Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

 Лама Цу айнек столунун үстүндөгү күмүш коңгуроону жумшак диңилдетип койду эле ошо замат кызматчы Дей босогодо даяр болду

-Эгее! Сынактын оору кечээ бүттү десем, көрсө балээнин баары быяктан турбайбы! – деди Таштан иниси айтып берген узун хикаяны угуп болуп.

- Эмне кылабыз эми? Сөздүн кыскасы, сен биз көнгөн, биз билген жашоодон толук баш тартышың керек турбайбы! Буюрбасын, мындай болоорун билген эмесмин. Ата энең эмне дейт муну укса?

- Кайра кетелиби? Адилет байкесин арсарсып карады.

- Билбейм. Ата-энеме кеңешейин деп айткан жоксуңбу?

- Эч нерсе эсиме келген жок.

- Бекер кылыпсың Балким эртең барып айтасыңбы? Мен барсам эч кимиси сүйлөшпөйт тура. Кечээ гана Дей бир келди, сенин маалыматынды сурап. Ошондо айткан, балаңар окууга өтсө чачын алдырып, атын өзгөртөт деп. Ага чыдаса болот ко деп ойлогом. Көрсө кеп башкада турбайбы. Балким ал эртең да келээр дейм. Ошондо сурап көрбөйлүбү Дейден.

- Эмне деп,

- Ата-энесине кеңешели. Мындай маселени бала өзү чече албайт депчи.

- Макул. Анан дагы бир нерсе, Адилет. Сенин арууң бар да. Ошону сөзсүз айтышыбыз керек, билесиңби?

- Макул. Уйкум келип атат, байке.

 

***

 

Таштан өз кагаздары менен алек болуп түн оодара көпкө отурду. Чарчаган кезде бөлмөнүн бурчундагы экранды барып чукуласа сыналгы эмес, болгону монитор экен. Жанында бир нече видеокассета жатат. Бир-экөөнү иргеп коюп көрдү эле экранда жалаң будда монастырлары, андагы чачы кырылган миндеген соку баш монахтар, табынуу жүрүп жаткан учурлар сыяктуу көрүнүштөр. Таштанга булардын баары кызык эле, бирок азыр аны көргүсү келген жок. Ал көнүмүш болгон Бишкектин көп каналдуу сыналгысын курулай издеп атканына кайыл болду да жата кетти. Бир кезде, түн ортосу небак оогон тушта Адилет тишин кычыратып козголуп, онтолоп-ооруксуп аябай түйшөлдү. «Аруусу кармап атат жадагалса түшүндө», - деди Таштан жанына келип отуруп. - «Бул байкуш баланын тагдыры эмне болот?». Таштандын азыр андыганы баланын жаак-тили. Эгер катуу түйүлсө оозун эптеп ачып туруп жууркандын четин тиштете коюш керек. Бирок Адилет бир пастан кийин тынчып, уктап калды. Кыязы түш көрүп атса керек. Он бир жашка араң келген, багалчагы толо элек жаш баланын ушуга чейинки ачуу тагдырын, андан да, эгер Тибетте жалгыз кала турган болсо, мындан аркы сүрө турган кунарсыз өмүрүн көз алдына элестетип саруулаган Таштан таң атканча кирпик какпай жатып, эми эле жаңы көзү илинип кеткен болчу. Эшик тыкылдайт. Дагы тыкылдайт. Ойгонгон эч ким жок. Ошондон дагы жарым саат өткөн кезде эшик кайрадан тыкылдайт. Ал кезде Адилет ойгонуп калган эле.

 - Кадырлуу Лама Цу өзү келсе эшигиңерди ачпай койдунар. Мынчалык катуу уйкуга берилген себебин билип кел деп Лама Цу силерге мени жиберди. Эгерде Адилет бала Тибетте окууну каалабаса да баары бир келип жолугуп кетсин деди.

Муну айтып турган монах Дейдин негедир көңүлү суздай көрүндү. Адилетти кандайдыр өкүнгөнсүп карады.

 - Азыр барам, - деди Адилет кийине баштап. Жарым саатка жетпей бала Лама Цунун иш бөлмөсүндө отурду. Лама Цу кадим кечээки кейпинде экен. Мүнөзү жайдары, көңүлү ачык.

-Ким болбосун өзүнүн келечек жолун тандаганда эч кимге көз каранды болбош керек, - деди Лама Цукүлмүндөгөн калыбын жазбай туруп

- Мен окуйм!, - деди Адилет Цу жаңсаган жаздыкка отурбастан тикелей туруп каргылдана.

-Эгер сиз Тибет окуусуна макул болуп туура жолду тандап алган болсоңуз, анда кырк жыл аралыгында өткөн өмүрүңүз келечекте акталат. А кокус туура жолду тандай албай калсаңыз байлыкка, бийликке марыйсыз, ага жетишке сизде толо акыл да, күч да бар. Өмүрүңүз күнүмдүк жыргалда чардап өтөт. Бир гана кейиштүүсү бардык рухани касиеттен ажырайсыз.

-Окуйм. Бирок туура жолду кантип тандап алам?

- Ал келечектин иши. Азыр болсо, кааласаңыз окууга кирише аласыз. Калганын сизге кызматкер Дей айтып берет. «Ом! Мани падме хум!» ( Өз тагдырың өз колунда). Лама Цу күмүш коңгуроосун диңилдетти да, Адилетке өзгөчө сүйкүм менен баш ийкегиледи.

 

***

 

Лхасанын базары автобекеттен алыс эмес, Жахан храмынан солду карай басканда жарым сааттык аралык. Таштан менен Адилетти Дей ээрчитип баратты. Жөө баскан үчөөнү эңкейиште топоз, же пони минген монахтар кууп өтүүдө. Ат, эшек мингендер да базарды көздөй шашылат. Анча алыс эмес, капталдагы автожолдо болсо ар түрлүү маркадагы жеңил автомашиналар, өзгөчө «Жиптер» зуулдайт. Бардык жерде, кайда баспагын, кайда карабагын Тибет коому бай жана кедейге бөлүнгөнү дапдаана көрүнүп турат. Ошентип бөлүнүп турса да башка дүйнөдөн артыкчылыгы - бул жерде жарды монахтарга, кары-картандарга, жаш балдарга бардыгы тең өзгөчө оокаттуу, алдуу-күчтүүлөр эң ырайымдуу, боорукер мамиле жасашат. Кайыр-садага суроо бул өлкөдө таптакыр уят эмес. Ошон үчүн базарга жөнөгөн адам үйүнөн канча пул алып чыкса жарымын кол сунуп тургандарга берүүгө даяр. Уят деп бул жерде башка нерсе, маселен, алдуу-күчтүү, алты саны аман туруп кайыр суроо өтө уят болуп эсептелет. Лхасада болсо ар бир кайырчы ким экендигин дээрлик бардыгы билишет, өндөрүнөн таанышат жана аларды бе чара катары урматташат.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.