма поэзиясында алгачкы болуп Алыкул гана батынып, сөз кылып, чындык менен таамай айта алса керек. Алыкулдун окурмандарга өтө жагып калган бир жагы ушудур. «Искусствонун чыгармасы сүрөтчүнүн жүрөгүн чагылдырган күзгү...» деп сүрөтчү Гоген айткан мүлдө чындык Алыкулга да тиешелүү. Ойлосок, -адеп-аклагы таза эмес, калпы, ташбоорлугу, өзүмчүл5 дүгү, кайдыгерлиги бар адамдар жан дүйнөсүн элге ачык, жар сала айта албайт, кайра жашырат, ички сырын ачууга алардын эч качан эрдиги жетишпейт. Дүйнөлүк поэзияда атагы ааламга кеткен адамдарды алсак; ички жан дүйнөсүндө өзгөрүштөрдү — табылгасын, жоготуусун, кайгы-капасын, ыраазычылыгын ортого салып, буркан-шаркан жанган ой-санааны сөз тизмегине чебер иреттеп, ой менен сөздү тең салмактап, шайкештикти сактап, сулуулук жараткан. Акындын көркөм ачыштарын көл бетинен жаңыдан чыга калган аралга салыштыргым келет. Ошол акындын ырларынан, аралынан окурман өзүн табат, көрөт, өзүнүн ички дүйнөсүн ачат.

 

Алыкулдун өмүрү да бизге, кийинки муунга дүрдүйне сабак. Анын бир гана акындык чеберчилигинен гана эмес, Ата Журтту, поэзияны жеке сүйүүсүнөн, а тургай өмүрүнөн, анын жүрүм-турумунан, адеп-аклак тазалыгынан окурман үйрөнүп, таалим алуусу абзел. Арийне маданияты жетилип, зоболосу өскөн калктын ышкыбоз китеп окурманы акындын жазганына кандай кызыкса, анын жеке өмүрүнө да ошончолук кумарланат экен.

 

 Алыкул эмгекчил, катуу оорукчалдыгына карабай өжөр болгон. Ал дайыма иштөөчү. Аз өмүрүндө канча кыйын жол басып өтүп, акын өмүрүнүн акыркы беш-алты жылында Сизифдей эмгектенген. Гётенин «Фаустунан» алынган: «Тот достоин жизни и свободы, кто каждый день идет за них в бой» деген насаат сөзү Алыкулга ураан болгон. Ал муну жаш кезинде эле дептерине жазып алган. Өзүнө жакпаган чыгармаларын өрттөн, мээнеттенген. Ал эми келечектегилер аны «оорулуу акын» деп баалап, жеңилдик бермек беле? Азыр көпчүлүк окурман Данте, Петрарка, Руссо, Бальзак, Флобер, Вагнер, Байрон, Ван Гог, Дега, Гофман, Шуман, Мопассан, Чайковский, Достоевский, Чехов ж. б. оорулуу болгонун билип коюшупбу? Ошондуктан Алыкулдун дептеринде мындай деген төл сөзү жазылуу жүрөт: «Абага, күнгө, ден соолукка шылтоо кылган алсыз акын»

 

Мүлдө кыргыз журтунун өткөн тарыхына көз жүгүртсөк же бүгүнкү күнүн абайласак, кудум асмандагы көз ирмемче жылт эткен жылдыз сыңары келечекке, эртеңки күнгө өмүрүн зарп кылып, кур-бекер жашабаган адамдары кыйла. Ал өмүрдү кийинкилер билип калсын. Ал жылт эткен от келечек үчүн, биз үчүн күйгөн. Бир жумуру таш ийне көзүндөй алтындын шарапаты менен асыл таш болуп бааланган сыңары, ошол жакшы адамдардын эмгегинин үлпөтүн кайра эле биз көрөбүз; биз ошолор менен көгөрүп-көктөйбүз, пендечилигибизде көр-оокаттан башка, андан улуу асыл нерсе жан дүйнө бар экенин билип, башыбыздагы жамандык-жакшылыкты баалай билебиз, сулуулукка умтулабыз, назик, боорукер, адамкерчиликтүү болобуз...

 

Кээде али да болсо, кийинки муун ата-бабабыздын, улуу муундун эмгегин баалап, өмүрүн сая кууп, толук изилдей элекпиз го деген күмөндөр ой келет. Алардын текке өтпөгөн өмүрүн кийинки муунга айтып калуу, келечек жөнүндө кам көрүү - азыркы биздин парзыбыз, эмгегибиз белем. Муундардын ортосундагы ажырымын билгизбей, ага кан чуркатып, дарактай асырап өстүрү шүбүз керек. Кечээки өткөн күнүбүздү, улуу муундун өмүрүн, жаман-жакшысын, күлкү-ыйын, жеңиш-өксүгүн биз билсек, келечектеги муундун бак-таалайы чачырап, бүрдөп, өздөрү чыйрак өсөт; чынар теректин тамыры бекем болот...

 

Анда эмесе, окурман, акын Алыкул Осмоновдун өмүрүн жандырып, ырларын дагы бир сапар окуйлу. Акындын ыры бизге көнүмүш болуп калган дүйнөнүн ажарын жаңыдан ачар, аны баягыдан кооз көрөрбүз, анчейин таңазар албаган күнүбүздү эми баалап калаарбыз, бушайман тиричиликке сонуркатар. Неси болсо да Алыкулдун ырын өзүнчө окуй да, туя да билиш керек тура!

10.05.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.