Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

- Анда эмесе Шамбаланын паролун сизге айтып коёюн, Адилет уулум: «Сергек акыл, жалын жүрөк, темирдей эрк!». Мына ушул үч касиет сизде барбы деп сиз менен бир күн кечке сүйлөштүм. Өкүнгөн жокмун, уулум!

Ушуларды айткандан кийин Лама Цу кандайдыр бир өзгөчө сыр сурачудай Адилетке күлмүндөдү

- Кыздарга ашык боло элек белеңиз, Адилет уулум?

Адилет капыстан колго түшкөндөй кызарып кетти. Же калп айта албай, же чынын айта албайт. Эгер чынын айтса «Иэзабель» лицейинде бир жыл бир партада отуруп чогуу окуган Шоола аттуу кызды айтыш керек эле. Анткени ал кыздын карагаттай мөлтүрөгөн ойноок көздөрү Адилеттин басса-турса эсинен кетпей кыйнап жүргөн болчу. Анысын эч бир жанга айткан эмес, айта да албайт эле. Ал түгүл Таштан досуна лам деген эмес. Шоола бардык убакта тартынбай эле Адилетке болушуп, атүгүл кыздар менен айтыша кетип турчу. Бир сапар ал Адилетти шылдындап аткан кызды жыга түртүп да жиберген.

Окуя спорт залдын ичинде болду эле. Жыгылган кыз ыйлап мугалимге барып даттанган. Мугалим ошол күнү Шоолага тартиби үчүн «эки» деген баа койгон.

Адилет бул окуяга катуу кайгырып, көп күндөр Шооланын көзүн карай албай күнөөлүү болуп жүрдү. Ошондон баштап ал экөөнүн ортосунда балалык сүйүү башталган болуш керек, себеби Шоола эми Адилетке баягыдай ачыктан-ачык кыздар менен айтышып болушпай, кандайдыр оолактап, алыстан тымызын тиктеп, Адилет карай калса көзүн ала качат. Бир нече күн Адилет да кызга жолобой алыстап калды. Ошого карабастан классындагылар экөөнө «кыз-күйөө» деген шылдың ат коюшту, доскага, дубалдарга жазышты. Экөөнүн ортосун алыстатууга кыздар бар болгон аракеттерин бүт жасашты. Акыры экөөнү эки башка партага отургузуп тынышты. Ошентип кыздар көктөн тилеген максатына жеткендей болгон. Бирок канча кылса да адамдагы бул ээ-жаа бергис табийгый азоо сезим өз ишин кылбай коёбу, акыры жүрүп окуу жыл аяктаганда, бүт классы менен эстелик сүрөткө түшүп атканда Адилет бар кайратын жыйнап туруп Шоолага түз басып барды да, кыздардын көзүнчө эле үч тал гүлдесте сунду. Шоола бир аз такала түшүп андан соң башын бийик көтөрдү да, гүлдестени алып туруп четке басып кетти. Эки бети от болуп күйгөнүн жашырышка аракет кылды. Ошонун айынан сүрөткө тизилгенде экөө таптакыр эки башка туруп калышкан болчу. Адилет эң арткы катардагы сол четинде, Шоола болсо биринчи катардын оң четинде. Ушул тагдырына Адилет ичинен сызып жүрчү. А өзүнчө сүрөткө түшүүгө ал Шооланы чакыра алган жок. Сүрдөдү. Бирок акыры башка айла тапкан болчу. Сүрөттөгү өзү менен Шооланын элесин ультрафиолет нурга кармап бир аз кызгылтым кылып алган. Ал сүрөттү ким караса да Адилеттин сырсандыгы дароо эле ачылып калмак! Тибетке жөнөгүчө Адилет кызга телефон чала албай көп күндөр кыйналды, уйкусуз түндөрдү өткөрдү. Акыры тобокел кыла турган мүнөт да келет экен, кыздын чөнтөк телефонуна чалды.

- Алло! Шоола, мен Тибетке кетип атам, - деди Адилет.

 - Ии, Тибеткеби? Анда жакшы барып кел.

Ошону менен сөздөрү дароо түгөнүп, экөө тең арманда калышты. Же Адилет бир сөз тапсачы, же Шоола демейдеги ачык-айрым шартылдаган кыз, бир сөз су расачы! Бул өкүнүч экөөнүн тең жүрөгүнө так болуп, өмүр бою сыздатып жүрө турган окшоду...

- Биз балдарды храмга жети жашынан өтө электе алабыз. Анын себеби ушул - ашыктык сезими. Байкашымда сиз ал сезимге дуушар болгон көрүнөсүз. Көздөрүңүз калп айткан жок. Албетте он бир жаш деген - он бир жаш. Ошон дуктан айтып коюшум керек, Адилет уулум, эгер сиз өмүрүңүздү архат окуусу на биротоло арнасаңыз анда катардагы, жөнөкөй адам болуп кала албайсыз. Биз илимдин бийик чокусуна жете албаган жөнөкөй монахтарга гана үйлөнүүгө жол беребиз. Алар бизде «кызыл топучандар» деп аталат. Болгондо да алар храмдан кеткенден кийин гана ал ишке бара алышат. Анткени лама окуусу аялга муктаж болуп, үй-бүлөлүк турмуштун алкагында чектелген жашоодон алда канча жооптуу. Эгер ошону түшүнсөңүз, ошого эркиниз жетсе гана биздин окууга кириңиз. Сиз өмүрүңүздү чанда гана адамдар жете ала турган улуу нерсеге арнайсыз, аны мен азыр сизге айтып түшүндүрө албайм. Эмесе бүгүн барып жакшы ойлонуңуз.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.