ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Сенин ишиң эмне?
– Менин ишим ошол, сен өзүңдү билип жүр. Азыр журналист дегениң жугунду ичкен иттерден айырмасы жок, кандай тойгузсаң ошондой үрүшөт. Түшүндүңбү? Эми сен беш мүнөттөн кийин бул жерден жоголбосоң анда, таарынба, өз убалың өзүңө, айбан. Күч колдонуп кууп чыгамын. Бүттү! Оозуңдан бир сөз чыкпасын!
Ошентти да ал көк канчыктын көзүндөй заары чыккан көзүнөн көз айнегин жулуп алып, көчөдө калган аялдар да карап койбогон «көз карандысыз журналисттин» жер тепкилеп чакырганына бир кайрылып койбостон, аксак аюунун аяк салышындай эки жагына алмак-салмак оой басып кетип калды.
Арсен Саманчин болсо бул окуянын аягы эмне менен бүтөрүн божомолдоп биле албай дел болуп турду.
Кашына официант келген экен:
– Кечиресиз, эсеп мына, – деди.
Али да болсо өзүнө өзү келелек, ачууга алдырып, алкымын муунткан ызадан чыгалбай турган Арсен Саманчин алакандай эсеп кагазы салынган тарелканы четке какты:
– Сен адегенде арак алып кел.
– Арак?..
– Ооба, арак. Кыргызча түшүнбөсөң – водка!
– Азыр алып келемин. Канча керек?
– Канчаны алып келалсаң ошончо керек! Тез апкел!
– Жарайт.
Официант арак алып келгени буфет тарапка шыпылдай кетти. Арсен Саманчин болсо ушу тапта негедир азабойдо таш болгон жинине чыдабай айлананы карады. Аны менен эч кимдин иши жок. Ресторан өзүнүн кечки турмушу менен: эл жыкжыйма, балкондон бери көчүк басар орун жок. Көпчүлүктүн уу-дуусу, күлкү, бокалдардын назик шыңгыры... Дубалдын боору менен ары-бери чуркаган ар түркүн жарык нур менен зал шаңына куюлушкан оркестрдин музыкасы көңүлдү көккө учуруп, дилкайгыдан арылтып турду. Мына ушул күр жайлоонун төрүндөй көңүл ачкан жайда жалгыз гана ал өзү суутумшук болуп чыкты. Тилегени таш болуп, ошол иштин айынан башы айланып, жер көчүп, жүрөгү сыздап жатты. Ошончодон дал мына ушу бүгүн эл көзүнчө кагуу жеп, каңгыган кейбир саналып, куттуу жерден кубаланып калам деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Мындай баш тебелеген балээни ким чыгарып жатканын так билсе кана, а балким, Айдананын өзүбү, же анын айдама адамдары чыгарып жатабы? Кантип эле ошондой болсун, ал аны душмандарына сатып жиберүүгө дити баттыбы, ал экөөнүн ортосунда гана катылган сырды алар чын эле билип алыштыбы? Экөөнүн жеке иштерине тигилер неге кийлигишет? А кокус жолбунду кубалагандай бул жорук Айданадан чыгып жатсачы? Андай болсо ал деген кытай ант уруп, айкары ашкан кайкы мээ. Капырай десең, эл катары эс алып отурган жеринен желкеден алып жерге чаап кубалагандай ал кандай иш кылды эле? Ооба, бир мертебе, мына жакында эле, кырдаалың сыртын салган кез болгон, не экенин өзү да жакшы биле албайт, айтор, алардын мамилелери салкындап, кездешмей кездер кечеңдей берип, акырында ар нерсени шылтоолоп, жолугушуудан баш тарта баштаган. Ошондо да ал кол сумкасын колунан түшүрбөй бул жерге келген, атайын эстрадага жакын, дал анын маңдайында турган. Турганда да бир ирет көчүк баспай, тигини көз оту менен туткундап, тикесинен тик туруп ошол кечти карыткан. Улам-улам ал тигиге: «Эй, жалтырак-жултуракка маарыган сулуулардын Кудайы, эсиңе качан келесиң?! Жалгыз гана бир сени жылдыз чачкан жүзүң менен, жалгыз гана бир сенин кубулжуган жылаажынды өчүрөр үнүң менен сахнада жашай турган «Кызкайыпты» биротоло өлтүрүп, басып кеттиңби? Ошо «Кызкайыпты» ушу сен касындай көрүп какшатып сатып жиберип, адеп-абийирин акчага гана алмашкан инсандардын таборунда тайраңдап жатасыңбы, же сени жин-шайтан уруп кеткенби?!» – деп жер жаргысы келген. Бүткөн боюн бүгүлтүп, бүк түшүрөр какшык айтып, мындай кезде киши уккус сөздөр өзүнөн өзү чыга берет эмеспи, ошонун баарын кыйкыра бергиси келди, а бирок негедир анте алган эмес. Ал ошондо аны жөн гана каккан казыктай карап тура берген, анткени өзү ушундай болот деп, а бирок келер кези кечигип жаткан, азырынча аны бир да жан көрүп билелек талашсыз улуу чыгарма саатын күтүп, багы ачылар күндү самап сумкасында жаткан. Ал күн качан келип, качан коёт, муну менен бир да адамдын иши жок. Бир болсо ушу кыздыкы гана болор... Ошо маалда эстрада дегениң сурайылдай үн салып, безбелдектей безеленген музыка кулакты жара чыкты да, анан анын тула бойду туткундаган алайдүлөй жаңырыгына жанын берген ырчы кыз жалын болуп кубулуп, андагылардын алдында көз көрүнөө делебени козгогон дене кыймылдарын жасап, музыка ыргактары менен жан кумарына түшүп, карап тургандардын ала деңгилдерин аял коюнуна сала коюп, аларды азыр эстен танар абалга алып барып, а өзү болсо мунун баарын акча үчүн жасап, акча үчүн тагдырын байлап, жер сүзүп ыйынган бульдозердун үнүндөй болгон музыкага периштедей сулуу кыздын күнү түшүп, үнү менен тал чыбыктай денесин берип салгандыгы үчүн арманы ашып жатканын бирөө сезип, бирөө да ойлоп койгон жок. А тигил болсо отургандарга жан кумарына түшүп ырдоо менен каны дүргүп, баарына кайыл болгондордун ызы-чуу түшкөн кол чабууларынын алдында каккан казыктай тик турган Арсен Саманчинди коё бербей, каалаганын жасап жатты. Ал болсо колундагы жан сумкасын кармаган абалында кыймылдабай тура берди, нес кишидей не болорун билбей акыл-эсин жоготкон, ызгаар-бороондо калып кайыкпай, бир кездеги жан биргесин ичтен сагына издеген көздөр бирибирин улам кайра таап жатканына чексиз бактылуу болуп магдырап турган. А тигил да бул учурда мунун баарын сезип-көрүп жаткан.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.