Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Ар бир кыргыз баласы азыркы күндө жетимиш-сексендеги чал-кемпирден жомок сураса, алар 1916-жылдан ашкан кайгылуу жомок жоктур деп кеп салышат. Улуу үркүн кыргыз элинин байыртан бери чубалган оор тарыхынын эң кайгылуусунан. Ушул мундуу кайгыны башынан кечирген ата-бабабыз кургурлар көз жаштарын көл кылып, өмүр бою сыздап айтып өтүштү. Биздин муун, сезимтал жаш кезибизде алардын сөзүнөн улам эл деген эмне экенин, анын тагдырын, кайгысын, Эрдигин, ынтымагын билип калдык. Алардын чындык жомогун угуп алып, бышактап ыйлаганбыз. Ал жомок да улуу сабак сыңары. Улуу кайгы да элге сабак болот. Эл арасында узакка жашап келаткан оозеки орошон дастанды муундар уга да, жаза да билишибиз керек го.
Он алтынчы жылы дагы бир каргаша болду. Чүй боорун кургакчылыктын каары басты; чөп деген, эгин деген тумтак чыкпады. Ак падышанын аскерлери, коюп койгон жасоол, жасакерлери качпай калган кыргыздардын төбөсүнө камчы үйрүп, үшүн алды; анысы аз келгенсип, ак жерден жазалады, какаар-заардыгы менен оокат-тиричилигин тартып, басмачылыгын күчөттү.
1917-жылдын жаз айында арып-азган элди ачарчылыктын жөө туманы каптады. Алыкулдун атасы Осмон бирөөгө залакасы жок, момун, өз кара күчү менен жан баккан кедей киши эле. Алыкул ымыркайынан апасы Алтындан кол жууду. Ал чечектен каза тапкан. Үч жашында атасы Осмон опат болду. Алыкул, карачечекей эжеси Мария экөө жаштайынан азаптуу күндү башынан өткөрүштү.
Алтымышынчы жылдары Чүй боорундагы Арпа-Тектир айлында жашаган Осмонова Мария менен кезегинде аңгемелешкенде бир тууганы Алыкул жөнүндө бизге төмөнкүлөрдү айтып берген. Алыкулду үч жашында таятасыныкынан аталаш агасы Орозалы уурдап келип, Пишпектеги жетимканалар үйүнө өткөзүп иет. Ошол бойдон Алыкул айылдагы он төрт жашар эжеси менен жүз көрүшпөй адашкан. Тестиер кыз жалгыз карманар иниси Алыкулдун дайнын териштирип, издеп чыгат. Пишпектеги жетимканада деген сөздү кулагы бир чалган. Жолго, жашаганга тыйыны жок неме мойнундагы шурусун, колундагы билеригин чайкоочуларга берип, бир тууганынын дайнын сурамжылайт. Али шаар, жер көрбөгөн Мария инисин издеп жүрүп таппай, далай кордукту көрөт; ошентип адашып жүрүп, акыр турмушка чыгып кеткен.
Улуу үркүндүн алдында ар кайсы жерде бай-манаптан, эзүүдөн качып, баш калкалаган он сегиз түтүн кембагал ушул Кайындыны пааналашкан. Кеңеш өкмөтүнүн бийлиги келгенде жүрөгү жарыла сүйүнгөн байкуштар жер там курушуп, а деп биринчи артелди уюштура башташкан.
Тоо ылдый суусу эңиштеп аккан жер эле, төмөндө ээн, кургак кокту боло турган. Муну «Карагоо» дешчү ошо жердегилер. Кийин тууралата өзөндү кесип, Кумарыктан арык чабылган. Ошол арыктан улам айылдын аты кийинчерээк Каптал-Арык болуп аталган.
Алыкул Осмонов ушул Каптал-Арыкта төрөлгөн менен кийин техникумда окуп жүргөндө, каникулга тараганда айылдык балдар менен кошулуп айылга биринчи саам келген. Ал жат кишиге окшоп, айылдыктарын тааныбайт эле. Кийин айлы да аны бооруна имере тартпады. Алыкул да айылдыктар менен аралашып, камыр жумур болуп кетпеди; өмүрүнүн акыркы жылдары чанда келе турган болду. Айылдыктары акын Алыкул Осмонов жөнүндө кезегинде аз билишкен. Бир жолу айлындагы жеңеси кайсы иштесиң деп сураса, акындын жүрөгүнө катуу тиет, «өз ичимден акын болдум деп жүрсем, кыйын экен мына минтип учуроо» дейт да, «мен - менмин деп керген менен оюмду, чындыгында жаман акын окшоймун» деп кейиген.
Акын өзү туулган айлына аз ыр арнаган, айлы жөнүндө үч-төрт ыры бар. Ар кимибиздин айлыбыз өзү бүзгө мисир: куштары деле башкача сайрап, суулары ченемде жок муздап, тунук келет; теректин баштары шоокумдуу шуулдайт эмеспи. Алыкул мындай айылдын ыйык экенин билсе да, анын ойноок балалык күнү Қайыңдыда аз өткөн. Ал өз айлында куштарынын учушун бирин-серин көрдү, шар суусун аз кечти, көпөлөктөрүн кармабады. Балалык күндүн кара түнү көп эле. Ал күндөр анын көңүлүн чөгөрүп, оор тартып, салмактанып турчу. Ошентсе да Алыкул айлы - Кайындыны сагынган. Куштарча кайрылып баргысы келген. Ырларында айлымдын баркын билбедим деп өкүнөт акын. Бир боор калеми экөө айылды эңсешкен менен бир кайрылып барышпады. Кайынды айлында өткөн үлбүл балалыгында күн батышка кеткен поезд менен жарышканы али акындын эсинде.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.