Казат Акматов
Архат (экинчи бөлүм)
- Сиз ислам динин туткан адамсызбы? Мечитинерге намазга барасызбы?
- Жок. - Үйүңүздөн намаз окуйсузбу?
-Биздин үйдө эч ким намаз окубайт.
- Билем-билем, - Лама Цу ажарлана күлүп жиберди.
-Жашыңызга караганда сиз коммунистик динди да тутпай калдыңыз окшойт. Андай болсо эң жакшы. Сиз менен иштеш жеңил жана өзүңүз үчүн пайдалуу болот. Бирок бизде окуу татаал, кыйынчылык өтө көп. Миң бала келсе бирөө эле аягына чейин чыдай алат. Калгандары жөнөкөй гана тигил табын чимириктерди айланткан кызматчы болуп кала берет. Алардын көбүн акырында храмдан зордоп кетиришке мажбур болобуз. Бул сөздөрүңүздү түшүнүп атам дегенсип Адилет башын ийкегилеп отурду.
- Эгер бардыгына туруштук бере алсаңыз, а эң негизги биз берген сабактарды окуп түшүнө алсаңыз, билимиңизди тереңдете берип акыры көзү ачыктыкка, келечекти айткан олуялыкка, жылдыздар дүйнөсүнө саякатка чыгуучу левитациялык касиетке багыт беребиз. Аларды андан ары өздөштүрүш сиздин акылга жана темирдей бекем эркке жараша болот, уулум Адилет. Адамдардын арасынан улуу генийлер, таңкаларлык зор таланттар чыга берет. Ал үчүн анын жолун ачыш гана керек.
- Мен архаттын окуусун окугум келет, - деди Адилет Лама Цудан баштагыдай сүрдөбөй.
- Дал өзүн айттыңыз, уулум. Көзү ачылган ар бир лама архат даражасына татыктуу боло алат.
Лама Цу куш жаздыгына оңдонуп отурду да оңой да, татаал да суроолорун аралаштырып, кезеги менен Адилетке берип коюп, жообун кызыгып угуп отура берип акыры ошол күндү биротоло тамам кылды. Эң аягында ал мындай деди:
- Адилет уулум, ааламдагы гравитациялык коридорлор жөнүндөгү ойлорго бе рилип алыпсыз. Буга аябай кубандым. Сиз бизге чейин эле Сириус багымында төрөлгөн касиетиңиз бекер эмес экенин далилдей баштапсыз. Жолуңуз ачылсын. Кийин аябай күлөсүз. Адамдар азыр ушу тапта космосту техника менен багынтабыз деп жаш бала оюнчук жасагандай иш кылууда. А чынында гравитациялык коридорлор даяр. Эч кандай спутниксиз эле канчалаган адамдар асманга көтөрүлүп кетип жатышат. Бул жөнүндө дүйнөлүк басма сөз такай жазып атпайбы! Кеп ошол кайыптық касиетке ээ болушта. Издегениңизди биздин храмдын билиминен сөзсүз табасыз.
Экинчи балалык кыялыңызды мындай деп айткым келет. Клон өзү мурда табияттын өзүндө бар нерсе. Анын аты - реинкарнация. Бул жөнүндө да биздин храмдан толук билим аласыз. Ал эми Адам жашаган жер үстүндө адилеттик издөө биздин лама дининин эң негизги чакырыгы. Бул жагынан сиз бизге абдан туура келгенсиз. Жолунуз ачылсын. Атыңызды ким койгон?
Адилет дароо жооп бере албай такалып калды.
- Атымды ата-энем койгон. Бирок... Аты кандай шартта коюлганын айтсамбы же айтпасамбы деп бала арсарсый түштү. А Лама Цу болсо Адилеттин аты эмне үчүн мындай коюлганын билип тургансыйт. Ошон үчүн көздөрү күлмүндөп «бала өзү айтсын» деп күтүп турду. Акыры Адилет чыдаган жок, өзүнүн жашыруун жана ичине каткан ачуу чындыгын айтып жиберди:
- Мени ата-энем «керексиз», «артыкбаш» туулгансың деп урушат.
- Ха-ха-ха! Эң тура. Ата-энениз болгонун айткан! Сиз ал жакта керексиз адамсыз. Сиз биздин жерде туулуш керек болчусуз. Реинкарнацияда мындай жаңылыштык боло берет. «Эски, дат баскан селкинчектин үнү мени дайыма чакырчу», — деген сөзүңүздүн өзү бизде «калагия» деп аталат. Ал чакырык аба менен тарайт, же болбосо телепатия жолу менен жиберилет. Ал деген Шамбаланын үнү, же болбо со чакырыгы. Кыскасы, уулум, сиздин бардык маалыматтарыңыз туура чыкты. Сиз Улуу Мистериянын өзү жараткан адамысыз, сиз анын туура жолуна келди низ. Бир аз гана кечирээк келдиңиз. Жети жаш эң туура болмок. Бизде он бир жаш чоң адам деп эсептелет. Бул жаштагы адам менен «Сиз» деп сүйлөшөбүз. Бирок бардыгына үлгүрөсүз деп ишенем. Ал үчүн күнү-түнү дебей билим аласыз. Лама Цу баланы ушунчалык элжиреп карады:
- Эгер мага ишенсеңиз мен өзүм сизге насаатчы болоюн.
-Сөзсүз ишенем!, - деген сөздү Адилет шаша сүйлөдү. Анткени Лама Цунун күмүш сындуу жаркыраган мээрин бала биринчи эле жолукканда көргөн жана дайыма көрүп турчу. Аны чанда гана бир адамдан байкачу. Жылдыз эжейи, анан мына, Тибеттеги жаңы таанышкан картаң Лама. Ал түгүл байкеси Таштандын мээри күңүрт.