ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Тагдырды карабайсыңбы, мына азыр да андагы абал кайталанмак. А бирок аны көпчүлүктүн көзүнчө колундагы ошондогу сумкасы, анда өзүнөн башка биле элек баягыл залкар чыгармасы менен бул жерден жоготмок болуп жатышат.

Жалгыз бөтөлкө коюлган жайпак табак көтөргөн официант келди.

– Мынакей арак, куюп берейинби? Бокалгабы же стакангабы?

– Стаканга!

– Канча куяйын?

– Толтура куй.

Ал толтура аракты алоолонуп өрттөнүп жаткан түпсүз туңгуюкка куйгансып токтоосуз тартып жиберди. Деми кысылып, маң боло түштү. Ошондон уламбы же... айтор, өзүн өзү өрттөп жибергиси келди.

– Канча берем? – Эсеп кагазын карап жатып кадыресе калбаат сурады да, бир тыйынын калтырбай төлөп, жана бир стакан аракты шарт басып, бою-башын түзөп, өрттөнүп күйүп жатканын эч кимге билгизбөөгө аракеттенип, ошонусу менен тигил официантты да таң калтыра зыңгырап чыгып кетти.

Ал жайдыр-кыштыр шляпачан жүрчү, кийим илгичтен баш кийимин кийди да сыртка чыкты. Айдана аны Шляпачан жигит дечү. Сырткы эшикти жабарда ошо Айдананын үнү артынан шаңдуу жаңырды. Ресторанды жер жарган кол чабуу көтөрүп кетти. Айдананын керемет, ал сагынып, көптөн бери угалбай кусалык оорусуна батырган, бу ааламга бир жолу, бир гана, бир гана жолу ал үчүн гана жаралган керемет үнү жаңырды да, аны жүрөктүн бир кагымында молоташка айлантты. Ресторан өчүп-жанып, анан бир азга бүлбүлдөй калды да: «Айда-на! Ай-да-на!» деп жалбарып жаткандай болду. Ал меймандардын кубаттоосу болчу. Муну бүт тулкусу менен туйган Арсен артына кылчайбастан, сумкасын бекем кармаган бойдон жай кадам таштап, аладеңгил мастыгын араң жеңип: мына сага жашоо жыргалы, жарнама менен моданын жеткен жери, ал үчүн бу тегеректеги болгон инфраструктура кызмат кылат, атак-даңк таанымалдык дегениң азыр самандай сапырылган акчалуу болуу үчүн эле керек болуп калбадыбы деп ой жүгүрттү да, жыргай бергиле, силердин жашооңор акчага гана байланган деп шылдың аралаш кыжырданып жиберди. Анан кайра азыр акчасыз адам адам эмес деп койду. «Эх, эстрада, эстрада, жыргалсың!» – деди да, алдындагы кара жерди как жара тепкиси: «Ха-ха-ха! Мен эч качан унутпайм!» – деп болгон үнү менен каткыра кыйкырып, бийлегиси келди. Бирок өзүн токтотту. Токтотту да, ошо замат негедир ыйлагысы, болгондо да көк асманды солкулдата муңкана боздоп алгысы келди. Анте турган жөнү бар эле. Ооба, өмүр дегендин бир кезеңи соңуна жакындап келет, тагдырына таштай тиер бир балакетти жасап жибербеш үчүн оң жолун таап, көздөн кайым болуп, таптакыр жоголуп кетиши керек.

«Сүйүү жана өлтүрүү! Ушундай да болобу? Ооба, мас болгондо бүт баары болот! Жок, мас болгондо гана эмес, – деп жооп берди ал өзүнө өзү бул ойдон улам бүт денесин муз баскандай болуп. – Сүйүү жана өлтүрүү... өлтүрүү...»

Башы оогон жакка баратып дагы бир ойду таап алды: көр түбүндө жатканда да унутпайм, өлгөндө да кечирбейм...

 

III

Жарык дүйнө жазмышта кимдин бешенесине эмне жазылган? Ошону айтсаң, кимге эмне буйрулган? Жандырмагын Теңирден башка табалгыс бу жазмышың ар дайыма ошондой. Жана да андан жан адам буйтап кеталбайт. Ошо бешенеге жазылган тагдыр табышмагынын жандырмагын күтүүнүн өзү күндөн күндү жаратып турат. Ал сенин тамырыңдын акыркы кагышына, соңку демиңдин чыгышына чейин бир өзгөрбөй кала берет. Бул түбөлүк өзгөрбөс нерсе.

Мына, кайсы бир жактан кайрадан шамал сокту – бул тагдыр, болгондо да өз милдетин эстей калып, адамдардын жашоо-тиргилигиндеги ой-санаасын, жандүйнө жайын, кылык-жоруктарын, айтор, көрүп-билүүгө тийиш болгондордун баарын байкап келүүгө шашылган тагдыр. Ошо тагдыр ушу саам да жазганынан жазылбас иштерине киришип, адатынча алдын ала ойлогону боюнча көктү тиктеп, Теңирдин айткан буйругун өз башынан кечирип, келер күндүн жазганын, кимге эмне болорун, тагдыры кантип кетерин тымызын ичтен даярдап, эмне үчүн, эмнеликтен ушундай болот жана эмне кылуу керек деген чечилмеги чечекейди чеч кылган суроо-талаптарды коюп жатты.

Ооба, шыбырап секин айтсаң да, кыйкырып ыйлап жатсаң да Көк асман деген эч укпайт.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.