ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жараткан өзү жар болуп, жалыны жанды чыгара даулдап жанган өрткө айланып кетерде, кан кайнаткан касташын каракурттай чагып, как жерге казык кылып тикесинен кагып жиберерде, жана да көк тиреген байтерек кулап түшкөндөй, таманы турган кара жер калчылдап барып жарылып, октолуу мылтык ортого түшүп мээленип турган мезгилде аны өзүндөгү адамда жок сабырдуулук эмес, кайдандыр жанган чагылгандын жарыгындай жарк эткен кандайдыр бир ой кырк тамырга кызыл канын кайнаткан, өнөбоюн үч көтөрө чыңаган бургу билек чындыгынан, дил түпкүрүндө жан түгөйүндөй жашап, жалгыз гана өзүнүн ички дүйнөсүн үн чыгарбай ырдап турган музыкалык ой жүгүртүүсүнөн жаралган түшүнүгүнөн кыл сууругандай сууруп кетти. Мына ушул дилдүйнөсүн кыйраткан кыяматка ал: «Чын эле ошолбу? Койчу, кантип эле ал ушуга барсын? » – деп ой мүшкүлүн тартты. Ага өзү да ишене алган жок, ошондон улам тагдыр күнүн байлаган жалгыз үмүтү менен сахнаны жалдырай карады эле анысы көзгө көрүнгөн жок, оркестр гана анын чыгышына даярдык кылгандай ар кайсыл обондорду кыска-кыска кайрып жатат. Аргасы күйүп күл болгон байкуш чөнтөк телефонун алды да, жүрөктүн соңку кагышындай абалда анын номерин тере баштады. Манжалары титиреп кетти. Мейли, мунумду көрбөс, үнүм калтырап чыкпаса экен деп коркту. Бул абалын тиги көзгө сайылган көсөөдөй болгон Ошондой сезбесе экен деди. Андан кайда качмаксың, бүт баарын көрүп, көңүлүңдү көзүңдөн окуп отурат. Ал телефонун өчүрүп салган экен, бир аздан кийин: «Мен Айдана Самаровамын. Телефонум убактылуу өчүрүлгөн, байланыша албаймын», – деген кайдыгер, жансыз үн чыкты.

– Жооп бербей жатабы? – Ошондой ага каш серпе, купуя сырды билгендей суроо узатты. Саманчин унчуккан жок. Ал ага эмнени айткысы келди, кимдин жооп бербей жатканын тактады, кимди сурап, кимди билгиси келип жатат, божомолдоп сокконубу, же мунун кимге телефон чалганын билип турубу? Сураган жок. Сыр бергиси келбеди. Мунун аны менен кандай иши бар?! Ансыз да ал чачыладай чачылган оюн жыйнай албай басып кетип, баш бербей баарынан кечип кетүү керекпи, болбосо жанагыдай жанга канжар такаган көрсөтмөнү ким бергенин, ресторандын тартип сакчылары эмес, ага атайын шеф-директордун өзү келип, алды-артына түшүп, майдай-сүттөй мамиле жасап таанышып, сыртка узатууну каалап жатканын чаң чыгара териштирип билиши керекпи?

– Кана, кандай кылалы? – Ошондойдун өтүнүч үнү чыкты. – Туралыбы? Мен сизди узатып коёюн.

– Жо-жок. Узатуунун зарылчылыгы жок. - Арсен Саманчин караманча каршы болду. - Эч кабатыр болбоңуз, кетер жолду беш колумдай билемин. - Кол сумкасын кыжыры кайнай шарт жапты.

– Андай болсо жакшы экен. Баса, тамак акысын төлөбөй эле коюңуз. Ал жагын өзүбүз ырастайбыз. – Кара өрүктөй жылтыраган Ошондойдун бул сөзү чыгар замат, ичинен күйүп, туталанып турган Арсен Саманчин ок тийгендей жарылып кетти:

– Эй, сен эмне деп жатасың?! - Баятан бери сылык-сыпаа сүйлөшүп сиз деп жаткан, эми болсо буйдалбастан сенге өттү. – Сен мени ким деп турасың? Эмне, буерге мен кайыр сураганы кириптирминби? Көзүмө көрүнбөй жогол! Түшүндүңбү? Рестораныңа да, сенин өзүңө да түкүрдүм. Оозуңду ачпай официантыңды чакыргын, бир тыйынын калтырбай төлөп туруп анан гана кетемин. А сен болсо көзүмө көрүнбөгүн! Бүттү!

– Болуптур, өз ишиң. Азыр келет. Андан кийин мен айткандай болсун! –деп эскертти да, Ошондой ордунан жай козголо өйдө туруп, бука моюнун андан буруп басып кетти.

Ушул жерден сиркеси суу көтөрбөй турган Арсен Саманчин арты өкүнүч бир каталык кетирди, каканак болуп жарылганы турган жаңжалга шибеге сайып жиберди.

– Эй, бери карагын! Столдон кетип бараткан Ошондойду кайра чакырды да, ал ага бурулган кезде бурк эте: – Сен мени желкеден алып кубалап чыктым дебегин, бул кылганыңды ушу бойдон калтырбайм. Менин да өз билгеним бар. Мен деген журналистмин, көз карандысыз журналистмин. Билип койгунуң! – деди. Анын бул сөзү Ошондойдун жарасына камчы чапкандай болду:

– Билип койгондой сен ким экенсиң деги? Сүйлөгөнүн кара. Ким болмоктон ошол бол, түкүрүп да койбоймун. Сенден азыр аялдар да качып калыптыр.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.