Кеңеш Жусупов
Ыр сабындагы өмүр
Акын турмушунда андай бакыттан өксүп өткөн.
Алыкул бир келген өмүрүндө гүл тандаган көпөлөккө окшоп чачылбаган («бирок менин махабатым бир гана»), сөзүнө да, сезимге да туруктуу болгон, Шотанын дастанындагы каармандарындай сүйсө да, күйсө да көздөн мончок жаш, жүрөктөн жалын чыгарган, аны ырында жашырбаган - «жаманынан көңүлдү эзген оору алып, жакшысынын кадырына жетпедим».
Алыкулдун өмүрүндөгү аялдар ага махабаттын кадырын, кубаныч-кайгыны таарынуу, көңүл калууну, чыйралууну да үйрөттү. Алар өмүрдү баалоого, поэзияга өмүрдү зарп кылууга түрткү болушту. Алыкул аялга жеңил баа берген эмес, алардын учурумдук түйшүгүнө, күнүмдүк кайып-каскак, айла-амал, азгырыгына көтөрүмдүү болгон, ал кайра аялзаттын мээримине, назиктигине, боорукерлигине, таза сезимине, айкөлдүгүнө там берип суктана жазган:
«Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайындай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отунан
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай
Бир көз караш кубатыңды жамынып».
(«Аялга»)
Кыз бечара Алыкулга бир дептер «ак кагаз бетин саймалап», «Зарп кылып, сыя ордуна кочкул канды», ыр менен да, кара сөз менен да тизмектете куюлуштуруруп, ашыктык катын жазган. Ашыктык катын жазып жатып, «ой менен аппак таң атырган».
Мындай жорукту көрүп туруп, ашыктык дегениң адамды акын да жасап жиберерине ишенесиң.
«Мен ушул катымды мемиреген салкын жумшак түндүн кучагында термелип, эрксиз таттуу кыялдын толкунунда бөлөнүп, бир толгонуп, миң ойлонуп... Бирде сырдын көлүнө чөгүп, бирде калемимдин берметин төгүп, бирде терең оор дем алып, бирде астыртан жүрөк жанып... Эрксиз сизге арнап тартуу кылууга мажбур болуп отурамын!..»
Ашыктык пенденин шыбагасына чындап жазылган бир улуу керемет күч экен го: бирде адамды тээ бийикке жеткирсе, бирде чуңкурга урган: адамды улуу да, кичик да, боорукер да, ташбоор да жараткан: кээде Мажнун кейпин кийип тентисе, кээде дүйнөдөгү духу күчтүү адам... Неси болсо да, тирүүлүктө сүйүү жарыктык адамдын жүрөгүн тазарткан, адеп-аклагын оңогон кудурети бар экен...
«Бир күндөрдө бир курдашым менен издеп барып, үйүңөрдүн алдына... кирип барууга чынында эрдик кыла албадым... Да, ошентип сакталган сырга жол ачылмайынча билингидей эмес. Акырында ушул катты жазууга туура келди». (Қыздын катынан.)
Жаштык отуна жалындап акынга ашык болгон кыз институтта окуп, ыр жазып жүргөн. А түгүл ыры адабий журналга чыгыптыр. Ал акындын сүйүү ырларын окуган эле.
Ашык болгон кыздын баяны мындайча: кыз менен Алыкул Пржевальск шаарында, 1945-жылдары таанышкан көрүнөт. А тургай, Алыкул ага кызык өмүр, дүйнө, поэзия, жаштык жөнүндө бир кыйла акыл-насаат жоруптур. Учурунда таңазар алынбаган акындын сөзүнүн баркы кызга төрт жылдан кийин билиниптир.
«Бул ырым жүрөгүмө баткан тамга,
Бул ырым кубат болор мендей жанга
Қалдайган туман курчап жазып жатам
Калемимди жүрөктөгү малып канга...»
«... Бул катым менин калемимдин күчү эмес, жүрөгүмдүн күчү! Бул ырым менин элесимдин изи эмес, жалынымдын түсү» деп жазган кыз.
А. Осмонов көзү ачык немедей береги жазган кыздын катында нака сүйүү жок экендигин, таза сүйүүнү түшүнбөгөндүгүн, бир эле кур дегдөө экендигин билген экен. Чынында кыздын сүйүү делебеси акындын жүрөгүндөгү дымыккан чокту тамыза албаган. Ашыктык каты бар болгону — акындын жаш кездеги таза, жаштык делебесин эске салып гана кала берген. Кыздын жан далбасын сезген Алыкулдун ынак жолдоштору ага:
«Үй-бүлө куруп албайсыңбы» - деп маслет да куруп көрүшкөн. Анда Алыкул «оорудан айыгайын, ойдогу жүргөндү жазып алайын, дагы кимдин убалына калайын» - дечү экен.
«Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, отуз жаштын
улам аркы жагында» («Сулууга») деп жазган А. Осмонов. А мүмкүн Алыкул жаңылгандыр. Гёте карыганда жетимиш төрт жашында он жети жаштагы Ульрикага ашык болуп, жаш кездегисиндей жалындуу ырларды жазганын эстеди бекен?!.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.